Бүгүнкү күнү ММК редакцияларынан редакциялык иш көндүмдөрүнүн кеӊири спектри, анын ичинде, чоӊ аудитория менен баарлашуу көндүмү, алардын өзгөчөлүктөрүн билүү жана алар менен байланышты түзө билүү жөндөмдөрү талап кылынууда. Жаңы технологиялардын өнүгүшүнөн улам окурмандар жана угармандар менен иш алып баруу ыкмалары дагы өзгөрүп жатат. Керектөө мамилелери өзгөргөндүгүн редакциялар жакшы түшүнүшөт, аларга керектөөлөрдүн актуалдуулугун жана маанилүү экендигин көрсөтүү үчүн коомчулук менен мамиле түзүүнү өзгөртүү мезгил талабы.

ММК контент рыногунда жаңы сегменттин – керектөөчүлүк контенттин тез пайда болгондугун жана активдүү өсүп жаткандыгын көрүүдө, ал өз кезегинде жаңы жигердүү аудиториянын түзүлүшүнө өбөлгө түзүүдө. Аудиториянын контентти өнүктүрүү жана медиациялоо процессине катышуусунун өсүшү ага жаңы сапат, форма жана жанр киргизүүдө. ММКда керектөөчүлүк контентке негизделген рубрикалар пайда болууда, алар аудитория менен алака түзүү максатында социалдык тармактарды жана мессенджерлерди жигердүү колдонушууда.

Сынактын максаты – ММКнын келечектеги иштеринде колдонууларына өбөлгө түзүү үчүн аудитория менен өз ара иш алып баруу боюнча жаңы ыкмаларына колдоо көрсөтүү.

Сынактын алкагында маалымат, контент, суроо-жооп рубрикалары, фото жана видео түрүндө керектөөчүлөрдүн белгилүү бир салымдарына негизделген краудсорсингдик журналисттик долбоорлор, ошондой эле, салттык түрдө даярдалган медиа материалдарды коомдук иш-чаралар, талкуулар, аудитория менен жолугушуулар менен бирдикте чагылдырган долбоорлор колдоого алынат.

Сынактын милдеттери: 

  • ММКнын аудитория менен өз ара иш алып баруудагы ар түрдүү ыкмаларын, каражаттарын жана тактикаларын аныктоо жана өнүктүрүү;
  • Актуалдуу медиаконтентти түзүү аркылуу социалдык мааниге ээ темаларды талкуулоого жана актуалдуугун көтөрүүгө жарандарды катыштыруу;
  • Мультимедиалык форматтагы материалдарды чыгаруу.

Күтүлгөн жыйынтыктар:

Интернет-коомчулук менен кызматташуудан жана маалыматтарды өтө ачык бөлүшүүдөн улам ММКда өз аудиториясын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү бар жана аудиторияга талкууга катышууда, кызыктуу маалыматтарды алууда тандоо мүмкүнчүлүктөрүн берет. Сапаттык көрсөткүчтөр – ММКнын даярдаган материалдары, аудитория менен иштөө стратегиялары жана ыкмалары, аудитория менен бирге өткөрүлгөн иш-чаралар.

Сынактын шарттары:

  • Сынакка өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдардан долбоордук сунуштар кабыл алынат (КБ, КФ, юридикалык жактардын бирикмелери, мекемелер, кайрымдуулук фонддору);
  • Катышуудагы чектөөлөр: жеке жактар сынакка катыша алышпайт.
  • Сынактык долбоорлорду ишке ашыруу мөөнөтү: долбоорду ишке ашыруунун максималдуу мөөнөтү – каржылоо бөлүнгөн учурдан баштап 12 айга чейин;
  • Бир гранттын бюджетинин максималдуу суммасы: бюджети 11 000 доллардан ашпаган долбоорлорго артыкчылык берилет.

 

Сунуштарды тандоо критерийлери:

  • Долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасын көрсөтүү, анын ичинде кыргыз тилиндеги материалдардын жеткиликтүүлүгү камтылат;
  • Контентти түзүүгө аудиторияны тартуу жана маалымат берүү үчүн аудиторияны мотивациялоо каражаттарын баяндап жазуу;
  • Аймактык ММК менен кызматташуу жана аймактагы аудиториялар менен иш алып баруу;
  • Медиадолбоорлор жана долбоордо көрсөтүлгөн максаттуу топтор менен иштөө тажрыйбалары;
  • Абалга сапаттуу баа берүү жана талдоо, тандалып алынган чөйрөдөгү муктаждыктарды баалоо;
  • Реалдуу жана так бюджет;
  • Кызматташтык долбоорлор боюнча кызматташтык тууралуу жана демилгени ишке ашырууга даярдыгын көрсөткөн келишим катын жиберүү керек.

 

Долбоордук сунуштарды кабыл алуу жана тандоо иштери:

Долбоордук сунуштар «Сорос-Кыргызстан» Фондунун гранттык сунуштарынын формасына ылайык түзүлүшү зарыл, ошондой эле, басылып чыгарылган жана электрондук түрдө жиберилиши керек.

Сынакка катышууну каалоочулар долбоордук сунушту бекитилген конвертте «ЖМКны өнүктүрүү» программасы: ММКнын аудитория менен өз ара иш алып баруу ыкмаларына колдоо көрсөтүү» деген билдирүү менен 720040, Бишкек ш., Логвиненко көч. 55-а, «Сорос — Кыргызстан» Фонду дарегине жиберүүлөрү керек. Ошондой эле, долбоордук сунуштун  электрондук түрдө толтурулган версиясын applications@soros.kg электрондук дарегине, көчүрмөлөрүн tina@soros.kg жана chyngyz@soros.kg даректерине да жиберүү зарыл.

Сунуштар кыргыз жана орус тилдеринде, дем алыш жана майрам күндөрүнөн сырткары, ар күн сайын саат 9.00дөн 17.00гө чейин 2018-жылы 1-октябрга чейин (кошо кирет) кабыл алынат. Сунуштарды кабыл алуунун акыркы күнү, 1-октябрда, сунуштар саат 15.00гө чейин гана кабыл алынат.

Аймактан жибериле турган долбоордук сунуштар «Сорос-Кыргызстан» Фондунун кеӊсесине көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилбестен жеткирилиши үчүн жазуу түрүндө курьер аркылуу же почта аркылуу алдын-ала, эрте жиберилиши керек.

Сунуш берүү учурунда кайрылуучунун салыктарды төлөө боюнча карыздары болбошу керек.

Толукталбаган документтер, «Сорос — Кыргызстан» Фондунун форматы боюнча толтурулбаган, ошондой эле, көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч келип түшкөн сунуштар каттоого алынбайт жана каралбайт.

Кароого алынган сунуштар рецензияланбайт жана кайра кайтарылып берилбейт.

Гранттык сунуштун формасын жана кайрылууну жазуу боюнча сунуштарды www.soros.kg сайтынан жүктөп алууга болот.

Байланыш үчүн: Чыӊгыз Мелисбеков, тел.: 0 312 66 34 75 (ички номер 139).