«Сорос-Кыргызстан» фондунун билим берүү программасы «Мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууга багытталган демилгелерди колдоо» ачык гранттык сынагын жарыялаган. Билдирүүлөр 2019-жылдын 20-февралына чейин күн сайын 9.00дөн 17.00гө чейин кабыл алынат. Сынак тууралуу маалымат ушул шилтемеде http://soros.kg/archives/23114?lang=kg шилтемеде.

Ачык конкурс тууралуу программанын өкүлдөрү Ош шаарында боло турган жолугушууда толук маалымат айтып беришет. Жолугушууда конкурска кантин катышып, долбоордук документтерди кантип толтуруу, тапшыруу керек экени, ана дагы башка көптөгөн суроолорго жооп ала аласыз.

Жолугушуу бир гана күн, 7 февралда, саат 13:00, №18 А. Навои атындагы орто мектепте өтөт. Жолугушууга катышуу акысыз.

Жолугушууга катышуу менен байланыштуу чыгымдарын (транспорт жана мейманкана), тилекке каршы, «Сорос-Кыргызстан» фонду каржылабайт.

Көрүшкөнгө чейин саламатта болуңуз!