КР журналисттери менен ЖМКларынын укуктарынын бузулушуна мониторинг, 2019-жылынын июнь айы

Июнь айында 8 маалымат катталган. Алардын 3сү бул айлардагы саясий кырдаалга байланыштуу ЖМКлардын абалын көргөзөт, 3сүжурналисттер менен ЖМКлардын укуктарынын бузулушу тууралуу кабардар кылат, 2сү журналисттерге жана ЖМКларга каршы кылмыш иштер же аларды кылмыш ишинде күнөөлөө тууралуу маалымат берет.

I. ЖМКлар МЕНЕН ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫН АБАЛЫН АНЫКТАГАН ӨЛКӨДӨГҮ САЯСИЙ, СОЦИАЛДЫК, АДМИНИСТРАТИВДИК ЖАНА УКУКТУК КЫРДААЛДЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

21 июнь, 2019

НТС мурдагы КР Баш прокурору катышкан берүүнү эфирге чыгарбай койду

НТС телеканалы 19-июнда КРнын мурдагы баш прокурору Азимбек Бекназаровдун катышуусундагы “Бийлик сыры” (“Секрет власти”) аталышындагы телеберүүнү эфирге чыгарбай койду.

Телеберүүнүн алып баруучусу Бермет Букашеванын пикиринде, НТСтин журналисттеринде өзүн-өзү чектөө (самоцензура) күчтүү болгондуктан бул берүү обого чыгарылган эмес. Бермет Букашева фейсбуктагы өзүнүн баракчасына Азимбек Бекназаров мамлекеттик бажы кызматыны жетекчисинин мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун учурдагы бийлик өкүлдөрү менен тыгыз байланыштагы иштери тууралу көптөгөн маалыматтарды ачык айткандыгын жазган.

“НТС телеканалы мен алып барган “Бийлик сыры” аттуу телеберүүнүн кезектеги чыгарылышын – Азимбек Бекназаров менен интервьюмду чыгарбай койду. Анда мурдагы баш прокурор учурда эл оозуна алынган Раим-миллион атту инсан тууралу көп нерсеге токтолгон. Мына ошол телеберүүнү обого чыгарбай коюшту. Алардын айтымында, бул берүүдөн кийин миллиондогон сом доо арыздарга дуушар болгулары келбегендиги менен түшүндүрүштү. “Азаттык” бул берүүнү жөн койбостон, эфирге чыгарууну көздөшөт деп ишенем. Журналисттер коомчулугун, жарандык коомдун активисттерин жана медиа уюмдардын өкүлдөрүн бул боюнча өз пикирлерин билдирүүгө, ЖМКлардагы өзүн-өзү чектөөгө каршы күрөшүүгө, ошондой эле бул өлкөдө бардыгын сатып алуу мүмкүн эместигин билдирүүгө чакырам”, – деп жазган Бермет Букашева.

Өз кезегинде НТС телеканалынын башкы директору Миржан Балыбаев бул окуя тууралу төмөндөгүдөй пикирин билдирди:

“Ооба, жетекчи катары мен бүгүн Азимбек Бекназаров катышкан “Бийлик сыры” аталышындагы телеберүүнү обого чыгарууга тыюу салдым. Анткени, 26-мүнөттөн тарта айрым адамдар кылмыш кылган деп күнөөлөнгөн. Бирок алардын бул кылмыштарга катыштыгы сот тарабынан аныкталбагандыктан бул курулай күнөөлөө болуп эсептелет, мындайда НТС расмий түрдө катталган ЖМК катары, сот тарабынан далилденбеген оор кылмыштар боюнча күнөөлөөлөрдү обого бере албайт. Телеканалдын жетекчиси катары обого чыгарбоо тууралуу кабыл алган чечимим юридикалык жактан туура деп эсептейм. Менин бул кадамымды юристтер жана медиаэксперттер туура көрүшөт деп эсептейм”, – деп билдирди өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында Миржан Балыбаев.

Баса, белгилей кетүүчү жагдай, бул окуя жакында эле болуп өткөн Раимбек Матраимовдун Кыргызстандан миллиондогон акчаларды өлкөдөн чыгарып кеткен деген шектүү ойду жараткан журналисттик иликтөөнүн натыйжасынан келип чыккан. Жыйынтыгында, мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаровдун катышуусундагы “Бийлик сыры” аталышындагы телеберүү “Азаттыктын” сайтында жарыяланды.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер»
 КБнын Чүй областы жана Бишкекшаарыбоюнча өкүлү

 25 июнь, 2019

Нарында журналисттик иликтөөлөргө кызыккандар дээрлик жок

Нарын областында журналисттик иликтөө жасаган калемсапчылар дээрлик кездешпейт. Азаттык үналгысынын өз кабарчысы Мирлан Кадыров бир курдай далалат кылганы менен андан ары иликтөө жасагандан көңүлү калган.

Ал “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолору” берүүсү үчүн атайын белсенип курулушу башталып келип эле токтоп калган Жогорку Нарын суу электр бекеттеринин (ЖНСЭБ) курулушу тууралуу иликтөөнү баштаган.

Дээрлик бир ай убактыны талап кылган иликтөөдөн кийин “Сыздаган СИМИ ДОО” аталыштагы макаласын жарыялайт. Анда бир гана бетон заводунун курулушу иликтенген. Аталган компания ЖНСЭБ үчүн керектүү жабдыктарды Сербиядан курулуш курулчу жерге, Нарындын Дөбөлү жана Орток айыл аймактарына алып келишкен. Бирок СЭБ курулушу токтоп, акыры алар алып келген баалуулуктарын кайтарып алууга белсенишет. Ошондо алар көп тоскоолдуктарга тушугушат. Акыры соттук жараян жүрөт.

“Мына ушуларды иликтөөдө, материал топтоодо өтө көп кыйынчылыктарга тушуктум. Айрыкча мамлекеттик бийликтен маалымат алуу көкөйгө тийди”, – дейт М.Кадыров.

Ал 28 мүнөттүк журналисттик иликтөө тасмасын жаратуудан кийин жаңы иликтөө жасаганга көп батынбай калды.

“Турмуш” сайтынын кабарчысы Кенжебай Кыдыров журналисттик иликтөөдөн оолак эле болгондугун жашырбайт.

“Бизде, биринчиден, журналисттик иликтөө деген жок. Анткени ал оор жумуш. Экинчиден, иликтеймин деп өзүң илинип калышың мүмкүн. Себеби,Нарында баары тааныш болгондуктан чыныгы маалыматтарды алуу кыйын жана айрым адамдар атайылап жалган маалымат берип, кийин танып кетиши мүмкүн. Ошондуктан мен иликтөө жасабаймын”, – дейт К.Кадыров.

Ал эми өз ысымын жашыруун сактагысы келген жергиликтүү тажрыйбалуу кабарчынын пикиринде, аймактарда эч качан журналисттик иликтөөлөргө оңой менен жол берилбейт.

“Бизде баарысы жетекчиликке байланыштуу. Маселен, жумалап маалымат топтоп, кашаң атча баспай калгычакты иштеп, аны редакторго алып келсең, окуп туруп: “Муну жөн эле коёлучу”,  деп чыгарттырбайт. Анткени ал материалда шефтин жакын санаалашы тууралуу кеп болуп жаткан болот. Ошондуктан өз алдыңча иштөө деген бизде жок”, – дейт ал.

Күмөндөр Усуптегин,
“Журналисттер” КБнын Нарын областы боюнча өкүлү

 28 июнь, 2019

Али Токтакунов иликтөөнүн экинчи бөлүгү коомчулукка сунушталгандан кийин, иликтөөгө байланыштуу кагаздарды каржы полициясына өткөрүп берет

“Азаттык” радиосунун кабарчысы Али Токтакунов Матраимов тууралу экинчи иликтөө соңуна чыккандан кийин тийиштүү кагаздарды каржы полициясына өткөрүп бермекчи.

Бул тууралуу учурда Прагада иш сапар менен жүргөн “Азаттык” радиосунун өкүлү Токтакунов “Журналисттер” КБге билдирди. Ал өз сөзүндө төмөндөгүлөргө токтолду: “Алгачкы журналисттик иликтөөдө көрсөтүлгөн кагаздар, Каржы полициясына өткөрүлүп берилди. Кагаздардын экинчи бөлүгү да даяр болуп калды. Аты аталган күч түзүмүнүн кызматкерлеринде редакциянын дареги, телефон номурлары бар. Алар кайрылып, алып кетишсе болот. Ал эми кагаздардын үчүнчү бөлүгү менен учурда иштеп жатабыз. Паракорчулук тууралу иликтөөбүздүн экинчи бөлүгү коомчулукка сунушталгандан кийин аны биз тергөө кызматтарына берүүгө даярбыз”.

Эскерте кетсек, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (ЭККМК) “Азаттык” радиосунун кабарчысы Али Токтакуновго анын журналисттик иликтөөсүндө айтылган, бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун өлкөдөн чыгарып кеткен 700 миллион доллардын банктык кагаздарын тергөөгө өткөрүп берүү тууралу расмий түрдөгү ачык кат менен кайрылышкан.

ЭККМК “Мурдагы мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары Матраимовдун коомчулукка жарыяланган материалдагы фактыларын иштин жагдайына жараша жана акыйкат тергөө жүргүзүү үчүн” талап кылат. Ошондой эле “Азаттык” радиосунун кабарчысы Али Токтакуновдон тергөөнүн жүрүшүнө зарыл делген банк кагаздарын алуу боюнча Биринчи май райондук соту 13-июнь күнү расмий түрдө чечим чыгарган.

“18-июнда ЭККМКнын тергөөчүлөрүнө айтылган материалдардын бир гана бөлүгү келип түшкөн: алар 4 миллион долларга тиешеси бар төлөм кагаздары. Журналисттик иликтөөдөгү видео сюжетте көрсөтүлгөн, чыгарылып кеткен делген 200 млн долларга тийиштүү банк кагаздары ушул күнгө чейин тергөөчүлөргө өткөрүлүп бериле элек. Бул болсо тергөө иштерине жана кайсы бир чечимди чыгарууга өз залакасын тийгизип жатат. ЭККМК журналист Али Токтакуновду өз милдетин аткарууга жана мыйзамда көрсөтүлгөндөй тергөөчүлөргө көмөк көрсөтүүгө чакырат. Бүгүнкү күнү кызмат тарабынан тийиштүү штер жүргүзүлүп, эбегейсиз көп документтер талданып жатат. Жакынкы аралыкта, бул иштин алгачкы жыйынтыктары элге сунушталат”, – деп айтылат ЭККМКнын билдирүүсүндө.

“Азаттык” радиосу өз кезегинде, 29-майда коомчулуктун назарына сунушталган “Кыргызстандан чыгарылган миллиондогон долларлардын изи менен” деген аталыштагы журналисттик иликтөөдө козголгон маселелер боюнча ЭККМК менен тыгыз байланышта иш алып барып жаткандыгын расмий түрдө билдирди.

“Азаттык медианын” жетекчиси Айзада Касмалиеванын айтымында, иликтөөдө көрсөтүлгөн айрым кагаздар расмий түрдө аталган ведомствого 18-июнь күнү тапшырылган, иликтөөнүн кийинки бөлүктөрүндө пайдаланылган кагаздар болсо 27 июнда өткөрүлгөн.

Институт Медиа Полисинин медиа юристи Акмат Алагушевдин айтымында, мамлекеттик бийликтин, болгондо дагы аткаруу бийлигинин курамына кирген ЭККМКнын мындай кадамга барышын туура эмес деп баалады. “Журналисттер маалымат булагын ачыктайбы, ачыктабайбы ал өзүлөрүнүн эрки. Бизде болсо тескерисинче, мамлекеттик органдар маалыматты ким бергенин билүүгө аракеттенип жан үрөп, чукуй башташат. Биздин мыйзам боюнча, журналист өзүнүн мааылмат булагын ачыктабаганга толук укуктуу”, – деп баса белгиледи.

Медиа юрист “Азаттык медиа” өтө этият болушу керектигин белгиледи. “Азыркы маалда өтө этият болуу керек. Аягында бардыгын Али Токтакуновго оодарып салышпаса болду. Андыктан, мыйзамдын чегинде гана иш алып баруу зарыл. Тилекке каршы, бизде дайыма эле андай боло бербейт” – деп сөзүн жыйынтыктады Меди Өкүл.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй областы жана Бишкек ш. боюнча өкүлү

II. ЖУРНАЛИСТТЕР МЕНЕН ЖМКлардын ЖАНА ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫН УКУКТАРЫНЫН БУЗУЛУШУ

Коомдук маанидеги маалыматты берүүдөн негизсиз баш тартуу же чектөө киргизүү

6 июнь, 2019

Премьер-министр өкмөттүн Чүй областындагы өкүлүнүн жүрүм-турумун караштырат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев журналисттерге орой мамиле кылган Өкмөттүн Чүй областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун жүрүм-турумун караштырмат.

Эскерте кетсек, Орок айылындагы чыр-чатак учурунда Т.Абдраимов журналисттине суроосуна сенин жүзүң мага жакпай турат деп жооп берүүдөн баш тарткан. Ал мамлекеттик «Ала-Тоо-24» каналына гана пикирин айта тургандыгын билдирген.

Бүгүн бир канча ЖМКлардын өкүлдөрү Туйгунаалы Абдраимовдун кызматынан кетишип талап кылыш үчүн ыйгарым өкүлчүлүктүн имаратынын алдында чогулушту. Ыйгарым өкүл менен жолугушуу үчүн журналисттер анын кабинетине барышкан. Т.Абдраимов өз жумуш ордунда болчу, бирок пресса менен жолугушуудан баш тартып, өз кабинетинде жашынып отуруп алган. ЖМК өкүлдөрү кабинетинин жанында 20 мүнөттөй турушкан, бирок өкүл аларга чыкпады.

Ошентсе да кийин Т.Абдраимов журналисттер менен өкүлчүлүктүн акты залында жолугушту.

Бирок аткаминер журналисттин алдынан кечирим суроодон баш тартты. “Ал менден кандай сураса, мен ага так ошондой жооп бердим”, – деп түшүндүрдү Т.Абдраимов өзүнүн жүрүм-турумун. Андан сырткары, аны жумуштан кетирүү тууралуу талапты ал чагымчылдык деп баалай турганын билдирди.

ЖМКнын өкүлдөрү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевден аткаминерге карата чара көрүп, аны кызматтан алууну талапы кылышууда.

«Премьер министр Мухаммедкалый Абылгазиев жогорку даражадагы аткаминер менен журналисттин ортосунда ушундай окуя болгонуна өкүнөөрүн билдирди, анткени бул окуя бүткүл аткаруу бийлигине көө сүртүп жатат», – деди министрлер кабиненинин басма соз катчысы Адилет Султаналиев.

Ал кошумчалагандай, Өкмөт башчы мамлекеттик органдардын жетекчилеринен ачык-айкын иштешин дайыма талап кылып келет. Ушундай таризде иш алып барган күндө гана бийликке жана анын кылган иштерине элдин ишеними пайда болоорун премьер дайыма белгилеп келет.

«Коомдогу көйгөйлүү маселелерди көтөрүп келген журналисттер менен иш алып барууда бул өзгөчө маанилүү. Ушундан соң, чатактын чоо-жайы менен жакшылап таанышкандан кийин Мухаммедкалый Абылгазиев Туйгунаалы Абдраимовдун жүрүм-турум боюнча чечим чыгарат”, – деп кошумчалады А.Султаналиев.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй областы менен Бишкек шаары боюнча өкүлү

Комментарий:

Орок айылына байланыштуу чыр-чатак коомдук мааниlеги окуя. Өкмөттүн өкүлү өзү окуя болгон жерге баргандыктан, журналисттер анын өзүнөн керектүү маалыматты алууга укугу бар болчу. Аткаминердин айткандары мамлекеттик кызматкердин этикалык нормаларын бузуу болуп саналат, ал эми анын маалыматты берүүдөн баш тартканы – бул мыйзамды бузуу. «КРмамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» мыйзамдын 4-беренесине ылайык, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын иштери ачык, айкын жана маалымдуу болуп саналат. Жеткиликтүүлүгү чектелүү маалыматтарга мамлекеттик сырлар жана купуя маалыматтар кирет. Жогоруда аталган мыйзамдын 21-беренеси боюнча, “мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын басма сөз кызматтары, жана ошондой эле элди маалымат менен камсыздоо иштерине жоопкерчиликтүү кызматкерлер ЖМКлардын редакцияларына маморгандардын жана ЖӨБОнун иштери жана чечимдери тууралуу маалыматты берип турууга милдеттүү”. Ушул нормалар бузулган.

21 июнь, 2019

“Кыргызнефтегаз” ААК маалыматка жетүү укугун бузду

Жалал-Абаддагы “Контент-медиа” коомдук фондусунун директору, журналист Жалил Сапаров Жалал-Абад областынын прокурору Айбек Турганбаевге “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы Рашит Бостоновдун үстүнөн арыз менен кайрылды.

Арызда аталган коомдук фонддун “Кыргызнефтегаз” ААК тарабынан өндүрүлгөн мунай каражаттарынын уурдалышы боюнча журналисттик иликтөөсү үчүн берилген кат жүзүндөгү суроо-талабына аталган компания мыйзамдуу мөөнөттө жооп бербегендиги, ошентип журналисттердин маалыматка жетүү эркиндиктери жана укуктары бузулганы көрсөтүлгөн.

Тактап айтканда, “Контент-медиа” КФ тарабынан 2019-жылдын 27-майында “Кыргызнефтегаз” ААКнын жетекчиси Р. Бостоновго кат жолдонуп, анда 2016-18-жылдардагы өндүрүлгөн мунай каражаттарынын көлөмү, мунай каражаттары жөнөтүлгөн өнөктөш компаниялар жана аларга жөнөтүлгөн мунай көлөмү, уурдалган мунай каражаттарынын көлөмү тууралуу маалыматтар суралган.

Бул кат жүзүндөгү суроо-талап “Контент-медиа” КФнын журналистти тарабынан “Кыргызнефтегаз” ААКнын маалыматтык байланыш адисине берилген жана ал алгандыгын кол тамгасы менен тастыктаган. Бирок, мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө “Кыргызнефтегаз” ААК суроо-талап боюнча мыйзамдуу мөөнөттө маалымат берген жок. Аталган компаниянын маалыматтык байланыш адиси менен байланышканда, ал ооруп калганын айтып, жоопту эми жөнөтүшөрүн билдирди.

Журналист Ж. Сапаровдун айтымында, “Кыргызнефтегаз” ААК өлкөдөгү маанилүү нефть жана газ тармагына тиешелүү ири компания, андагы өндүрүштүк жана башка маалыматтар жалпы коомчулук үчүн маанилүү болуп саналат. Ошондой эле нефть продуктыларынын уурдалышы ого бетер маанилүү эсептелет. Ал эми компаниянын тийиштүү адиси ооруп калганы мыйзам бузууга жүйөлүү себеп боло албайт, анткени кат компаниянын жетекчисинин атына жөнөтүлгөн.

Ж. Сапаров арызда Жалал-Абад областынын прокурору А. Турганбаевден журналисттердин бузулган укуктарын калыбына келтирүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарбаган компанияга карата мыйзамдуу чараларды көрүү өтүнүчүн билдирди. Областтын прокурору арызды кабыл алып, мыйзамдуу аракеттерди көрө тургандыктарын убада кылды.

Комментарий:

“Кыргызнефтегаз” ААК мамлекеттик үлүшү бар акционердик коом болуп саналат. «КРмамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» мыйзамга ылайык, кат түрүндө келип түшкөн суроо-талапка жооп даярдоого эки жума убакыт берилет. Эгерде аталган мөөнөттө жоопту даярдоого мүмкүн болбосо, суроо-талап берген тарапка бул тууралуу себебин түшүндүрүү менен билдирилет. Узартылган мөөнөт эки жумадан ашпашы керек. Суроо-талапка жооп бербөө, же мөөнөттүү узартуу тууралуу билдирүүнүн жоктугу суроо-талапка жооп бербөө чечими катары бааланат.

 Жарыяланган айрым маалыматтарга байланыштуу ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделди коргоо боюнча талаптар

18 июнь, 2019

Экс-омбудсмен «Апрель» телеканалы менен соттошмокчу

Мурдагы омбудсмен Турсунбек Акун “Апрель” телеканалынан моралдык компенсация катары 500 миң сом өндүрүүнү көздөп жатат.

Бул тууралу “Журналисттер” КБге Турсунбек Акун өзү айтып берди. Ошондой эле мурдагы акыйкатчы Октбярь райондук сотуна “Менин ар-намысыма шек келтиргендиги үчүн” деп экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата дагы доо арызы менен кайрылган. Ал өз доосунда мурдагы өлкө башчысынан моралдык зыянды компенсация кылуу үчүн 100 миң сом талап кылууда.

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө Азиз Батукаевди бошотууга 100 миң америка долларын алган деп, анын аброюна шек келтирген.

“Бул жалган жалаа. Ошол үчүн мен сотко кайрылып жатам. Балким, Атамбаев үчүн бул 100 миң америка доллары анча көп деле эмес акча болушу мүмкүн”, – деп белгиледи өз сөзүндө Турсунбек Акун.

Буга кошумчалай Турсунбек Акун 8-июнда өткөн митингде Алмазбек Атамбаевдин эл алдында чыгып сүйлөп, Трусунбек Акун пара алган деген билдирүүсүн тараткандыгы үчүн жана да “Апрель” телеканалынын кабарчысы Канат Каниметов даярдаган сюжетте мурдагы акыйкатчы акча алган деп белгилегендиги үчүн “Апрель” телеканалын дагы сотко берүүгө камынып, ал жактан 500 миң сом өндүрүүнү талап кылууда. “Бирок, эгер “Апрель” телеканалы расмий түрдө төгүндөө бере турган болсо, анда мен ошол эле замат өзүмдүн доо арызымды кайтарып алам”, – деп билдирди доогер.

Турсунбек Акун “Журналисттер” КБга сөзүндө учурда “Апрель” телеканалына карата доо арызды камдап койгонун, жакында Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна аны берүүгө даяр экенин белгиледи. Доо арызды эки жума мурда эле берген болчу. Бирок доогерге доо арыздын айрым жерлерин оңдоп түзөтүү керектигин айтышкан. Ал оңдоолорду киргизүүгө мүмкүндүк болбоду, ошондуктан экс-акыйкатчы журналисттерге каршы жаңы доо арыз менен сотко кайрылууну көздөп жатат.

Ал өз сөзүндө, сотту утуп калса, моралдык компенсациядан өндүрүлчү каражатты каякка жумшаары менен дагы бөлүштү:

“Ал каражатты мен кайрымдуулукка жумшайм. Балдардын интернат-үйүнө берем. Бул акчаны өзү колдонуп жатат деген соз болбошу үчүн мен бул акчаны жумурай журттун алдында бермекчимин” – деп белгиледи Турсунбек Акун.

“Апрель” телеканалынын башкы директору Дмитрий Ложниковдун билдирүүсүндө, аларга соттон чакыруу келе элек.

Биз, биринчи кезекте, доо арызда эмнелер камтылганын көрүшүбүз керек. Биздин канал аркылуу көрсөтүлгөн берүүдө ага эмне жакпай калганын карап, талдап чыгышыбыз зарыл болот. Албетте, биз соттошобуз. Баса, белгилей кетүүчү жагдай, ошол маалда экс-президенттин сүйлөгөнүн биз эле эмес, башка ЖМКлар жана телеканалдар дагы көрсөтүшкөн. Албетте, телеканал кандайдыр бир деңгээлде Атамбевге таандык, балким ошону үчүн бардыгы бизге каршы болуп жаткандыр. Бул Атамбаевдин бир интервьюсундагыдай болуп, аны биз менен кошо башка телеканалдар дагы көрсөтүшкөн, бирок жыйынтыгында доо арыз биздин гана дарекке келип түшкөн”, – деп билдирди телеканалдын жетекчиси.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй областы менен Бишкек шаары боюнча өкүлү

Комментарий:

КР Конституциясынын 29-беренеси боюнча ар бир адам ар-намысын жана кадыр-беркын коргогонго укуктуу. КР Жарандык кодексинин 18-беренесине ылайык, жаран өзүнүн ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды, ал эми юридикалык жак өзүнүн ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды төгүндөөнү сот аркылуу талап кылууга укуктуу. Мындай маалыматтарды төгүндөө менен катар алардын жайылтылышынан улам келтирилген зыяндардын жана моралдык зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу. Доогердин 500 миң сом өлчөмүндө моралдык зыяндын ордун толтуруу талабы аң сезимдүүлүктүн жана акыйкаттуулуктун талаптарына туура келбейт, бирок ал мыйзамдуу талап болуп эсептелет, анткени, моралдык зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүнө чек коюлган эмес.

III. КОНФЛИКТТЕР. ЖУРНАЛИСТТЕРГЕ, ЖМКларга ЖАНА ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРГА КАРАТА КҮНӨӨЛӨӨЛӨР

Журналисттерге, алардын үй бүлөлөрүнүн мүчөлөлөрүнө, ЖМКлар менен Интернет-басылмалардын объектилерине кол салуу

27 июнь, 2019

Экс-президенттин Кой-Таш айылындагы үйүндө журналистке кол салып, аны резиденциянын аймагынан чыгарып коюшту

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндө “NEXT TV” телеканалынын кабарчысы Жоодар Бузумовго кол көтөрүү болуп, аны резиденциянын аймагынан чыгаруу аракети болду.

Экс-презиенттин резиденциясында жайгашкан “Элдик штабдын” катчылыгы “Журналисттер” КБга чындыгында ошондой окуя катталгандыгын тастыктады. Белгилей кетүүчү жагдай, Алмазбек Атамбаевдин резиденциясынын алдында бир нече күндөн бери анын тарапташтары чогулуп, экс-президенттин кол тийбестиги менен экс-президент деген макамын алып салышкандыгына учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен Жогорку Кеңешке сын пикирлерин билдиришүүдө.

КСДП партиясынын өкүлү Мээрбек Мискенбаев кабарчыга байланыштуу окуяны түшүнбөстүктөн болгонун билдирди: “Биз ал кабарчыдан кечирим сурадык. Жаш балдар анын кабарчы экенин билишкен эмес. Кабарчыны негедир чагымчы катары кабылдашыптыр. Себеби, бул жерде арабызда атайын кызматтын балдары кошо жүрүшөт. Алар бул жердегилерди экиге бөлүү аракетин кылып жатышат. Эми биз бул маселени колго алдык. Буюрса, бул багытта өз ишибизди күчөтөбүз. Ал эми кабарчыдан, дагы бир ирет кечирим сурайбыз”.

«NEXT TV» телеканалынын кабарчысы Жоодар Бузумов кесиптештерине ал кезде коомдук тармак аркылуу резиденциянын аймагындагы болуп жаткан көрүнүштөрдү түз обо аркылуу көрсөтүп жатканын билдирди.

“Мен тасмага түшүрүп жатканда эки жаш бала келди. Экөөн тең олбурлуу, бойлуу балдар экен. Алар келип эле колу-бутумду кайрып, толгоп башташты. Алар мен ким экенимди сурап дагы коюшкан жок. Колдон алып сүйрөп барып эле, дарбазадан чыгарып салышты. Бирок ошол маалда, мени тааныган КСДП партиясынын мүчөлөрү көрүп калып, ал жигиттерди токтотушту. Партиянын өкүлдөрү кечирим сурашты, буга көп деле териккен жокмун”, – деп билдирди кабарчы.

Мындан сырткары башка ЖМКнын мүчөсү дагы ушундай кырдаалга кабылган. Ал “Govori.TV” интернет-телевидениясынын оператору. Ал оператор кесиптешин колу-буттан алып, жулкулдатып жаткан учурду тасмага түшүрүп алууну көздөгөн. Ошол маалда аны дагы кармап алышып, тарткан тасманы көрсөтүүнү талап кылышып, жулкулдатышкан. Бул окуяны “Govori.TV” интернет телеканалынын жетекчиси Кайыргүл Урумканова “Журналисттер” КЬга тастыктады. Анын айтымында, бул окуя боюнча анын кызматкеринен эч ким кечирим сураган эмес.

Жоодар Бузумов, ак үйдүн алдында болуп өткөн Кытайлыктарга каршы митинг учурунда дагы милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, бирок кийин кайда иштей тургандыгын жана жашаган жерин тастыктаган соң, кайра кое берилген. Ошондо “Супер-Инфо” гезитинин жамааты Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын алдында көпчүлүк аралашкан окуяларды чагылдырууда жүргөн журналисттерге этият мамиле кылууну талап кылып чыгышкан. Өз кезегинде, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү журналисттерден кечирим сурашты.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй областы жана Бишкек шаарындагы өкүлү

Комментарий:

Мейли бул митингби, же адамдар көп катышкан башка иш-чараларбы, ушуга окшош иш-чараларды чагылдырууда басма сөз кызматкерлери менен күзөтчүлөрдүн ортосунда чыр-чатактардын болушу өтө ыктымал. ЖМК кызматкерлери мындайда алар журналист экенин көрсөткөн жилеттерди кийиши керек. Бул өзгөчө эч кандай аккредитациясыз жана уруксатсыз бирөөнүн жеке менчик аймагында жүргөндө маанилүү.

Журналисттерге, ЖМКларга жана интернет-басылмаларга карата коркутууулар

25 июнь, 2019

Журналисттин ишмердигине байланыштуу коркутуулар

Журналисттер арасында жүргүзгөн сурамжылообузда алардын бир катары ишмердигине тоскоолдуктар болуп жатканын баса белгилешти. Көбүнчө даярдалган материалды эфирге чыгартпоо үчүн кадыр-барктуу кишилерди ортого салып суранышса, айрым учурда телефон аркылуу опузалоолор кездешет. Мындайда журналисттин коопсуздугу башкы орунга чыгат. Анткен менен, Ош облусунда коопсуздугун коргоо үчүн укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган журналисттер боло элек.

Опузалап телефон чалуулар

«Нур ТВ» телеканалынын кабарчысы Даткабек Шабданбеков журналисттердин даярдаган материалдарын эфирге берүүгө тоскоолдуктар көп эле болуп келатканын белгиледи:

«Дос-жар, куда-сөөк, жөнөкөй жарандан депутаттарга чейин телефон чалдырып, маалыматты чыгартпоо айласын кыла беришсе, журналистика тармагынын, ЖМКнын эле кадыр-баркы кетет»,- дейт Д.Шабданбеков.

Ал онкологиялык ооруканадагы дарылоого жана операцияга делген төлөмдөр тууралуу бейтаптардын жакындарынан интервью алып, бул маселени коомчулукка алып чыгууга аракет кылган. Бирок, бул теманы көмүскө калтырууну сурап, тааныш-бейтааныш адамдар ортого түшкөн. Ошондой эле ага коркутуу мүнөзүндөгү телефон чалуулар да болгон.

«Жашыруун номерден чалып, «Эртеӊ шаарда басып жүргөндөй бол», «Биздин укуругубуз узун», «Эки жагыӊды карап жүр» деген сөздөр айтылды. «Коомду сенден да кыйындар оӊдой албай жатат…» деген сөздөрдү айтып, психологиялык жактан басмырлоого аракет кылышты. Журналистикага жаӊы аралаша баштаганда мындай телефон чалуулар болгондо коркчу элем. Эми көнүмүшкө айланып калды», – дейт «Нур ТВ» телеканалынын журналисти Д.Шабданбеков.

Ал эми «Ынтымак Медиа» телеканалынын журналисти Жусупбек Кошмат уулу жакында Кара-Суу районундагы бир мектептин директору окуучулардан мыйзамсыз түрдө акча жыйнагандыгы жөнүндө телесюжет даярдаган. Эфирге кеткен ошол материалга байланыштуу Жусуп чуулуу окуяга туш болду.

«Белгисиз бирөө телефон чалып, ошол мектепке жолугууга чакырды. Ал мектеп директорунун баласы экен. Атасын коргоо үчүн мага орой сүйлөп, биз тополоӊдошо кеттик. Милиция келип, бизди арачалады. Анан өз ара сүйлөшүп, ымалага келдик. Директор жана анын акча чогултканына каршы болгон эл элдешти», – деди Жусуп Кошмат уулу. Буга чейин да «Эфирге чыгарсаӊ сотко беребиз», «Башкача сүйлөшөбүз» деген опузалап телефон чалгандар болгонун Ж. Кошмат уулу кошумчалады.

Комментарийдин айынан

«Ош ТВ» телеканалынын кызматкери Адыл Акжол уулу журналисттик ишмердик менен бирге эле блогер катары өзүнүн YouTube каналын иштетет.

«Биздин телеканалдын саясатына туура келген материалдар ТВ аркылуу берилет. Ошондой эле жеке YouTube каналыма коомдук маанилүү башка пикир, көз караштарды да жайгаштырам. Эптемей, көӊүл ача турган нерселерди киргизбейм. Жумуштан сырткары видео кайрылууларды, блогдорду даярдап жайгаштырам»,- деди Адыл. Анын YouTube каналынын 260 миӊге чукул көрөрманы бар.

YouTube каналга жарыяланган айрым материалдарды алып таштоосу үчүн аттуу-баштуу кишилерди, аксакалдарды ортого салгандар болуп жатканын Адыл Акжол уулу айтып өттү:

«Журналисттердин ишмердигине тоскоолдуктар көп. Мисалы, кайсы бир материалды өчүрүп кой деп сурангандар болот. Эгер өчөшүп калса, фейк-аккаунттарды ачып, туура эмес маалыматтарды жаадырышат. Айрымдары «Ошондон нан таап жатасыӊ», «Тыйынын берели, өчүрүп кой» дешет. Тыйынын албай эле, өчүрүп коем».

Жакында, Гүлшайыр Садыбакасовага карата басма сөз жыйынында айтылган пикир жарыялангандан кийин Адыл Акжол уулуна WatsApp аркылуу орой СМС-кабарлар келе баштаган.

«Россиялык номер аркылуу чалып, мага ошол маалыматты өчүрүп кой деп жаман сөздөр менен кайрылышты. Ал маалымат алынып коюлгандан кийин да орой мүнөздөгү СМС-кабарларды жазып жатышат», – деди «Ош ТВ» телеканалынын журналисти, блогер Адыл Акжол уулу.

Жакында болсо, «Ынтымак Медиа» телеканалынын кабарчысы Рамазан Абдуваитовго түнкүсүн белгисиз бирөөлөр телефон чалып, жолугушуп сүйлөшүүгө чакырган. Алар Рамазан даярдаган «Эреже+» программасынын бир көрсөтүүсүн «Ынтымак ТВнын» YouTube каналынан алып таштоону талап кылышкан. Ал көрсөтүү 450 миӊ жолу көрүлгөн.

«Бир ай мурда автоунаасын туура эмес жайда парковка кылгандар боюнча көрсөтүү даярдагам. Ошол көрсөтүүдөн кийин ал жай автоунаа кирбей турган болуп тосмолонду. Мага телефон чалгандар менен түндө жолугуп сүйлөштүм. Алар видеодогу аял жөнүндө жаман комментарийлер жазылганы үчүн ал видеону өчүрүп коюуну айтышты»,- деди Рамазан Абдуваитов.

Журналистке улам телефон чалуулар боло бергенден кийин редакция ал видеону утурумдук жаба турууну чечкен.

«Бул чечим редакциянын саясатына туура келбейт. Бирок, кызматкерибиздин коопсуздугу үчүн ал материалды убактылуу жаба турдук», – деди «Ынтымак Медиа» телеканалынын программалык директору Асанбек Каракозуев.

Арыз жазгандар боло элек

Ош облусундагы ЖМКлардын басымдуу бөлүгүндө даярдалып жаткан материалдардын укуктук жагына көз салып, тобокелдиктерди азайтуу үчүн иштеген атайын укуктук адистери жок. Журналисттердин ишмердигине тоскоолдуктар, аларга опузалап телефон чалуулар болуп жатса да, Ош облусунда өз коопсуздугун укуктук жактан коргоо үчүн тийиштүү органдарга арыз жазгандар боло элек.

Медиа Полиси Институтунун юристи Акмат Алагушевдин пикиринде, ар бир журналист ишине кесипкөй мамиле кылышы керек. Эгер ал даярдаган материалын эфирден же каналдан кайра алып таштаса, анда ал материал даярдаган эмес десек болот.

«Эгер журналисттин ишмердигине байланыштуу коркутуулар болсо, ал журналист арыз менен укук коргоо органдарына кайрылса болот, эгер арыз жазбаса, ал да өз эрки. Укук коргоо органдары жардам береби-жокпу, ал башка маселе», – деди Акмат Алагушев.

Журналисттерге карата коркутуулар болгондо ал өз көйгөйү менен жалгыз калбастан, редактору менен кеӊешип, анан жалпы жамаат чогуу чара көрүү керектигин юрист Акмат Алагушев кошумчалады.

Гүлзат Газиева,
«Журналисттер» КБнын Ош областы боюнча өкүлү

__________________________

Журналисттердин жана ЖМКлардын укуктарынын бузулушуна мониторинг «Сорос-Кыргызстан» фондусунун жардамы менен жүргүзүлүүдө.

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР

Жаңылыктар, ЖМК-ны колдоо, Медиа сабаттуулук, Сөз эркиндигин коргоо

КР журналисттери менен ЖМКларынын укуктарынын бузулушуна мониторинг. Июль, 2019
8.08.2019

Гранттар, Жаңылыктар

Иликтөө долбоорлорун ишке ашыруу боюнча чакан гранттардын кезектеги конкурсунун 3-этабы жарыяланды
7.08.2019

Жаңылыктар, Медиа сабаттуулук

Мугалимдер үчүн Медиалаб
1.08.2019