Ош шаарында биринчи жолу 10-14-декабрда медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча мугалимдердин катышуусундагы окутуулар өтмөкчү. Иш чараны биздин өнөктөш – Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын окуу-методикалык бөлмөсүнүн башчысы жана жайкы МедиаЛабораториянын активдүү катышуучусу Тынчтыкбек Досмуратов демилгелеген.

Окууга 53 мектептен 130 мугалим, алардын катарында медиа-маалыматтык сабаттуулуктун негиздеринен берген агартуучулар жана өз мектептериндеги Медиа-борборлорго жооптуу  окуучулар катышты.

Тынчтыкбек Досмуратов – “Медиасабак: Баткен, Ош, Жалал-Абад обулстарында медиа жана маалыматтык сабаттуулукту өнүктүрүү” деп аталган ири долбоордун алкагында июль айында Ошто өткөн МедиаЛабораториянын активдүү катышуучусу. Долбоор “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосунда КРнын Билим берүү министрлиги жана Кыргыз билим берүү академиясы менен тыгыз өнөктөштүктө ишке ашууда.

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында уюштурулган үч күндүк Медиа лабораторияларда 127 мугалим медиа-маалыматтык сабаттуулуктун негиздери, сынчыл ой жүгүртүү жана жаңы медиалар менен иштөө жаатында окуудан өтүштү.

«Медиасабак: Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында медиа жана маалыматтык сабаттуулукту өнүктүрүү” долбоорунун башкы милдети – мектептерде медиабурчтарды уюштуруу аркылуу мугалимдер менен окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн, медиа, маалымат жана санариптик сабаттуулук менен иштөө шыгын өнүктүрүү.

Долбоор алкагында окуудан өткөн мугалимдер кесиптештери жана окуучулар үчүн ачык сабактарды өткөрүштү. Медиа-сабаттуулуктун милдеттерин жана идеяларын жайылтуунун натыйжалуулугун жана туруктуулугун камсыздоо үчүн медиа-сабаттуулук боюнча мугалимдер китеп, видеоматериалдар (анын ичинде анимациялык роликтер), сабак өтүү боюнча колдонмолор жана кеңсе буюмдары менен камсыз болгон.

Долбоорго тартылган устаттар мугалимдерге  медиа-маалыматтык сабаттуулук маселелери боюнча мессенджерлерде түзүлгөн тайпаларда кеп-кеңешин берип турат.

Мугалимдерден сырткары окуучулар да окуудан өтүп, сынчыл ой жүгүртүү, интернетти коопсуз жана сабаттуу пайдаланууну үйрөнүштү. Мындан сырткары алар мугалимдеринин жардамы менен медиабурчтарды түзүштү.  Эң кызыктуу жана өзгөчөлөнгөн ММКны колдоо борборунун жана «Сорос-Кыргызстан» фондунун атайын белектерине ээ болушту.

Жалпысынан, медиа-маалыматтык сабаттуулукту өнүктүрүү долбоорунун алкагында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 2 299 мугалим жана 157 окуучу окуудан өттү.

Бул долбоор глобалдык маалыматтык чакырыктар шартында билим аркылуу медиа-маалыматтык сабаттуулук идеяларын жарандар арасында жайылтууга пайдубал түптөдү.

ММКларды колдоо борбору мугалимдер менен окуучуларга медиа-маалыматтык сабаттуулук негиздерин үйрөтүү аркылуу үч облустагы алты жерде сынчыл ой жүгүртүү, маалыматты сабаттуу керектөөнү өнүктүрүүнү колдоону улантат. Ошондой эле медиа-сабаттуу мугалимдердин тармагын түзүү пландалууда.