27-майдан 29-майга чейин Ысык-Көлдө биринчи жолу Кыргызстанда SICamp 2011 – социалдык инновациялардын биринчи борбордук азиялык Лагери өтөт. Иш-чара «Интернет кыймыл» коомдук бирикмеси тарабынан уюшулуп, «Сорос-Кыргызстан» Фондунун Маалымат программасынын, TOL (Transitions On-Line) жана UNDEF эл аралык уюмдарынын тарабынан каржыланган.

Иш-чарага Борбордук Азия өлкөлөрүнөн 80 ашык жаштар, ондон ашык ӨЭУлар жана бизнес-компаниялар катышат. SICampтын максаты – программалык өнүмдөн бизнес моделге чейин web-багытталган социалдык инновацияларды түзүү үчүн адамдарды, идеяларды жана санарип аспаптарын бириктирүү. “Башында катышуучулар өздөрүнүн идеяларын айтышат, андан кийин адистер менен бирге эки күндүн ичинде долбоордун бизнес моделин толук иштеп чыгуунун үстүндө иштешет. Жеңип чыккан команда идеясын жайылтуу үчүн каржылык сый акы алышат” – дейт “Интернет кыймыл” КБсынын директору Бейшен Дайирбеков.

“Өтүнмөлөрдү берүү стадиясында калыстар тобу 60ка жакын долбоор алган, анын 8и гана финалга өткөн. Иштеп чыккан долбоорлор социалдык өнүгүү, саламаттык сактоо, экология жана заманбап технология көйгөйлөрүн козгойт. Артыкчылыгы аларды аз чыгым кетирип, бирок эң жогорку натыйжа менен ишке ашырууга болот. Финалга өтпөй калган долбоордун катышуучулары дагы старт-аптарды өнүктүрүүгө кызыкдар бизнес өкүлдөрү менен бирге лагерге катыша алышат. Ошентип, лагердеги мамиле таланттуу жаштарды жана бизнес-секторлорду бириктирет”, – деп белгилейт лагердин уюштуруучусу Айбек Баратов.

Калыстар тобуна SICAMP.org уюштуруучуларынын бири директор Ден Макуиллан, People in Need’s долбоорунун координатору Ивана Скалова, Борбордук Азия боюнча Евразия Фондунун директору Азалия Даирбекова, TOLдун эксперттери Алексей Лавончик жана Лариса Балановская, “Интернет-саясатынын жарандык демилгелери” КФысынын директору Татту Мамбеталиева, Internews уюмунун программалык директору Адель Лаишева, «Сорос-Кыргызстан» Фондунун Маалымат программасынын координатору Лира Самыкбаева киришти.

SICAMP.org, Internews, Hoster.kg, Sun People — долбоордун өнөктөштөрү.