2017-жылдын октябрь айынын аягында бир жумалык «Бюджеттик адвокация мектеби» тренинги болуп өттү. Тренинг «Сорос-Кыргызстан» Фонду жана Украинанын эл аралык «Відродження» Фонду менен биргеликте уюштурулган. Тренингте ВИЧ/СПИДдин жана кургак учуктун алдын алуу тармагында иштеген жергиликтүү бейөкмөт уюмдардан 25 өкүлү катышты. Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар бюджеттик адвокациянын негиздери жана аспаптары, медиа-кампанияларды өткөрүү ыкмалары, ошондой эле Европа жана Борбор Азия аймагынан бюджеттик адвокация долбоорлорунун ийгиликтүү мисалдары менен таанышты.

Кийинки кадамдардын бири 2018-жылдан баштап өлкөнүн ар кайсы аймактарында бюджеттик адвокация долбоорлорлорун ишке киргизүү максатында катышуучулардын мини-гранттарын колдоо.

Ошондой эле, тренингдин жыйынтыгы боюнча ар түрдүү сектордон бейөкмөттүк уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен бюджеттик адвокация боюнча окутууларын жыл сайын өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынды.