“Азаттык” радиосунун иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин “Чындык деп жанган өмүр” деген ат менен жарык көргөн бул китебине чагылгандай кыска өмүрүндө калтырып кеткен эмгектери – жемкордукту, мыйзамсыздыкты ашкерелеген видео иликтөөлөрү, документалдык тасмалары чечмеленип, жазуу түрүндө киргизилди. Ошондой эле журналисттин кызыктуу блогдору, макалалары, өзү тарткан фотобаяндары камтылды. Уланбек Эгизбаев жөнүндө эсселерди, эскерүүлөрдү, фотобаяндарды  да ушул китептен табууга болот.

Түзүүчүлөр бул китеп чыныгы элдик журналист болом, Уланбектин ишин улайм деген таланттуу, зирек жаштарга нускоочу, кеңешчи жана жардамчы боло алат деп ишенет.

Уланбек Эгизбаевдин “Чындык деп жанган өмүр” китеби “Азаттык Медиа” мекемесинин демилгеси жана “Сорос — Кыргызстан” фондунун каржылык колдоосу аркылуу жарык көрдү.

Китептин бет ачаары 13-ноябрда саат 17.00дө “Азаттык Медиа” мекемесинин кеңсесинде өтөт.

Иш-чарага Уланбек Эгизбаевдин кесиптештери, устаттары, каармандары жана күйөрмандары чакырылды.

Кошумча маалыматты төмөнкү номерлер аркылуу алсаңар болот:

0550 518 555; 0550 540 555

“Азаттык” радиосунун кабарчысы, белгилүү иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдөн мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.