Бишкек Ресурстук Борбору «Сорос — Кыргызстан» Фонду тарабынан каржыланат

Бишкек Ресурстук Борборунун негизги миссиясы чет өлкөдө жогорку билим алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат таркатуу, ошондой эле, бардык кызыккан адамдарга консультациялык колдоо көрсөтүү болуп саналат.

 

Бишкек Ресурстук Борбору көрсөткөн кызматтар:

Лекциялар

Борбордо үзгүлтүксүз түрдө лекциялар өткөрүлүп турат.

Консультациялар

Борбордон Европада жана АКШда билим алууга байланышкан суроолор боюнча, ошондой эле, ар түрдүү тесттерге катталуу жана даярдануу тууралуу да жеке кеңеш алууга болот.

Интернет

Борбордун меймандары үчүн АКШдагы жана Европадагы билим берүү системасы тууралуу, билим алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө, каржылык жардам тууралуу ж.б. маалыматты издөө максатында Интернеттен акысыз колдонуу мүмкүнчүлүктөрү бар.

Китепкана

Борбордо АКШ жана Европа университеттери тууралуу 2000ге жакын ар кандай адабияттар, маалымдамалар, TOEFL, GRE, SAT, GMAT ж.б. тесттерге даярдануу үчүн резюме, дил баян жазуу, тесттик материалдар (китептер, аудио кассеталар, CD) боюнча көрсөтмө куралдар бар.

Иш убактысы

9.00 – 18.00  Түштөнүү убактысы 13.00-14.00

Биздин дарек

Кыргызстан, Бишкек шары, 720040

Логвиненко көчөсү 55А

Тел: (996-312) 66-34-75, 66-43-06, 66-42-18

Факс: (996-312) 66-34-48