Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун маалыматтарына ылайык, ар жыл сайын дүйнө жүзү боюнча абанын булганышынан эки миллионго жакын адам каза болот. Абанын кирдеши азыркы учурдагы эӊ көйгөйлүү маселелердин бири болуп калды. Тилекке каршы, ал биздин өлкөдө да актуалдуу маселе. Акыркы убактарда Бишкек шаарынын тургундары дем кыстыктырган түтүндөн улам тунарууну байкап, ышты жана автоунаадан чыккан газдарды сезе башташты. Климаттык шарттардан улам маселе жылытуу мезгилинде абдан күч алат, анткен менен, жылдын башка мезгилдеринде деле шаардагы абанын сапатын жакшы деп айтууга болбойт. Шаардык бийлик буга чейин бул маселени эч бир байкабагандай, дегеле маселе жоктой мамиле кылып келген.

“Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдөгү абанын булганышы жөнүндө отчетторго таянсак, абанын булгануусунан улам келип чыккан мезгилсиз өлүмдөрдүн үлүшүнүн көбү 2,5-10 микрометр өлчөмүндөгү салмактуу бөлүкчөлөргө (PM2.5, PM10) туура келет” – дейт инженер-эколог Бактыгүл Стакеева. «Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун маалыматтары боюнча бул бөлүкчөлөрдүн өпкөдө дайыма болуусу сезгенүү процесстерине алып келет, алар өз кезегинде, респиратордук жана жүрөк кан-тамыр ооруларына дуушар кылат. Салмактуу бөлүкчөлөр өпкөгө топтолуп, андагы коркунучтуу химиялык заттар кан аркылуу бардык организмге таркап, өлүм менен коштолгон жыйынтыктарга алып келет.”

Начар абалды “МувГрин” коомдук бирикмесинин жаш активист-экологдорунун аракеттеринен улам ордунан жылдырууга мүмкүн болду. Алар эксперттер менен биргеликте шаардын ар кайсы бөлүктөрүндө жайгаштырылган атайын көрсөткүчтөрдүн (датчиктердин) жардамы менен зыяндуу бөлүкчөлөрдү өлчөө аркылуу атмосфералык абанын булгангандыгынын жогорку көрсөткүчтөрүнө коомчулуктун көӊүлүн бурдурууга аракет кылышты. Аны менен бирге эле, массалык маалымат каражаттарында, социалдык тармактардагы басылмаларда көп сандагы макалалар жана ТВ-берүүлөрдө маалыматтар чыгарылып, жарандарга Бишкектеги смогдун пайда болуу себептери жана булганган абанын адамдардын ден-соолугуна, өзгөчө, респиратордук жана жүрөк кан-тамыр ооруларына тийгизген зыяндуу таасирлери тууралуу айтып беришти.

Шаар тургундары ар түрдүү шаардык курулуштардан чыккан кара түтүндөргө, өрттөлгөн турмуш-тиричилик таштандыларынан чыккан жагымсыз буркураган жыттарга, тыгындарда турган автоунаалардан бөлүнүп чыккан зыяндуу газдарга  көӊүл бура башташты жана социалдык тармактарда мындай маалыматтар менен бөлүшө башташты. Көптөгөн шаар жашоочулары ден-соолуктарынын начарлагандыгы тууралуу да айтып беришти. Ошентсе да, шаардагы экологиялык абалга жоопкерчиликтүү мамлекеттик органдар бул маселеге кайдыгер мамиле жасашып, абанын сапаты нормада экендигин айтышты жана тынчсызданууга эч себеп жок деп билдиришти.

Экология чөйрөсүндөгү жарандык активисттердин жана эксперттердин критикалык массасы калыптанып, маселени комплекстүү карашып, мындай абал жергиликтүү органдардын, шаардык пландаштыруу тармагындагы бийликтин шаарда автоунаанын санынын мурункудан да көбөйүшүнө алып келген автоунаа жолдорун кеӊейтүү, мындай кеӊейтүүлөрдөн улам бак-дарактардын ойлонулбай кыйылгандыктары жана, ошондой эле, Бишкекте шамалдын багытына таасирлерин тийгизип жаткан көп кабаттуу имараттардын баш-аламан курулуп жаткандыктары сыяктуу кооптуу иш-аракеттеринин жыйынтыгы экендигин баса белгилешкенден кийин гана КР Премьер министринин көӊүлүн бурууга мүмкүн болду. Ал ведомство аралык жумушчу топ түзүүгө жана бул маселени чечүү үчүн натыйжалуу кадамдарды иштеп чыгууга тапшырма берди.

Аба тазалыгы маселеси боюнча маалыматтарды чогултуунун, талдоонун жана визуалдаштыруунун жана уюштурулган адвокациянын жыйынтыгында Кыргызстандын Парламенти “Таза аба жөнүндө” мыйзамын демилгелеп чыкты.

“МувГрин” коомдук бирикмеси «Сорос-Кыргызстан» Фондунун грант алуучусу болуп саналат.