Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) алдында түзүлгөн  Республикалык медиакоммуникациялар окуу борбору “Сорос-Кыргызстан” фондунун “Маалымат эркиндиги” программасы менен биргеликте “Жергиликтүү телеберүүчүлөрдүн потенциалын жогорулатуу” долбоорунун алкагында “Жаңылыктар алиппеси” аттуу семинарга катышууга сынак жарылайт

Семинар 2014-жылдын 8-12-сентябрь күндөрү КТРКнын Ресурстук борборунда өтөт.

Семинардын программасы:

  • Жаңылыктарды берүү принциптери
  • Маалымат булактары
  • Сюжеттин элементтери жана жанрлар
  • Тартуунун жана монтаждоонун негиздери
  • Видеотизмектер менен иштөө
  • Интервьюнун техникасы
  • Сөз ыгы

     Семинардын окутуучулары – Кыргызстандын телекомпанияларында иштеп, практикалык тажрыйба топтогон жана жаңылыктык журналистика, атайын репортаж, социалдык жарнама жана имидждик тасма  даярдоо  жөнүндө окутууларды өтүү боюнча тажрыйбалуу медиа-тренерлер.

    Сынакка кыргызстандык телерадиокомпаниялардын жаңылыктар бөлүмүндө эмгектенген жаш журналисттер менен оператор-монтажерлор катыша алат.

Семинарга катышуу үчүн атайын каттоо-анкетасынтолтуруп, 2014-жылдын 15-август күнү саат 17:00гө чейин training_center@ktrk.kg  электрондук дарегине жөнөтүңүз.

Семинарды уюштуруу, жол кире жана жатакана акыларын уюштуруучулар камсыздайт. Тамактануу акысынын бир бөлүгүн катышуучулар өздөрү төлөөгө милдеттүү. Толук маалымат үчүн окуу борборунун директору Аделя Лаишевага a.laisheva@ktrk.kg кайрылсаңыздар болот.

Долбоор . Кыргызстандын санариптик берүүгө өтүшүнө көмөк көрсөтүү максатында “Сорос-Кыргызстан” фондунун “Маалымат эркиндиги” программасынын колдоосу менен жүзөгө ашырылууда