Каракол шаарында жайгашкан “Steps to Success” бейөкмөт уюму 12 мектеп предметтери боюнча 720 видеосабак жаздырып бүтүп, интернетке жайгаштырышты.

Видеосабактар 12 предмет боюнча (Алгебра, Химия, Геометрия, Физика, Астрономия, География, Экономика, Кыргыз, Орус жана Англис тилдери, адабият, Тарых, Биология) 5тен 15 мүнөткө чейинки видео-роликтер. 8-11 класстар үчүн мектеп программасынын негизги темалары камтылган.

Долбоордо Хан Академиясынын стили жана форматы колдонулган. Мектеп доскасынына окшош фондо мугалимдер өз темаларын түшүндүрүшкөн. Сабактар кызыктуу болуусу үчүн мугалимдин үнү, схема, сүрөттөр, карталар бар.

Видеосабактар мектеп окуучулары жана мектепке барбаган окуучулар үчүн кошумча билим ресурсу боло алат.

Видеосабактар интернетке жайгаштырылды. Эми ар бир кызыккан адам каалаган сабактарды акысыз көрө алат. Сабактарды бул сайт аркылуу тапса болот http://bilimkeni.kg/

Долбоордун максаты болуп кыргыз тилиндеги билим берүү ресурстарынын интернетте өнүгүүсү жана окуучуларга жаңы темаларды өздөштүрүүдө көмөк болуу.

Видеосабактар Т.Сатылганов атындагы областтык мектеп-лицейи жана Ысык Көл мамлекеттик университетинин 13 тажрыйбалуу окутуучулары тарабынан жаздырылды.

Видеосабактар Фонд “Сорос-Кыргызстан” тарабынан каржыланды жана “Steps to Success” бейөкмөт уюмунун “Билимкени Академиясы” тарабынан аткарылды.