Өкмөттүн, донорлордун жана ӨЭУдын өкүлдөрүнүн катышуусундагы АИВ/ЖИКС боюнча Орто Азия аймактык программасынын (CARHAP)аякталышына арналган тегерек стол

Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү Министрлиги аркылуу UKaid тарабынан каржыланган жана GRM International тарабынан ишке ашырылган АИВ/ЖИКС боюнча Орто Азия аймактык программасы (CARHAP) өз иш-аракетин Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда жети жылдан бери, 2005-жылдан баштап 2012-жылга чейин, жүргүзүп келди. Кыргызстанда программа “Сорос-Кыргызстан” Фондунун катышуусунда ишке ашырылган. Программа өз ишин 31-октябрь 2012-жылы АИВди алдын алуу боюнча он миңдеген кардарларга кызмат көрсөтүүгө жетишүү менен аяктоодо.

CARHAPтын миссиясы – Орто Азияда АИВ/ЖИКСтин генералдашкан эпидемиясын алдын алууга салым кошуу. Программанын максаты көпчүлүгү аярлуу калк арасында жогорку тобокелдиктеги жүрүм-турумду азайтуу.

Жети жыл аралыгында Кыргызстанда жана Тажикстанда жайгашкан, зыянды азайтуу кызматтарын көрсөткөн 46 уюм жана Өзбекстандан 10 мамлекеттик ишеним пункттары CARHAP тарабынан каржыланып, окуулардан өтүшкөн жана өз жөндөмдөрүн жогорулатышкан, ал өз кезегинде уюмдарга АИВдин берилишин алдын алууда сапаттуу, кардарларга багытталган ыкманы колдонууга мүмкүнчүлүк түзгөн. Бул уюмдар калктын АИВди жугузуунун эң чоң тобокелдигине кабылган катарынан турган адамдар менен иш алып барышкан, алардын катарына сайынуучу баңги заттарын колдонуучу адамдар, секс кызматындагылар, эркек менен жыныстык байланышта болгон эркектер, абакта отургандар жана мурун абакта отуруп чыккандар кирет. Уюмдар АИВди алдын алуу боюнча кызматтардын кеңири түрлөрүн көрсөтүшкөн, анын ичине ийнелерди жана шприцтерди алмаштыруу, презервативдерди таркатуу, социалдык кызматтар, дроп-ин борборлор жана жарым жолдогу үйлөр программалары камтылган.

Жалпысынан алганда, CARHAP төмөндөгүлөрдөн турган 50 250дөн ашык кардарларды камтыган:

  • 25,705 сайынуучу баңги заттарын колдонуучу адамдар
  • 10,746 секс кызматындагылар
  • 1,014 эркек менен жыныстык байланыш түзгөн эркектер
  • 10,426 абакта отургандар
  • 2,361 мурун абакта отуруп чыккан адамдар

CARHAP негизги көңүлдү жогорку сапаттагы ар тараптуу кызматтарды көрсөтүү боюнча ӨЭУдын жана өкмөттүк түзүмдөрдүн потенциалын жогорулатууга бөлгөн. Буга жетишүү үчүн CARHAP окууларды өткөргөн, ар тараптуу техникалык жардам көрсөткөн, ошондой эле, башка өлкөлөрдөгү 3 700дөн ашык адам арасында АИВди алдын алуу боюнча программалардын тажрыйбасы менен тааныштырган.

Жети жыл аралыгында CARHAPтын алкагында окутулган адамдардын саны төмөндөгүлөрдү камтыйт:

  • 1,816 ӨЭУдын кызматкерлери
  • 561 пенитенциардык системанын кызматкерлери
  • 1,307 мамлекеттик түзүмдөрдүн кызматкерлери
  • 64 улуттук жана аймактык консультанттар.

2012-жылы 3-октябрда саат 9.00дөн баштап 14.00гө чейин «АкКеме» мейманканасында CARHAP программасынын аякталышы боюнча тегерек стол өткөрүлөт. Анын жүрүшүндө жогоруда аталган жана башка жетишкендиктер жана аймакта АИВди алдын алуу программасын ишке ашыруудагы көйгөйлөр тууралуу маалыматтар берилет. Жолугушуунун катышуучуларынын катарына кыргыз жана британ өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, донор уюмдардан жана ӨЭУдан, аны менен бирге эле, Тажикстандан келген өкүлдөр кирет.

Кененирээк маалымат алуу үчүн төмөндөгү дарек боюнча кайрылыӊыз:

Регионалдык директор Шерил Келли

Регионалдык программалык ассистент Айзада Калмаматова

Бишкек ш., Сыдыков көч., үй. 187, кеӊсе №3

Телефондор: +996 312 90 33 71; 90 33 72

Email: carhap@carhap.in.kg

Web: www.carhap.org.kg