Ачык коом жана «Сорос-Кыргызстан» фондунун Адам укуктары жаатындагы демилгеси 2019-жылга Жаштар демилгелерин колдоо фондуна өтүнмөлөрдүн конкурсун жарыялайт.

Жаштар демилгелерин колдоо фонду (YAF) – бул бүткүл Кыргызстан боюнча жаштарга багытталган чакан гранттардын жеке программасы. Бул өлкөдөгү адам укуктарын коргоо жана дем берип кызыктыруу ишине жаштардын жигердүүлүк менен катышуусун колдоого багытталган. Жаны муундагы активисттер жана лидерлерди тарбиялоо менен, негизги максаттарынын бири укук коргоочулук кыймылдын базасын чыңдоо жана мезгилге карата туруштук берүүсүн камсыз кылуу болуп саналат. Кыргызстандын жаш жарандарына  долбоордук гранттын аракеттенүү мезгилинен кийин дагы туруктуу иштеп калган, өз өлкөсүндө адам укуктарын коргоону түшүнүү менен кабыл алынышына жана сакталышына өбөлгө боло болуп, жаңы  долбоорлор боюнча өз сунуш-пикирлерин берүү сунушталат.

YAF сынагына катышууга кимдер укуктуу:

—      16 жаштан 28 жашка чейинки курактагы жаштар

—      Катышуучулар Кыргыз Республикасынын жарандары болууга тийиш

Сунуш-пикирлер боюнча нускамалар:

  •  Долбоорлор төмөндөгүдөй бир же бир нече темалардан турууга тийиш: 1. Майыптардын укуктары; 2. Этностук, тилдик жана/же диний өзгөчөлүктөрүнө карабастан бардык аз сандуу катмарлардын укуктары; 3. Аялдардын, өзгөчө ден соолукка багытталган, укуктары; 4) Жаштар жана сот адилеттиги тутуму, ой-пикирлердин, жыйындардын жана ассоциациялардын эркиндиги;
  • Кыргызстандын бардык аймактарынан: Ош, Талас, Нарын, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүй облустарынан келген долбоорлор кабыл алынат. Бирок Кыргызстандын алыскы райондоруна жана айылдарына артыкчылык берилет. Алар: Исфана, Арсланбап, Алай, Ысык-Көлдүн түштүк райондору, Чүй жана Нарын облустарынын айылдары ж.б.;
  • Новатордук жана эксперименттик методологиялар көрсөтүлгөн жана калктын тарыхый жактан адам укуктары маселелери менен алектенбеген тобуна артыкчылык берилет. Жаңычылдыктын жана чыгармачылдыктын мисалдары искусствонун ар кандай жанрларын (рэп жана музыканын башка түрлөрү, театр, хип-хоп жана бийдин башка түрлөрү, графика, комикстер, көчө искусствосу жана граффити, фотография, фильмдер), технологияларды (хакатондор, видео оюндар, мобилдик тиркемелер) жана жалпыга маалымдоо каражаттарын (социалдык тармактар, жарандык журналистика, теле көрсөтүү) камтылыш керек. Коомдун, адатта, адам укуктары менен алектенбеген мугалим, сүрөтчү, спортчу, обончу, бизнесмен, ата-эне, доктур ж.б. сыяктуу бир кыйла кеңири катмарларын камтыган долбоорлорго артыкчылык берилет. Жана диний лидерлер,  мамлекеттик кызматкерлер өңдүү адамдар дагы кирүүгө болот;
  • Мында долбоордун иштөө мөөнөтү токтогондон кийин дагы узакка чейин туруктуулугун көрсөткөн жана жергиликтүү ресурстарды жана изилдөөлөрдү колдонуу менен иштөөнү уланта алган долбоорлорго артыкчылык берилет.
  • Долбоорлор ошондой эле адам укуктары жаатындагы жергиликтүү, улуттук, аймактык жана/же эл аралык дайындуу мыйзам актыларына, келишимдерге же конвенцияларга шилтемелерди дагы киргизиши керек. Талапкерлер сунушталып жаткан долбоор адам укуктарын илгерилетүү, бул проблемаларды чечүү боюнча мыйзамдарды аткаруу, иш-аракеттерди жүргүзүү, же адам укуктары менен мыйзамдардын жана принциптердин бузулушу жөнүндө кабардар болууну жакшыртуу боюнча маселелерди кандайча чечип жаткандыгын түшүндүрүүгө тийиш;
  • Долбоордун бюджети 800дөн 2000ге чейинки АКШ долларын түзүүгө тийиш;
  • Долбоорлор ӨЭУ менен биргеликте иш жургузо алышат, бирок ӨЭУнун атынан чыга алышпайт;
  • Долбоордун бюджети (формасын ушул жерде) долбоорго байланыштуу айкын так чыгымдарды чагылдырууга тийиш. Бюджет үлгүсү

Биз төмөндөгү долбоорлорду каржылабайбыз:

  • Адам укуктарына түздөн-түз тиешеси болбогон долбоорлорду;
  • Жаңычыл эмес, табышкер жана уникалдуу эмес долбоорлорду. Биз ишмердүүлүгү жалаң тегерек стол, кайрымдуулук, семинар, лекция, мастер-класс жана тренингдерден, кол өнөрчүлүк өндүрүшүнөн же ушуларга окшогон иш-чаралардан турган долбоорлорду каржылабайбыз.
  • Конференцияларга, семинарларга, тренингдерге ж.у.с. катышуу үчүн чогултулуучу каражаттарды жана билеттерди.
  • Окуу үчүн стипендияларды же курс үчүн төлөмдөрдү;
  • Эмгек акыны.

*Талапкерлер билдирме берилген учурдан тартып жеңип чыккан долбоорлор жарыяланганга чейинки 4 айлык аралыктагы мөөнөттө күтүп туруушу мумкун.

Долбоордук сунушту берүүнүн акыркы күнү: саат 17:00, 15- март  2019-ж.

Билдирме бериш үчүн:

 Билдирмени кыргыз же орус тилдеринде толтурууну, көлөмү 2 беттен ашпаган резюмени, өзүңүздүн паспортуңуздун же туулгандыгыңыз тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн кошо тиркеп туруп, төмөнкү электрондук почтага жиберүүнү өтүнөбүз: yaf.kyrgyzstan@gmail.com

 Маалымат алуу үчүн төмөндөгү дарекке кайрылыңыз: liramomunalieva@gmail.com,  (0312) 663475 (вн. 133), 0559172765