«Сорос – Кыргызстан» Фонду Жаштар программасынын алкагында Кыргыз Республикасындагы коомдук уюмдар* арасында коомдук мейкиндиктерди шаар тургундарынын жарандык катышуу аянтчасы катары өнүктүрүү боюнча гранттык сынак жарыялайт. 

 

*Коомдук уюм – коомдук бирикме, коомдук фонд же юридикалык жактардын биримдиги тууралуу юридикалык статуска ээ болгон өкмөттүк эмес уюм.

 

1. Сынактын максаты:

Жарандык коом уюмдарынын Кыргыз Республикасынын шаарларында коомдук мейкиндиктерди шаар тургундарынын жарандык катышуу аянтчасы катары өнүктүрүү боюнча социалдык мааниге ээ демилгелерине колдоо көрсөтүү.

 

2. Сынакка катышуу үчүн сунуш кылынган демилгелер бир же бир нече тематикалык багыттардын алкагында жүргүзүлүшү керек:

2.1        Жергиликтүү коомчулуктун, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, ММКнын, ошондой эле коомчулуктун ортосундагы диалогдун жана өз ара иш-аракеттердин жаңы механизмдерин жана формаларын түзүү;

2.2        Коомдук мейкиндиктерди өнүктүрүүгө жаңычыл ыкмаларды киргизүү;

2.3        Экологиялык көйгөйлөрдү чечүү, жаратылышты коргоо боюнча иш-чаралар;

2.4        Коомдук мейкиндиктерди искусство жана маданият каражаттары аркылуу өнүктүрүү;

2.5        Коопсуз жана ыңгайлуу коомдук мейкиндиктерди өнүктүрүү.

 

3. Катышууну каалагандарга жана сынактык билдирмелерге коюлган талаптар:

3.1        Долбоордук сунуштар долбоордук сунуштарды кабыл алуу жана тандоо боюнча жол-жоболорго ылайык толтурулушу керек (бул жобонун 4 бөлүгүн караңыз);

3.2        Долбоор үчүн кошумча каржы булактары каралган учурда долбоорду бирге каржылаган уюм менен түзүлгөн келишимдин (макулдуктун, меморандумдун) көчүрмөсүн чогуу тиркөө керек;

3.3        Бюджеттин каралган суммасы: 5 000ден 20 000ге чейинки АКШ доллары;

3.4        Гранттарды берүүнүн болжолдонгон мөөнөтү: Май, 2016-ж.

3.5        Долбоорлорду ишке ашыруу мөөнөттөрү: 1 жылдан ашпоосу зарыл.

 

4. Долбоордук сунуштарды кабыл алуу жана тандоо жолдору:

4.1        Долбоордук сунуштар  (заявка жана бюджет) гранттык сунуштардын формасына ылайык жазуу жана электрондук түрдө (http://soros.kg/grantovaya-deyatel-nost/osnovny-e-grantovy-e-dokumenty) толтурулушу керек.

4.2        Долбоордук сунуштар кыргыз жана орус тилдеринде ар күн сайын, дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары, 2016-ж. 24-февралга (15:00) чейин кабыл алынат.

4.3        Электрондук түрдө толтурулган заявка жана бюджет сканерден өткөрүлгөн зарыл болгон кошумча документтер менен чогуу applications@soros.kg электрондук дарегине жиберилиши керек, ал эми толтурулган жазуу түрүндөгү формасы зарыл болгон кошумча документтер менен чогуу төмөндөгү дарекке жиберилиши керек: КР, 720040, Бишкек ш, Логвиненко көч, 55-А, «Сорос-Кыргызстан» Фонду, «Коомдук мейкиндиктерди өнүктүрүү» сынагына» деген билдирүү менен бирге.

4.4        Толук толтурулбаган жана көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч жөнөтүлгөн сунуштар кароого алынбайт.

4.5        Аймактардан жазуу түрүндө жиберилген сунуштар курьер аркылуу жиберилиши зарыл же Фондго көрсөтүлгөн мөөнөттө жетиши үчүн почта  аркылуу эртерээк салынышы керек.

4.6        Долбоорлорду тандоо Фонддун Жаштар программасынын Эсперттик комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт.

4.7        Гуманитардык жардам көрсөтүү, социалдык объектилерди куруу, оңдоо же кайра калыбына келтирүү боюнча долбоордук сунуштар, ошондой эле, саясий жана спорттук иш-чараларды өткөрүү боюнча долбоорлор кароого алынбайт.

4.8        Долбоордук сунуштар кайра кайтарылып берилбейт жана рецензияланбайт.

4.9        Сынактын жыйынтыктары тууралуу маалымат сунуш каралгандан кийин 3 (үч) иш күндөрү аралыгында сунуш берүүчүлөргө электрондук почта аркылуу расмий маалымат жиберүү жолу менен билдирилет жана алардан маалыматты алгандыгын тастыктоо талап кылынат. Сынактын жеңүүчүлөрү тууралуу маалымат www.soros.kg сайтына чыгарылат.

 

5. Сынактык сунуштарды баалоо критерийлери:

5.1        Демилгенин алкагында пландаштырылган иш-чаралардын максаттуулугу жана негиздемеси (маселенин актуалдуулугу, маселенин жана аны чечүү боюнча сунуш кылынган жолдордун ортосундагы логикалык байланыштын болушу, демилгелерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын ырааттуулугу, ошондой эле, пландаштырылган иш-аракеттердин негизги идея менен дал келүүсү);

5.2        Сунуш кылынган демилгенин алкагындагы иш-аракеттердин жана/же ыкмалардын жаңычылдыгы;

5.3        Демилгенин жыйынтыгы (сунуш кылынган иш-аракеттер канчалык деңгээлде пландаштырылган максаттарга жетүүгө кепилдик берет; объективдүү убакыт жана каржылык чектөөлөр өңүтүнөн алганда сунуш кылынган иш-аракеттердин реалдуулугу, жыйынтыктарды өлчөө);

5.4        Жыйынтыктардын туруктуулугу (демилгени ишке ашыруудан кийинки узак мөөнөттүү жыйынтыктын болушу, каржылоо токтотулгандан кийин аны улантуунун реалдуулугу);

5.5        Мамлекеттик органдар жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташтыктын болушу (бизнес-сектор менен кызматташтык колдоого алынат);

5.6        Негизделген жана реалдуу бюджет.

 

 

 

Байланыш маалыматтары:

Баглан Мамаев         тел.: (312) 66-34-75 доб.104            baglan@soros.kg

Елена Татаркова       тел.: (312) 66-34-75 доб.146             etatarkova@soros.kg