2018 — жылдын май айында үчүн Украинада «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен Мамлекет кепил кылган юридикалык жардам (МКЮЖ) системасы боюнча окутуу иш сапары жүргүзүлдү.

 

Иш сапарда калктын аялуу катмарына  акысыз юридикалык жардам көрсөтүү, калктын жакыр катмарынын укутук мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу тууралуу таанышуу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, укуктук маалыматтык жана консультациялык борборлорунун иш жүргүзүү моделдери изилденип, алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен болгон кызматташтык  механизмдери сунушталды. Алар: акысыз юридикалык жардам системасын жамааттардагы  коомдук кызматтар чөйрөсүнө  киргизүү, «Акысыз юридикалык жардам” жөнүндө мыйзамын ишке ашыруу жана Украинада акысыз укуктук системасынын түзүлүшү тууралуу маалымат алуу, административдик кызмат көрсөтүү системасы менен  өз ара иштешүү, административдик жана жарандык иштер боюнча укутук жардамын ишке ашыруу тажрыйбасын изилдөө.

 

Кыргызстанда азыркы убакта Мамлекет кепил кылган юридикалык жардамды  жарандык жана административдик учурлара ишке ашырууда эч кандай жеке тажрыйбасы жок экенин эске алганда, бул окутуу иш сапары абдан пайдалуу болду. Катышуучулардын катарына  КР ЮМ алдындагы МКЮЖ координатордук борбордун жетекчилери жана директору, КР Адвокатурасынын адвокаттар кенешишин мүчөлөрү, адвокаттар, эксперттер, юридикалык клиникалардын жана жарандык коом уюмдарынын  өкүлдөрү кирген. Алар төмөнкү иштер менен таанышышты: Украина Улуттук полициясы, Адам Укуктары Директораты, адилеттүүлүк жана укуктук билим берүү; Эл аралык фонд «Возрождение»; юридикалык жардам көрсөтүү үчүн ар кандай борборлор: мамлекеттик эмес укуктук жардам провайдери — Legal Development Network ж.б., МКЮЖ тармагында  иштеген институттар.

Иш-чараны жыйынтыгында бул  иш сапар Украина юстиция министрлигинин, Украина Адвокатурасынын өкүлдөрү менен жолугушууга, практикалык тажрыйба жана маалымат топтоп,  Кыргызстан сот системасына бул механизмдерди киргизүүгө жана андан ары өнүктүрүүгө чон мүмкүнчүлүк түзгөндүгүн белгилей кетүү керек. Мындан тышкары, КР Адвокатурасы  Украина Адвокатурасы менен биргеликте кызматташтык тууралуу меморандум бекитишти.