«Сорос — Кыргызстан» Фонду өзүнүн 25-жылдыгынын урматына Kyrgyz American Foundation менен биргеликте классикалык жана фольклордук  жаш музыка аткаруучулар үчүн музыкалык сынак өткөрөт.

Сынактын 3 жеңүүчүсү 10000 сом ченемде акчалай сыйлыкка ээ болушат.

Аларды, ошондой эле, 2019 жылдын жаз мегилинде Нью-Йорк жана Вашингтон шаарларында өтүүчү Eurasia Festival аттуу искусство фестивалына катышууга АКШга жолдомо күтүп турат.

Eurasia Festival Emerginig Artists – бул дүйнө жүзүндөгү жаш музыканттардын талантын жана жөндөмүн Нью-Йорк, Вашингтон ж.б. АКШ шаарларындагы кадыр-барктуу концерттик залдарында  эл алдына чыгуусу аркылуу ачуучу уникалдуу аткаруучулук жана агартуу программа.

Фестивалдын программасында белгилүү америкалык аткаруучу жана арт- продюсерлерден кесип мансаптык өсүү боюнча акысыз агартуу  семинарлар жана мастер-класстар каралган.

Бул дагы баары эмес! «Классикалык музыка» категориясындагы жеңүүчүлөр Нью-Йорк музыкалык жогорку окуу жайларында сынактык угууга катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Eurasia Festival Emerginig Artists программасы бардык улуттагы жана этностогу  классикалык жана фольклордук жаш музыка аткаруучулар үчүн ачык.

Сынактын шарттары:

Eurasia Festival Emerginig Artists сынагына тандоого катышуу жаш курагы 18 ден 26 жашка чейинки Кыргызстан жарандарына, классикалык жана фольклордук ырчы жана аспапчыларга ачык.

Талаптар:

— Классикалык жана фольклордук жанрдагы аспапчылар өз тандоосуна жараша жеке программадан турган, убактысы 15 мүнөттүк видеожазма жиберүүсү зарыл.

— Опера ырчылар фортепиано же оркестрдын коштоосунда 3 ар түрдүү опера ариясын  оригинал тилинде ырдалган видеожазманы жиберүүсү керек.

— Фольклордук жанрдагы ыр аткаруучулар аспап же оркестрдын коштоосунда оригинал тилде 3 ырдын видеожазмасын жиберүүсү керек.

Онлайн – арыздар 2018- жылдын 2-ноябрга чейин фестивалдын официалдуу сайтында кабыл алынат.

Eurasia Festival официалдуу сайты аркылуу жиберилчү катышуу арызда  төмөнкү материалдар камтылышы зарыл:

  1. Катышуу жөнүндо маалымат, толтурулган арыз.
  2. Чыгарманын аталышы жана композитордун аты-жөнү камтылган катышуучунун программасы.
  3. Youtube же Vimeoдогу видеожазмага шилтеме.
  4. Паспорт көчүрмөсү.
  5. Кыскача өмүр баян.
  6. Түстүү эки сүрөт.

 

Калыстар:

Кристин Вайдингер

Дүйнөлүк опера жылдызы, Барселона Liçeo Theater, Вена State Opera, Берлин Deutsche Operа, Нью Йорктогу The Metropolitan Opera жана башка улуу опера театрларынын мурдагы солисти.

Азамат Сыдыков

Белгилүү пианист жана импресарио, П. И. Чайковского атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын жана Нью-Йорктогу Mannes School of Music бүтурүүчүсү, Кыргыз-америкалык фондунун президенти, ошондой эле Нью-Йорктогу Eurasia Festival  жана New York International Vocal Competition, Wilmington Music Festival  көркөм директору.

Джонатан Левин

Белгилүү америкалык пианист, композитор жана продюсер, Нью-Йорктогу  атактуу Манхэттен музыка мектебинин бүтүрүүчүсү, Түндүк Каролинадагы Clayton Piano Festival  президенти, Кыргыз-америкалык фондунун вице-президенти.

Николета Раллис

Белгилүү америкалык опера сопрано жана продюсер, Түндүк Каролинадагы Wilmington Music Festival президенти жана и Olympya Arts Productions генерал директору, Огайодогу кадыр-барктуу Оберлин консерваториясынын бүтүрүүчүсү.