«Сорос-Кыргызстан» Фонду (ФСК) – эл аралык өкмөттүк эмес жеке фонд – коомдук коомдук институттарды жана жашоонун бардык чөйрөлөрүндөгү жарандык демилгелерди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү аркылуу Кыргыз Республикасында ачык коомду куруу үчүн шарттарды түзүүнү максат кылып алган. Ачык коом төмөндөгүлөрдү туюндурат: жашоонун бардык чөйрөлөрүндөгү ой-пикирлердин эркиндиги жана көп түрдүүлүгү, өнүккөн укуктук мамлекет, социумдун бардык мүчөлөрүнүн өнүктүрүү процесстерине бирдей катышуулары үчүн мүмкүнчүлүктөр.

Фонд дүйнөлүк масштабдагы финансист жана бүткүл дүйнөгө белгилүү филантроп Джордж Сорос жетектеген «Ачык коом» институту тарабынан түптөлгөн. Фонд эл аралык түйүндүн бир бөлүгү болуп саналат, анын катарына дүйнөнүн 31 өлкөлөрүндөгү улуттук Сорос фондулары жана өзүнүн ишмердүүлүгү менен дагы 27 өлкөнү камтыган эки регионалдык фонд кирет.

Фонд өз ишмердүүлүгүн өлкөбүздө 1993-жылы баштаган, ал эми, 1995-жылдын аягында Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинен расмий каттоодон өткөн. Ошол учурдан бери «Сорос-Кыргызстан» Фонду укуктук, билим берүү жана экономикалык реформалар, массалык маалымат каражаттарына, бейөкмөт уюмдарга жана академиялык чөйрөлөргө колдоо көрсөтүү, коомдук саясат, саламаттыкты сактоо жана маданият жаатындагы демилгелерди илгерилетүү боюнча ар түрдүү тармактардагы жарандык демилгелерге туруктуу колдоо көрсөтүүнү улантып келе жатат. Бул демилгелерди каржылоо үчүн өлкөгө Фонд тарабынан 79 млн. АКШ долларынан ашык кайтарымсыз каражат  бөлүнгөн.

Фонддун иши «Сорос-Кыргызстан» Фондунун Байкоочу кеӊешинин жана Ачык коом фонддорунун стратегиялык чечимдери жана сунуштары менен жөнгө салынып, мамлекеттик институттардын, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн турган өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлөт.

 

Программалык артыкчылыктар, максаттар жана стратегиялар:

Азыркы күндө Фонд 7 тематикалык тармакты аныктады жана  өз ишмердүүлүгүн алардын алкагында ишке ашырат.

  • «Коомдук саламаттыкты сактоо» программасы саламаттыкты сактоо кызматтарына болгон теӊ укуктарды калктын аялуу маргиналдашкан катмарлары үчүн камсыз кылууга багытталган идеяларды колдоого алууну максат кылып койгон.
  • Билим берүү программасы атайын билим алууга болгон муктаждыктары бар жана социалдык жактан аялуу катмарлардагы балдар үчүн билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында шарттарды түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Программа, ошондой эле, коомду консолидациялоо борбору катары мектептин ролун чыӊдоо максатында поликультуралык жана полиэтикалык билим берүү чөйрөсүн башкаруу ченемдерин жана каражаттарын илгерилетүүгө көмөк көрсөтөт.
  • Укук программасынын максаты адам укуктарын коргоо чөйрөсүндө эл аралык стандарттарга жооп берген жазык сот өндүрүш системасын реформалоо,  мамлекет кепилдикке алган юридикалык жардам берүү системасын жакшыртуу, кыйноолор жана катаал мамилелер жасалган фактыларды эффективдүү документтештирүү жана иликтөө.
  • «Жарандык катышуу» программасы шаарды туруктуу өнүктүрүү жана бийлик менен коомдун ортосундагы конструктивдүү диалогду түзүүсүнө жарандарды камтуу үчүн жарандык катышууну чыӊдоонун үстүндө иштеп жатат.
  • «Массалык маалымат каражаттарын өнүктүрүү» программасы Кыргызстанда маалыматтык журналистиканы өнүктүрүүнүн үстүндө иш алып барып жатат жана журналистиканын жаӊы форматтарын жайылтуу аркылуу көз карандысыз массалык маалымат каражаттарына колдоо көрсөтөт. Андан сырткары, программа журналисттерге юридикалык коргоо көрсөтүүгө багытталган долбоорлорду колдоого алууну, ошондой эле, бул багыттагы мыйзамдардагы өзгөртүүлөргө көз салууну улантат.
  • Маалымат программасы санариптик берүү, ачык билим берүү ресурстарынын жеткиликтүүлүгү жана улуттук азчылыктардын тилдериндеги маалыматтардын жеткиликтүүлүгү боюнча маселелер сыяктуу үч негизги тармакта маалыматтардын жеткиликтүүлүгү боюнча абалды жакшыртууга умтулат.
  • Изилдөөгө багыттылган гранттык программанын максаты –  коомдук саясатты иштеп чыгуу процессине өбөлгө түзө турган изилдөөчүлөрдүн потенциалын өнүктүрүү жана Кыргызстандагы аналитикалык борборлорду тартуу, аны менен бирге эле, алардын, жарандык коом уюмдарынын жана чечим кабыл ала турган жактардын ортосунда абдан жигердүү кызматташтыкты колдоо болуп эсептелет, анткени кызматташтык жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн жана талкуу боюнча диалогдун сапатын жогорулатуу, изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын тажрыйба жүзүндө колдонуу үчүн маанилүү.

 

Каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо

«Сорос-Кыргызстан» Фонду төмөндөгү критерийлерге ылайык келген долбоорлорго колдоо көрсөтөт:

  • Долбоордо белгиленген мөөнөт аралыгында көрүнүктүү жыйынтыктарга жетишүү перспективасы бар;
  • Долбоор аны башка уюмдардын ишмердүүлүгүнөн айырмаланган принципиалдуу жаӊылыкка ээ;
  • Долбоорду ишке ашыруу каржылоо токтогондон кийин да ишмердүүлүктү улантууга жөндөмдүү болгон жергиликтүү уюмдардын жана топтордун потенциалын өстүрүүгө көмөк көрсөтөт;
  • Долбоорду ишке ашыруу маалында алынган жыйынтыктарды өлкөнүн башка аймактарында колдонууга болот;
  • Долбоор болжолдонгон жыйынтыктарды баалоону жана жайылтууну алдын-ала эске алат;
  • Долбоордун өнөктөштөрү (өкмөт, ӨЭУ) тарабынан долбоордун ийгиликтүү болушун жана үзгүлтүксүз ишке ашырылышын камсыз кылуу үчүн жеткиликтүү кепилдик берилет;
  • Долбоор башка ушуга окшогон долбоорлорго салыштырмалуу артыкчылыкка ээ болуп саналат;
  • Долбоордун алкагындагы иш-чараларды ишке ашыруу үчүн абдан ылайыктуу жай тандалып алынган;
  • Көрсөтүлгөн стратегия каалаган жыйынтыктарга жетишүү үчүн эӊ натыйжалуу каражат болуп саналат;
  • Долбоорду ишке ашыруу процессин башкаруу системасы сапаттуу жана рационалдуу болуп саналат;