Адам укуктары күнүнө карата сынак жарыялайбыз

10-декабрь Адам укуктары күнүнө карата мектеп окуучуларына жана студенттерге “Менин укугум бар!” чыгармачылык сынак жарыялайбыз
Сынактын максаты – жаштардын укуктук маданиятын кѳтѳрүү жана укуктук билимин жогорулатуу.
Кандай сыйлыктарды ута аласыз?
1 орун – Планшет Philips;
2 орун – Фитнес-браслет Xiaomi;
3 орун – Power Bank Xiaomi;
4 и 5 орундар – бизден өзгөчө белектер.
Сынактын шарттары – адам укуктары жөнүндө негизги факттарын чагылткан сүрөт жана ураан,мисалы, “Менин билүүгө укугум бар!”, “Менин сүйүүгө укугум бар!”, “Менин билим алууга укугум бар!” ж.б.
Эмгектердин форматы: калем менен же компьютердик графика колдонулуп тартылган сүрөт, фотоколлаж, макет.
Даяр сынактык эмгектериңизди office@soros.kg почтасына жөнөтүңүз, жана каттын темасына «Конкурс «Имею право!» деп жазууңуз зарыл. Аты-жөнүңүздү, университет/мектеп, класс, шаар, жана байланыш номурларын жазганды унутпаңыз!
3-декабрь сынактык эмгектерин берүү акыркы күнү.
4-декабрда сынактык комиссия 10 мыкты сүрөтүн тандайт, анан биз аны Фейсбуктагы Фонд “Сорос-Кыргызстан” баракчасына жайгаштырабыз. Кайсы сүрөт эң көп «Мне нравится» белгисин чогултса-ошол жеңүүчү деп аныкталат.
11-декабрда жеңүүчүлөр билинет.
Кененирээк бул 0312 663475 (122) телефон аркылуу биле аласыз.
Ийгилик каалайбыз!

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР

Жаңылыктар, Медиа сабаттуулук

Кыргызстандын аймактарындагы ЖОЖ студенттери үчүн укуктук медиасабаттуулук боюнча лекциялар өткөрүлөт
26.09.2018

Жаңылыктар

#DATAсреда
18.09.2018

Жаңылыктар, ЖМК-ны колдоо, Сынактар, Сынактар

СЫНАК: ММКнын аудитория менен өз ара иш алып баруу ыкмаларына колдоо көрсөтүү
13.09.2018