Ош шаарынын борборунда жайгашкан жайлуу эки кабаттуу кеӊседе жашоо кайнап турат. Бул жерде Клооп коомдук фондунун Оштогу бюросу жайгашкан. Ал жерде үч айлык сезондук мектепте студенттерди журналистиканын башаты боюнча окутушат.

Ушул эле жердеги жатаканада алыскы аймактардан келген катышуучулар жашашат.

Окутуунун форматы – тажрыйба топтоо бул жердеги иш-чаралардын эӊ маанилүү бөлүгү болуп саналат. Студенттер дароо маалымат булактары менен иштөөгө үйрөнүшөт, интервью алууга жана материалдарды даярдоого аракет кылышат. Мектепте иш кызуу, бирок, студенттер чыгармачылык изденүүлөрүндө өзүлөрүн эркин жана бош алып жүрүшөт.

Биз мектепке түш чамаларда келип, даамдуу түшкү тамактанууга туш келдик. Клооптун Оштогу долбоорлорунун координатору Саадат Төлөгөнова үстөл жайып, балдарга аш салып берип жатыптыр. Салттуу оштук аш, анын буркураган жыты жана кайталангыс даамы – өзүнчө сөз кыла турган тема, бирок, мындай даамдуу тамактын үстүндө маектешүү дайыма жагымдуу болоорун жана ишеним туудура тургандыгын айтпай койсок болбос. Клооп журналистикалык мектебинин студенттери менен маектешүү да ушундай жагымдуу болду. Алар тажрыйбадан алган таасирлери тууралуу айтып беришти, өз пландары менен теӊ бөлүшүштү жана өзүлөрүнүн жаш устаттарын абдан макташты.

Эльвира Султанмурат кызы – мектептин ментору, Ош шаарына Бишкектен келген: «Биз, тренерлер, студенттерден бир аз гана улуураакпыз – бул эӊ чоӊ жетишкендик. Балдарга өзүлөрү менен теӊ курдуулар менен сүйлөшкөндө жеӊилирээк, анткен, алар бизден уялышпайт жана ар кандай суроолорду бере алышат. Студенттерди анкетанын жана эссенин негизинде тандап алдык. Бизде кезек системасы иштейт, ага ылайык, ар бир студент өзүнүн белгиленген күнү келгенде материалын чыгаруусу керек: жаӊылык, фото же видео. Мындан улам, улуулар эмгектенген ЖМКнын редакцияларында күчүнө кирген белгилүү бир тартипке студенттер да көнө башташат. Ар бир материалга өзүнүн баллдык баалуулугу коюлган. Ошентип, студент фоторепортаж, жаӊылык же видео даярдоо менен өзүнө балл топтойт.»

Жаӊылык сайтка чыгарылабы же жокпу бишкектик редакция менен биргеликте чечилет, ал эми темалар башкы редактор менен макулдашылат. Ош бюросунда редакция ар жума күнү өзүнүн иш жыйынын өткөрөт.

«Бизде башкаруучулар жок, биз баарын баалайбыз жана ар бир адам өзгөчө деп эсептейбиз. Редакцияда ар бир адамдын өзүнүн ой-пикири бар, баарысын биргеликте чечебиз жана экскурсияларга бирге чыгабыз, балдар бизге кесиптик суроолор гана эмес, жеке турмуштары тууралуу да кайрылып турушат», — дейт Эльвира.

Майрамбек Таалайбек уулу – жазгы Клооп журналистикалык мектебинин студенти. Ал редактордон телефондун номерин берип, жаӊылыктар үчүн медициналык факультеттердин студенттеринин ординатурага берилген мөөнөттүн узартылышы боюнча нааразычылыктары жөнүндө маалыматтарды суратаарын күткөн эмес. Майрамбек өзүнүн биринчи материалын видеорепортаж түрүндө Оштогу православдык чиркөө тууралуу даярдаган. Ал өзү тарткан 500 фотосүрөттүн ичинен 100 сүрөттү гана тандап алган, ал эми сайт үчүн бир нечеси гана колдонулган.

«Дыкааттык менен даярдануудан кийин, мен мындай материалдарды даярдоо канчалык оор экендигин түшүндүм, бирок, фоторепортаждарды даярдай алам деп өзүмө ишендим. Ал эми өзүмдүн алган таасирлеримди окурмандарга жеткиргенге аракет кылдым», — деп Майрамбек оюн бөлүштү.

Окуу башталаары менен студенттер журналисттик ишке сүӊгүп киришип, жаӊылыктарды жер-жерлерде даярдоого өтүшөт. Мектептин эӊ маанилүү айырмачылыгы жөн эле журналисттик тажрыйбага багыт берүү гана эмес, бул жерде ар бир студентке жаӊылыкты берүүнүн ар түрдүү форматтарын байкап көрүүгө мүмкүнчүлүк берилгендигинде. Тренерлер өз студенттерине ишенишет жана аларга өтө олуттуу темаларды көтөрүп чыгууларына мүмкүнчүлүк беришет.

Айгерим Ырысбек кызы Оштун жанындагы таштанды полигону тууралуу эӊ резонанстуу материал-фичерлердин бирин даярдаган: «Башында мен мэриянын кызматкерлери мага олуттуу мамиле кылышат, ал эми өзүм мындай оор темага макала  даярдай алам деп ойлогон да эмесмин. Бирок, макаланы жазып жатканда мен тажрыйба гана алган жокмун, эӊ негизгиси, жөнөкөй адамдардын кадимки турмушу тууралуу да көп нерселерди үйрөндүм.»

Мектептин менторлору Айгеримдин жөндөмдүүлүгүн баса белгилеп кетишти: «Ал журналистика факультетинин биринчи курсунда окуйт, бирок, маектешүүдөн кийин ал Мектептен эӊ көп тажрыйба алгандыгын билдирди. Айгерим жакшы интервью алат, суроолорду так түзүп, аларга каалаган толук жоопторду ала алат.»

Бул жакта «мугалим-окуучу» деген иерархия жок, бардыгы бирдей жана ар ким өзүнүн көз караштарын бөлүшүүгө укуктары бар. Ал эми жаштар менен иш алып барууда ички эркиндик абдан маанилүү болуп саналат.

Гүлжан Эшбаева, Клооптун редактору жана Мектептин ментору, белгилеп кеткендей тапшырмаларды бөлүштүрүүдө студенттердин коопсуздугу эӊ биринчи эске алынат, анткени, аларга кээ бир учурларда зомбулук, жакырчылык жана кылмыштуулук сыяктуу өтө оор социалдык көйгөйлөрдү көтөрүп чыгууга туура келет. Гүлжан креативдүүлүгү жана коммуникативдик көндүмдөрү менен эсинде калган Гүлнур Заирова тууралуу ойлорун бөлүштү: «Гүлнур биринчи күндөн баштап эле ар түрдүү пресс-кызматтары менен дээрлик кесипкөй иш алып барып, башка студенттер үчүн үлгү болуп калды. Клооп журналистикалык мектебинен алынган билимдер анын кесиптик келечеги үчүн чоӊ түрткү болот деп үмүттөнөм».

Редакторлор алгачкы темалардын ичинде студенттердин коомчулуктун астындагы жоопкерчиликтери, журналисттер темаларды тандоодо эӊ башкысы коомдук кызыкчылыктарды көздөөлөрү керектиги, бирок, тактык жана баланс жөнүндө унутпоо керектиги тууралуу айтып беришет. «Мындай мектеп жаштарга өтө керек. Үч айдын ичинде тереӊ билим алууга жана дүйнө-таанымды да кеӊейтүүгө мүмкүн», — дейт Майрамбек. Бул жакта бардык жаӊылыктар кыргыз тилинде даярдала тургандыгы маанилүү. М-Вектор компаниясынын (Аудиториянын медиа артыкчылыктарын изилдөө, 2017) акыркы маалыматтарына ылайык бүгүнкү күндө Кыргызстандын калкынын дээрлик 70% жаӊылыктарды кыргыз тилинде алууга артыкчылык беришет. «Сорос-Кыргызстан» Фонду Клооптун Оштогу бюросунун ишмердүүлүгүн кыргыз тилдүү аудиторияга сапаттуу контенттин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында колдоого алат. Жаштар үчүн журналистикалык мектептерге колдоо көрсөтүү өсүп келе жаткан муундун критикалык ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт жана жаӊы баштап жаткан журналисттерди тарбиялоого салым кошот.