2011-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева белгилүү коомдук ишмер, Ачык коом институтунун негиздөөчүcү Джордж Сорос  менен жолугушту.

Дж.Сорос кыргыз делегациясын жылуу маанайда тосуп алды жана Кыргызстандын жетекчилигинин жаңжалдан кийинки жасаган аракеттерине жогорку баасын берди. Анын айтымында, өлкөдө демократия динамикасы натыйжалуу экендигин, ачык жана айкын мамлекеттик башкаруу тутумун орнотуу умтулуусу бар экендигин белгиледи.

Президент Роза Отунбаева өлкөдөгү саясий кырдаал жөнүндө кыскача маалымат берип, Кыргызстан учурда демократиялык принципте, ачык жана айкын президенттик шайлоого даярдык көрүп жаткандыгын айтты.Дж.Сорос Роза Отунбаеванын тынчтык жолу менен бийликти өткөрүп берүү, ачык жана айкын президенттик шайлоону өткөрүүнү камсыз кылуу чечимин колдоорун белгилеп, мындай кадам өз элине чын дилинен кызмат кылуунун белгиси деп айтты.

Жолугушуу учурунда тараптар бир катар орто жана жогорку билим берүү чөйрөсүндө бирдиктүү программаларды иштеп чыгуу демилгесин талкуулашты.

Мамлекет башчы Кыргызстан билим берүү чөйрөсүндө кызматташууга даяр экендигин белгиледи, себеби  билим берүүгө инвестиция кылуу — бул келечекке инвестициялоо.

“Ушул  жазда мугалимдердин айлыктары көбөйдү, бул билим берүү сапатын жогорулатуу боюнча пландын бир бөлүгү. Мектептерде азыркыга чейин мурда иштелип чыккан билим берүү программалары колдонуп жатат,ошондуктан алар бүгүнкү талапка ылайык жаңылантылып жана өзгөртүлүш керек”,-деди Р.Отунбаева.

Дж.Сорос мындан ары дагы билим берүү программаларын иштеп чыгуу керек деген ойго кошулуп, ушул багытта коомду демократиялаштырууда өлкөнүн артыкчылыктарын аныктап, долбоордук режимде ишти баштоо керектигин айтты.

Тараптар социалдык жактан жоопкерчилиги бар жаштарды тарбиялап, аларды акыйкаттуу мамлекеттик башкарууну орнотууга кызыктырууда жарандык билим берүү багытында иштеш керектигин белгилешти.

Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-кызматы