2018-жылдын 11-апрель күнү  Бишкекте Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын негизинде мамлекеттик түзүмдөргө арналган тренерлер үчүн тренингдердин аякташына байланыштуу жана Тренингдерди өткөрүү жана окутуу планын талкулоо” аталышындагы тегерек стол болуп өттү.

Аталган тегерек столго ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов, “Сорос-Кыргызстан” Фондунун Укуктук программасынын директору Нуриана Картанбаева жана аталган фонддун координатору Тахмина Ашуралиева, Кыргызстандын укук коргоо органдарынан 44 тренер, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышышты.

Бул тегерек стол Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын “Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексин, жоруктар жөнүндөгү кодексин, кылмыш-процессуалдык кодексин, кылмыш-аткаруу кодексин күчүнө келтирүү, андан сырткары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буюрмасын аткарууну” ишке ашыруу боюнча Иш-чараларынын мерчеминин окуу бөлүмүн натыйжалуу колдонуу максатында уюштурулду.

Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын ички иштер министиринин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов: “Бүгүн баарыңар менен жолукканыма кубанычтамын. Ошондой эле, мамлекеттик түзүмдөр үчүн “Сорос-Кыргызстан” Фондунун Укуктук программасынын колдоосу менен уюштурулган Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан соттук реформа боюнча тренинг үчүн өнөктөштөргө ИИМдин жетекчилигинин жана түзүмдөр аралык жумушчу тобунун атынан ыраазычылыгымды билдирем”,-деп белгиледи.

Андан сырткары, бул иш-чарада 44 тренерге Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын негизинде соттук өндүрүш боюнча сунуштамалар тапшырылды.

Иш-чаранын аягында, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов тренерлерге сертификат тапшырды.

Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын негизинде Кыргыз Республикасынын жаңы мыйзамдарын “Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексин, жоруктар жөнүндөгү кодексин, кылмыш-процессуалдык кодексин, кылмыш-аткаруу кодексин күчүнө келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, “Сорос-Кыргызстан” Фондунун жана өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштурулган тренингтер 2017-жылдын октябрынан башталып, 2018-жылдын март айында аяктаганын белгилейбиз.