Ачык билим берүү ресурстары

Бул багыттын башкы максаты болуп, кыргыз тилиндеги тармактардын билим берүү ресурстарына эркин жана акысыз кирүү мүмкүндүгүн камсыз кылган ачык билим берүү ресурстарын (АБР) өнүктүрүү болуп саналат. АБР билим берүү ресурстарынын бир кыйла кеңейтилген тилкесин түзүү жана биргелешип пайдалануу үчүн жаңы мүмкүндүктөрдү ачат, анда пайдалануучулар үчүн алардын эне тилинде өзгөчө жергиликтүү контентин түзүү абдан актуалдуу.

Жергиликтүү ачык билим берүү ресурстарын түзүү АБРди алга жылдыруу бөлүгүнүндө маанилүү түзүүчү болуп саналат. Өзгөчө жергиликтүү контенттин көпчүлүк саны жалпы пайдалануучулар үчүн жеткиликсиз болуп калууда, ошол эле мезгилде ачык лицензиялоо жергиликтүү тилде санариптик контенттин санын дагы бир нече ирет көбөйтө алмак.

Ушул багытта Фонддун максаты билим берүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган жергиликтүү АБРдин санын жана сапатын жогорулатуу үчүн АБРди түзүүгө, адаптациялоого жана жайылтууга кадимки пайдалануучулардын, китептин авторлорунун, окутуучулардын, иштеп чыгуучулардын жана башка активисттердин катышуусун демилгелөө.

Ачык билим берүү ресурстары, Гранттар, Жаңылыктар

«Ачык билим берүү ресурстарын өнүктүрүү» гранттык сынагы
25.01.2018