9-июлда саат 11.00дө «Медиа Өнүктүрүү Борбору» Коомдук Фонду журналисттер үчүн «Акипресс» МАде «Factcheck.kg – Кыргызстанда фактыларды текшерүүчү алгачкы ресурс» аттуу маалымат жыйынын өткөрөт.

Регион үчүн уникалдуу платформа «Кыргызстанда медиа сабаттуулукту өнүктүрүү боюнча демилгелер» аталышындагы долбоордун алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу астында түзүлгөн.  Долбоор ЖМК менен социалдык тармактардагы маалыматтарды сын менен  кабыл алуунун  деңгээлин көтөрүүгө, ошондой эле жаңылыктарды текшерүүчү ресурстун жардамы менен анык маалыматка жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган.

factcheck.kg калп жана фейк маалыматтары, коомдук пикирдин манипуляциясы,  маалыматтардын фальсификациясы менен күрөшүүгө багытталган. 

Долбоордун алкагында адискөй команда ЖМК жана социалдык тармактардагы материалдарды текшерип сайтка жайгаштырат жана окурмандардан келип түшкөн маалыматтардын чын-төгүнүн далилдеп берет. Жергиликтүү журналисттер, жарандык коомдун өкүлдөрү жана медиа-эксперттер биргеликте медиапродукт жана маалыматтарды сын менен кабыл алуунун маданиятынын, ЖМКларды өнүктүрүү маселелерин талкуулап, журналисттердин  ишмердүүлүгүндө редакциялык стандарттарды жакшыртуу боюнча маселелерди чечүүнүн үстүндө иш алып барышат.

Ресурстун журналисттери окурмандарга объективдүү маалыматты жеткириши үчүн ЖМКдагы  коомдук маанилүү жана резонанстуу жанылыктарды, фактылар, цифра жана бүтүмдөрдүн аныктыгын  текшерип, түрдүү булактардан алынган маалыматтарды салыштырып, баалап, ушак, фейк маалыматтарына байма-бай мониторинг жүргүзүп, текшерип турат.

Текшерүүнүн жыйынтыгында «ЧЫНДЫК» же «КАЛП» деп бүтүм жасалат жана  текшерүү ыкмалары далилдери менен  кошо сүрөттөлүп жазылат.  Ар  бир каалоочу долбоордун катышуучусу боло алат. Сиз макала жана ага болгон шилтемени өзүңүздүн сунуш жана оюңуз менен кошо жиберсеңиз болот. Биз ачык диалогго, кызматташтыкка жана өнүгүүгө дайым даярбыз.

 

«Медиа Өнүктүрүү Борбору» Коомдук Фонду Кыргызстанда сөз эркиндигинин сакталышын журналисттин этикалык Кодексин өнүктүрүү менен бирдикте камсыздоо ишинин, медиа сабаттуулуктун деңгээлин көтөрүү, фактчекинг маданиятын өстүрүү жана маалыматтардын түрдүү булактарын колдонуу, мамлекеттик кызматкерлердин студенттердин маалымат укуктук чөйрөдө натыйжалуу мыйзам чыгарууну калыптандырууга катышуусуна, ЖМКдын юридикалык сабаттуулугун көтөрүү, калк ичинде медиа сабаттуулуктун программаларын киргизүү, анын ичинде жаңылык жана маалыматтарды сын менен кабыл алууга үйрөтүү маселелеринин үстүнөн иш алып барат.

 

 

 

Бардык суроолор боюнча төмөнкү телефон номуру жана е-почтага  кайрылсаныздар  болот:

тел: +996 312 66 30 13

e-mail: nargiza@medialaw.kg