2012-жылдын 28-февралында саат 11.00дө Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында “Балыкчы шаарынын аялдары” коомдук бирикмеси тарабынан шаардын мэриясынын колдоосу менен уюштурулган “Бөтөн бала жок” деген темада гуманитардык акция өткөрүлөт.

“Сорос-Кыргызстан” Фонду кичи шаарларды колдоо боюнча Чукул фонддун алкагында жалпы суммасы 5456 АКШ доллары болгон каражат бөлүп берди. Балыкчы шаарынын аялдарынын коомдук бирикмеси Балыкчы шаарынын Социалдык коргоо башкармалыгынын расмий тизмесинде турган жашы 18ге жете элек 38 тоголок жетим балдарга даректик колдоо көрсөтөт. Балдар мектепке тиешелүү керектүү окуу куралдары, кийим-кече, бут кийим, спорт кийимдери, мектеп формалары, төшөк-орундар жана эң керектүү буюмдар менен камсыз болушат; абдан муктаж алты жетим балага бир жыл бою ай сайын тамак-аш продуктысы (кургак тамак) бөлүнүп берилип турат. 38 баланын төртөө – мектепке чейинки жаштагылар. Алардын баары багып алуучулардын колунда жашашат.

“Биз үчүн алар өздөрүн элден бөлүнүп калып, мектепке барбай, баңгилердин, бейбаштардын жана башка терс топтогу балдардын тизмесине кирип калбоосу үчүн жетим балдарга көңүл буруу, камкордук көрүү маанилүү болду. Биз бул акция аркылуу өнүккөн коомдо аларга жардам бере турган фонддор, уюмдар жана адамдар бар экендигин көргөзгүбүз келди”, – дейт долбоордун жетекчиси Дурия Норузбаева. Акцияга шаардык мэриянын, “Сорос-Кыргызстан” Фондунун, аймактык-коомдук кеңештердин, кондоминиумдардын өкүлдөрү катышат.

Ачык Коомдук Фонддун Чукул фонду (ЧК) 2009-жылы ири экономикалык катчылыктан көбүрөөк жапа чеккен Чыгыш Европа жана мурдагы Советтер Союзунун өлкөлөрүнө жардам көрсөтүү үчүн 100 млн. АКШ долларын бөлүп берүү жарыялангандан тартып өз ишин баштаган. Каражат берүү – бир жолку жардам, ал Балканда, Балтика боюндагы, Борбордук Азия (Кыргызстан жана Тажикстан) өлкөлөрүндө, Кавказда жана Украинада пайдаланылат. Гуманитардык жардам көрсөтүүдө артыкчылыгы барлар – каатчылыктын залалдарына көбүрөөк кабылган калктын социалдык аялуу, корголбогон топтору (маселен, балдар, кары-картаңдар, эмгек мигранттары жана башкалар) жана каатчылыктын залалдарына карата көрсөтүлүүчү маанилүү маданий демилгелер.