Интернеттен орус тилдүү www.google.ru деп ачып, маалымат издегенде шак эле http://www.wikipedia деген маалыматтардын акысыз сайты чыгат. Мындай уикипедия (ыкчам интернет-энциклопедия) бүткүл өнүккөн мамлекеттердин тилинде бар жана биздикинен көп, бай. Ал эми кыргыз тилиндеги ошондой ачык жана эркин интернет маалымат кызматы абдан аз болууда. Ошол кенемтени толтуруу үчүн жакында “Сорос Кыргызстан” фондунун маалымат программасы тарабынан эркин энциклопедия – уикипедияны кыргыз тилинде толуктоо боюнча долбоордун алкагында Ысык-Көлдө  кыргыз уикипедиячылардын биринчи республикалык жыйыны өткөрүлдү.

Бул жыйындын негизги максаты – эркин, ачык энциклопедияны түзгөн макалалардын сапатын жогорулатуу, көбөйтүү, толуктоо. Ошондой эле маалыматты, сүрөттү интернетте жайгаштыруу менен аны жасалгалоо, кошумча бөлүмдөрдү түзүү планы жана башка маселелер талкууланды.

Лира Самыкбаева, “Сорос-Кыргызстан” фондунун маалымат программасынын координатору: – 2011-жылы сентябрдан баштап “Сорос”  фонду тарабынан уикипедияны өнүктүрүү үчүн Кыргызстан боюнча беш университетте топторду түзгөнбүз. Алар болсо 1000ден макала жүктөшү керек эле. Ошого ар бир университет уикипедиячылардын уюмун түзүшү керек болчу. Буга Ош, Нарын университеттери, Бишкекте КУУ, Эл аралык университет, Техникалык университет кирген. “Сорос” уикипедияны өнүктүрүүгө салым кошо турган окуу жайларын интернетке  бекер кошуп берген. Бул жыйынга уикипедиянын редакторлору, күйөр­мандары, ыктыярчылар, макалаларды жазган авторлор келишти. Айта кетсем, “Сорос” фонду интернеттеги макалалардын сапатын изилдеп келе жатат. Биздин изилдөөлөр боюнча 2% гана маалымат кыргыз тилинде пайдаланылат экен. Калган 98% макалалар орус жана англис тилинде. Ошол үчүн биз кыргыз тилиндеги маалыматты көбөйтүшүбүз зарыл. Биз аны үчүн сынак да өткөрүүдөбүз.

– Бул биринчи жолу уюшулган шерине. Ал эми уикипедиячылардын жумалыгы быйыл 28-мартта башталган эле. Мына ошол аракеттен бери 3,5 миңге чукул макалалар келип түштү. Уикипедиянын артыкчылыгы – эркин, ачык жана акысыз, эч кандай акы көздөбөгөн энциклопедиялык катмар. Бул жерде энциклопедиялык гана эмес, мультимедиялык маалыматтар да топтолуп жатат. Бизди түйшөлткөнү – эгемен мамлекет болуп, интеллектуалдык корубуз бар болуп туруп, 3 000ден ашык гана макалабыз болуп жатат. Мунун өзү жетишсиздик. Азыркы уюштурулуп жаткан иш-чара да ичине практикалык, стратегиялык жактарды камтыйт. Маселе абдан көп. Сапатсыз, санын гана ойлогон маалыматтарды топтоп салсак, таштанды маалымат болуп калат. Ошондуктан буга жоопкерчиликтүү карашыбыз керек. Жер-жерлерге маалыматтар ыкчам жетпей турган маалда бул жаңы муундун, деги эле баарыбыздын маалымдуулугубузду көтөрмөк. Ошондуктан биз шерине учурунда көйгөйлөрүбүздү талкуулайбыз. Азыр биздин маалыматтын саны жагынан дүйнө жүзү боюнча 145инчи  орунда турабыз. Бул күнү кыргыз тилинде 3771 макала гана бар. Ошондуктан “Атка жеңил, тайга чак” жаштар буга салымын кошушу керек. Ар бир маалыматка бай жараныбыз: “Менин колуман келбейт” дебей, билген маалыматын кошуп турса ишибиз жылмак. Себеби, ар бир макалага ар бирибиздин толуктоо киргизүүгө укугубуз бар. Уикипедияда  энциклопедиянын да жүгү бар, – дейт уикипедиянын кыргыз тилиндеги бөлүгүн өнүк­түрүүгө зор салым кошкон автор, тарыхчы, журналист Тынчтыкбек Чоротегин.

Орозобек Түгөлбаев, уикипедиянын автору: – Өткөн жылы бизге “Айрекс” интернет коюп берген болчу. Ошондон баштап ишибиз тездей баштады. Интернеттеги уикипедия бөлүгүн толтуруу боюнча көп кишилерге кайрылып көрдүм. Бирок, ага көңүл бөлгөндөр аз болууда. Кыргыз энциклопедиясына кирген макалаларды да киргизип койсо эле элибиз бир топ орток маалыматка ээ болмок. Эми биз үзгүлтүксүз иштешибиз үчүн интернетте уикипедиячылардын тобун түзүп койсок жакшы болмок.

Тынчтыкбек Бекташ уулу, уикипедиячы: – Мен да уикипедиянын авторунун биримин. Бул жерде уикипедияга маалымат коюуда тексттердин жасалгаланышына баа бериш керек деп жатышпайбы. Ошол жакка мен мурда көп көңүл бурбаптырмын.

Менимче маалыматтардын көптүгү мамлекеттин коопсуздугун да шарттайт деп ойлойм. Себеби, жаштардын баары интернетти пайдаланууда, маалыматты издөөдө орус же англис тилинде издей башташат. А эгер кыргызча маалыматтар болуп турса жаштар ааламда кыргыз тили менен деле гармониялуу жашаса болот экен демек. Башка тилдин дилине ооп кетишмек эмес деп ойлойм. Анан да биздин уикипедиячылардын айрыкча көңүл бөлчү нерсеси – авторлорунун кээ бир  технологияны колдонуу жагын анча өздөштүргөн эмес, кээ бири технологиясын билсе, макала жаза алышпаганы бар. Алар биригип, бири-бирине жардам бериши керек. Бул шеринеде ушул нерсеге мен айрыкча көңүл бурмакмын.

Бүбү ТОКОЕВА,  “Кыргыз Туусу” 20 декабрь, 2011-жыл.

http://www.kyrgyztuusu.kg/27-/3893.html