2018-жылдын май айында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кызматкерлери “Кыргыз элинин салттык маданияты “кошок” жанрын сактоо жана жайылтуу” долбоорунун алкагында Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда  кошокчулардан талаа материалдарын жыйноого чыгышты.

Изилдөөчүлөр материалдарды жыйноо учурунда кошоктун нукура нускасын жоготпой, уникалдуу эстеликти чегине жеткире айтып берген кошокчуларды жолуктурушту. Мисалы, 1920 – жылы туулган Супатаева Гүлбар апаны (Чангет айылы),  1941-жылы туулган Керкибашева Суусар апаны (Өстүрүү айылы) жана 1950-жылы туулган Ташалиева Зууракан апаны (Шоро Башат – Гулистан айылы) белгилөөгө болот.

Долбоор кыргыз элинин салттык маданиятынын бир бөлүгү болгон “кошок” жанрын эл арасынан топтолгон уникалдуу материалдардын негизинде муун улоочу жаштарга жеткирүү жана пропагандалоого багытталган. Терең мазмунга жана түрдүү тематикага ээ болгон элибиздин мындай кайталангыс оозеки маданий мурасы азыркы күндө жетишээрлик деңгээлде изилденип, илимий айлампага киргизиле элек. Акыркы учурда элдин жашоо деңгээлинин өзгөрүшүнөн улам кошокчулар азайып, оозеки чыгармачылыктын түрлөрүнүн таасири эл арасында жоголо баштоодо. Элдик маданияттын башатын түзгөн фольклордун бул жанрларын изилдөө бүгүнкү күндө өтө маанилүү. Андагы материалдар аркылуу биз  кыргыз элинин тарыхы, этнологиясы жана маданий антропологиясы боюнча бир катар проблемаларды чечүүгө  мүмкүндүк алабыз.

Долбоордун аягында  томонкулор күтүлүүдө:

— жогорку окуу жайларда (Жалал-Абад мамлекеттик университети, Экономика жана Бизнес боюнча Жалал-Абад университети, Ош мамлекеттик университети, Ош технологиялык унивеситети, Ош мамлекеттик педагогикалык институту), колледждерде (Жалал-Абад педагогикалык колледжи, Жалал-Абад медицина колледжи,  Кочкор-Ата техникалык колледжи, Ош педагогикалык колледжи, Ош медициналык колледжи) ошондой эле жана мектептерде  (Р.Санатбаева атындагы №9 о.м., Р.Азимов атындагы №13 о.м., Хамза атындагы № 8 о.м. Жалал-Абад ш., Манаса атындагы №24 о.м. Сузак р.) окуучу, студент, мугалимдер учун лекция жана тренингдерди жургузуу;

— аудио жазуу жана сурот тартуу аркылуу алынган баштапкы маалыматтарды угуу, коруу жана сурот топтомун тузуу;

— илимий макалаларды жарыялоо үчүн чогултулган материалдардын негизинде  илимий макалаларды жарыялоо, жогорку жана орто окуу жайларында атайын курстарды окутууда кыргыз элинин тарыхы, этнография, маданияты жонундо окуу куралдарды иштеп чыгуу;

— топтолгон  материалдарды  ЖАМУ музейине, Жалал-Абад аймактык музейине,  аймактык архивге откоруп беруу;

— материалдарды Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын кол жазма фондуна  өткөрүп берүү;

— кошокчулар тууралуу видео тартып чыгуу жана ЖМКда жайылтуу, телебкруулордо корсотуу.

“Кыргыз элинин салттык маданияты “кошок” жанрын сактоо жана жайылтуу” долбоору  «Сороc- Кыргызстан» Фондунун ачык  билим беруу ресурстары сынагынын алкагында колдоого алынды.