“Эне назары” коомдук бирикмеси ушул жылдын башынан бери Ош облусунун Алай районунун Согонду жана Гүлчө калктуу пункттарынын улгайган адамдарына социалдык колдоо көрсөтүп келет. “Үмүттөнгөн карылык” (улгайган адамдарга даректүү жардам) долбоору “Сорос-Кыргызстан” Фонду тарабынан дүйнөлүк экономикалык каатчылыктын шарттарында калктын аялуу топторуна жардам үчүн бөлүнгөн Чукул фонддун алкагында колдоого алынган. Гранттын жалпы суммасы – 24 997 АКШ доллары.

“Эне назары” КБсы бөтөнчө муктаж 80 улгайган адам үчүн райондук аймактык оорукана аркылуу бир жолку ысык тамак жана медициналык жардам уюштурган.

Жардам туруктуу болуп турушу үчүн көмөкчү чарба түзүлүп, эки уй, жыйырма кой сатып алынган. Чарбаны “Эне назары” КБсынын көп жылдык ишмердүүлүгүнүн алкагында уюшулган өз алдынча жардам топторунун мүчөлөрү карап турушат. Сүт жана айран долбоор боюнча аныкталган социалдык-аялуу топтор арасында бөлүштүрүлөт. Долбоордун туруктуулук максаттары үчүн дагы тигүү цехи үчүн жабдуулар сатып алынган. Продукцияларды сатуудан түшкөн пайда муктаж үй-бүлөлөрдү колдоого жумшалат.

Бирикме өзүнүн офисинде китепкана уюштурган, анда улгайган адамдар керектүү адабияттарды, гезиттерди үйлөрүнө алып кетип окуша алат. Аялдардын сөзү боюнча бул өз кезегинде “Чайкана терапия”, мында улгайган адамдар чогулуп, биргелешип чай ичип, баарлашат, ар түрдүү темаларда талашып-тартышат жана дени сак жашоо жана ден соолуктун алдын алуу жөнүндө (жүрөктүн ишемикалык оорулары, бийик тоолуу шарттарда алардын алдын алуу, жагыштуу тамактануу ж.б.у.с.) маалыматтарды алышат.

Август айында райондун социалдык коргоо бөлүмүнүн тизмеси боюнча социалдык аялуу топтор үчүн (жалгыз бой аялдар, пенсионерлер, майыптар) жалпы суммасы 87 000 сомдук тамак-аш азыктары (ун, кант, май) бөлүштүрүлүп берилди. Иш-чаранын алкагында Гүлчө айылынан жана Алай районунун 3 алыскы участкаларынан (Үч-Дөбө, Сары-Могол, Кызыл-Алай айылдарынан) 65 кайрымдуулук алуучу тартылган.

“Эне назары” КБсынын демилгелүү аялдарына маалыматтык жана уюштуруу жактан колдоону бийликтин жергиликтүү органдары жана райондук социалдык коргоо бөлүмү көрсөтүп келет.