2018-жылдын 16-июлундан 31-июлуна чейин “ММК колдоо борбору” Фонду тарабынан критикалык ой-жүгүртүү, маалыматты сыноо, медиа мазмунга сын баа берүү  жана маалыматты туура колдонуу боюнча атайын Медиа Сабак долбоору үч облустун алты шаарында ишке ашырылат. Долбоордун негизги максаты мектеп окуучуларын медиа маалыматтык сабаттуулук менен тааныштыруу жана медиасабаттуу мугалимдерди даярдоо.

Бул долбоордун алкагында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы алты шаарда мугалимдер үчүн атайын үч күндүк медиа лабораториялар (МедиаЛаб) иш жүргүзөт.

Бул иш-чара “Сорос-Кыргызстан” Фондунун колдоосу жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги, Билим берүү академиясынын медиа маалыматтык сабаттуулукту билим берүү системасы аркылуу өнүктүрүү жөнүндөгү меморандумунун алкагында  “Медиа Сабак: Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында медиа маалыматтык сабаттуулукту өнүктүрүү” долбоорунун алкагында ишке ашып жатат.

Мугалимдерди окутуу атайын иштелип чыккан Медиалаборатория форматында өтөт. Журналисттер 3 күндүн ичинде теоретикалык (30%) жана практикалык (70%) сессияларды өткөрүшөт. Медиа Лабораторияга катышуу үчүн бир мектептен бирден мугалим чакырылган. Жыйынтыгында бир шаарда өтө турган МедиаЛабда 20 мектептен келген жаран таануу жана география мугалимдери билим алат. Үч облустан келген 120 мугалим критикалык ой-жүгүртүү жана медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча билим алышат. Бул долбооорндун максаттарынын бири мектептерде медиа-бурчтары ачуу менен мектеп окуучулары арасында да критикалык ой-жүгүртүүсүн өрчүтүү, маалыматтка сын баа берүү, маалыматты туура колдонууну жана маалымат менен иштей билүүнү үйрөтүү.

МедиаЛабтардын иштөө графиги
Баткен облусу

 

Дата Өткөрүлүүчү жери Фонд тарабынан жоопкер адам
 2018-жыл

25-27-июль

Баткен ш., Ж. Бөкөмбаев атындагы орто мектеп, Тургунбай Садыков көч. 1 Айчурек Усупбаева

aichurek.msc@gmail.com

0772 011389

2018-жыл

29-31-июль

Кадамжай ш.,

А. Масалиев атындагы орто мектеп,

А. Орозбеков көч, 180а

Ош облусу

 

Даты Өткөрүлүүчү жери Фонд тарабынан жоопкер адам
16 -18-июль 2018-жыл Ош ш.

Ош билим берүү институту

Атабаев көч. 97А

Айпери Келдибек кызы

aiperik.msc@gmail.com

0772 662283

19-21-июля 2018 года Кара-Суу ш.

Манас атындагы орто мектеп

Жалал Абад облусу

 

Даты Өткөрүлүүчу жери Фонд тарабынан жоопкер адам
23-25-июль 2018-жыл г.Жа     Жалал-Абад ш.

№14 С. Давлетов атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектеби

Ул.        Курманбек көч. 26

Айпери Келдибек кызы

aiperik.msc@gmail.com

0772 662283

26-28-июль

2018-жыл

Село    Сузак

№90 «Манас» атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектеби

У           Мадумар – Ата көч. 23

 

Кененирээк маалымат алуу үчүн төмөндөгү электрондук адреске aichurek.msc@gmail.com же  +996 312 53-00-00 байланыш телефонуна кайрылсаңыздар болот.

“ММК колдоо борбору” Фонду коммерциялык эмес уюм, 2002-жылдын декабрь айынан баштап  медиа маалыматтык сабаттуулукту өнүктүрүү боюнча программалары аркылуу  Кыргызстандагы  сөз эркиндигин өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт

Сүрөттөрдү бул жактан жүктөп алсанар болот https://www.facebook.com/msc.kg/