7-9 декабрда Кыргыз уикипедиячылар кыймылы Ысык-Көлдө экинчи кыргыз уикипедиячыларынын жыйынын өткөзөт. Иш-чараны «Сорос-Кыргызстан» Фондунун Маалымат программасы колдоого алган.

Кыргыз Уикипедиясы акыркы эки  жылы ылдам өнүгүүдө. 2011 жылдын башында кыргыз уикипедиясында  1389 макала бар болсо, 2012 ж. башында 4400, ал эми азыркы учурда 21 000 жетти. Мындай өнүгүү кыргыз уикипедиячылары уюшуп иштей баштаганы боло баштады. Бул Жыйын кыргыз уикипедиячыларынын экинчи жыйыны. Кыргыз уикипедиячыларынын биринчи Жыйынан айырмаланып, бул жолку Жыйында макалалардын сапатын арттыруу өзөктүк тема болмокчу жана ага багышталган атайын талкуулар жана машыктыруулар өткөзүлөт.  Андан сырткары, адаттагыдай эле жаңы катышып жаткан колдонуучуларга уикипедияга макала жазуу жана киргизүү боюнча машыктыруулар өткөрүлөт.

Макалалардын саны өсүп баштаганы мурунку орус тилинен кыргыз тилине кирген аталыштарды (терминдерди) которуп колдонуу маселеси дагы курч туруп атат. Аталыштарды кыргызча которуу маселелери боюнча профессор Тынчтыкбек Чоротегин атайын дарс окуп, катышуучулар арасында кызуу талкуу жүрмөкчү.

Кыргыз Уикипедиясынын өнүгүшүнө мыкты салым кошкон редакторлорду быйыл «Beeline» Соода Белгиси колдоого алып атайын баалуу сыйлыктарды бөлүп берди. Жыйын учурунда жылдын мыктылары аныкталып, аларга баалуу сыйлыктар тапшырылат.

Жыйындын тыянагында Кыргыз Уикипедиясынын эрежелери, эмдиги жылы кылына турган иш-чаралар иштелип чыгат.

Жыйын 2012 ж. бештин айынын 7-9 күндөрү, Чолпон-Ата шаарында «Три короны» мейманканасында өтөт.

Байланыш даректери:  (0312) 460238, (0771) 704222, chorobek@gmail.com