Бул 2018 жылы 21-22 апрелде Кыргызстандагы Интерньюс өкүлчүлүгү Media TopToo индустриалдык форум өткөрөт жана биздин Фонд аймактык журналисттердин катышуусун колдойт.

Бул форум медиа адистерине жана журналисттерге акыркы трендтердин багытында болууга, кесиптештери менен пикир алмашууга көмөк берет, ошондой эле ийгиликтин тарыхын, контенттер жөнүндө маек курууга жардам берет. Мунун баарынын максаты медиалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтүү үчүн уюштурулуп жатат.

Форумда нетворкинг (адистик байланыштарды түзүү жана тажрыйба алмашуу)

боюнча жыйынтыктарды, динамикалык презентацияларды жана талкулоолорду камтыйт. Ошолорду белгилүү эл аралык Мишель Фостер, Иван Колпаков (Медуза), Всеволод Пуля (Media Toolbox), Андрей Таранов (Kwendi, Украина) эксперттери жана жергиликтүү Анастасия Валеева (Школа данных ), Ринат Тухватшин («Клооп»), Динара Суймалиева (ТРК «Мир»), Айбек Куренкеев (I Do Marketing), Марина Кыдыралиева (”Индустриальный медиакомитет” Ассоциациясы), Елена Барановски ( “Quasar” жарнак агенттиги), адистеринин катышуусу менен өткөрүлөт.

Алар өзүнүн аудиторияны талдоолордун жыйынтыгын кантип пайдаланса болот, ошол талдоолорду контенттердин өндүүрүсүндө болгон маанилүгү жөнүндө, баалалуу билимдерин жана көнүмдөрүнт тартуулашат. Андан тышкары, санариптик доордо медиа кампанияларын кандай башкаруу жөнүндө сөз алып барышат.

ТВ контенттерин өндүрүү жана жаңы тренддер боюнча маалыматтар менен бөлүшүшөт.

Медиа тармагындагы мыйзам жана реформа маселелери, Кыргыз Респуликасындагы медиалардын азыркы жагдайы жөнүндө жана өлкөдөгү көзкарандысыз ММКларын өнүктүрүү багыттары боюнча талкуу өтөт.

Жергиликтуу өнүктүрүүчү студиялар ыктымалдуу сатып алуучуларга жана инвесторлорго өз өнүмдөрүн конференциянын биринчи күн алкагында контент Жарманкеде сунушташат.

Аудиовизуалдык жабдыктарды сатуучулар заманбап техниканын үлгүлөрүн жана технологияларын көрсөтушөт.

Интерньюс жергиликтүү студияларга жана аудиовидео жабдыктарын сатуучуларга өткөрүлүп жаткан көргөзмөдө ордундарды бөлүп берет.

Жарманкеге жана көргөзмөгө катышуу үчүн, төмөнкү форманы толтуруп бергиле.

Форумдун экинчи күнүнүн аягында “Стремление» (“Умтулуу”) сыйлоо аземинин алкагында, ТВ жана онлайн медиаларында, басылмаларда олуттуу адистик жетишкендиктери үчүн, Интерньюс журналисттерге сыйлыктарды тапшырат.

Бул сыйлыктар менен сапаттуу журналистикалык стандарттарды көздөгөн новаторлук контенттер жана форматтар белгиленет.

Сыйлоо жөнүндө кеңирээк бул жерден окуса болот.

Бул форум Кыргыз Республикасында иштеген медиаларга ачык.

Бишкектик катышуучулар (орусча) каттоо формасын бул шилтеме менен толтургула. 

Тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2018-жыл, 14 апрель, саат 16:00гө чейин

Бишкек шаарынан тышкары, Кыргызстандын ар аймактарында иштегендер адистер жана журналисттер, акча жана жол, жашаган жайынын чыгымдарын жабуу көмөгүн алыш үчүн төмөнкү  (кыргызча)  онлайн формасын  (орусча)  толтурушу зарыл.

Аймактагы катышуучуларга тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2018-жыл, 30чу март, саат 16:00гө чейин.

Кошумча маалымат үчүн жана тиешелүү суроолоруңуз бар болсо онлайн медиа адиси Валентина Галичменен vgalich@internews.org электрондук дареги аркылуу же +996 312 98 68 80 (кошумча 302) номуру менен байланышса болот.

«Медиалардын көзкарандысыздыгын колдоо боюнча демилге” же Media-K деген жаңы долбоорду Кыргызстандагы Интерньюс өкүлчүлүгү, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен, FHI360 уюму менен өнөктөштүктө ишке ашырып жатат.