«Сорос  — Кыргызстан» Фонду Маалымат программасынын алкагында «Интернетте социалдык долбоорлорду түзүү жана жайылтуу» темасында гранттык сынакка долбоордук сунуштарды кабыл алуу башталгандыгы тууралуу жарыялайт

Сынактын максаты – кыргыз тилин кеңири колдонуу жана айылдык аймактардагы Интернет колдонуучуларды камтуу менен Интернетте социалдык контентти өнүктүрүү

Сынактын темалары:

1) Колдонуучулар тарабынан түзүлгөн контентти колдонуу менен социалдык-интернет долбоолорду, анын ичинен, социалдык жана укук коргоочу тармактарды, коммуникациялык жана медиа-порталдарды ишке киргизүү жана өнүктүрүү (usergenerated content);

2) айыл калкынын социалдык – экономикалык жашоосундагы ар түрдүү темаларга байланышкан аудио жана видео материалдар менен бирдикте  кыргыз тилиндеги билим берүүчүлүк порталдарды өнүктүрүү: медицина, айыл чарбасы, курулуш, орто жана мектепке чейинки беилим берүү, күнүмдүк жашоо жана үй чарбасы, Интернетте эркин жайылтуу мүмкүнчүлүгү аркылуу ишкердүүлүктү өнүктүрүү.

3) Кыргыз тилиндеги контенттин өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү компьютерлер жана уюлдук телефондор үчүн, аны менен бирдикте, мамлекеттик кызматттардын  он-лайндык түрүн кеңири жайылтуу  максатында программалык тиркемелерди түзүп чыгуу жана жайылтуу

Долбоорду ишке ашыруу боюнча техникалык талап

Долбоордук сунуштарды коммерциялык эмес уюмдар (КБ, КФ, юридикалык жактардын биримдиги, мекемелер, коомдук кайрымдуулук фонддору) жана физикалык жактар бере алышат. Бир тараптан бир гана сунуш кабыл алынат.

Долбоор ишке ашырылуучу аймак: Кыргыз Республикасы

Долбоордук сунуштарды кабыл алуу жана тандоо процедуралары:

  • Сынак эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этапта долбоордун жалпы концепциясы гана кабыл алынат. Экинчи этапта тандалып алынган гана сунуштарга долбоордук сунушту СКФнун гранттык сунуш формасына ылайык толтуруу, принтерден басылып чыгарылган жана электрондук түрдө, ошондой эле, кошумча документтердин толук жыйындысын берүү боюнча кайрылуу жиберилет.
  • Толтурулган долбоорлордун концепциясын «Маалымат Программасы үчүн, «Интернетте социалдык долбоорлорду түзүү жана жайылтуу» сынагына деген билдирүү менен lira@soros.kg электрондук дарегине 2011-ж. 22-июлга чейин (кошо камтылат) салып жиберүү керек.

Гранттын максималдуу суммасы $5 000дан (Беш миң АКШ доллары) ашпашы керек.

Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген долбоорлордун концепциясы каттоодон өткөрүлбөйт жана каралбайт.

Долбоордун жалпы концепциясы юридикалык жактар үчүн.

Долбоордун жалпы концепциясы физикалык жактар үчүн.

Байланышуучу адам: Лира Самыкбаева, Маалымат программасынын координатору, lira@soros.kg,  663475 кошумча. 142