2018-жылы «Көз карандылыкка каршы Борбордук Азия Альянсы» коомдук фондунун эксперттер тобу «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен кыйноолордун укуктук, медициналык жана социалдык кесепеттери жөнүндө Борбор Азиядагы уникалдуу жана бирден-бир изилдөөнүн жыйынтыктарын билдиришти. Изилдөөчүлөр кыйноолорду колдонуу тажрыйбасынан жабырлануучулар дагы, мамлекет дагы тарта турган каржы чыгымдарынын көлөмүн санап чыгышкан.

Изилдөөнүн жыйынтыктарын карап жатып, азыркы учурда мамлекет кыйноолордун кесепеттеринен тарткан чыгымдын суммасынын 1%дан азыраагы гана кыйноолорду алдын-алуу үчүн коротот деп айтканга болот. Кыйноолордун кесепеттеринин өлкө үчүн баасын өтө жогорку тактыкта эсептеп чыгууга жана так сандарды мисал келтирүүгө болот, бирок, жабырлануучунун физикалык жана моралдык запкыларын кантип эсептөөлөрдүн ичине гана киргизип коюуга болот деген суроо ачык бойдон калат.

Тереӊдетилген интервьюларды жүргүзүү учурунда изилдөөчүлөрдүн тобу кыйноолорго кабылган адамдардын жашоо баяндарына сүӊгүп киришип, алардын тажрыйбалары, психологиялык  жабыркоолору жана коркунучтары жөнүндө билишти. Андан соӊ изилдөөнүн жүрүшүндө алынган сандык жыйынтыктар жабырлануучулардын чыныгы тажрыйбасына салыштырмалуу аз экендиги жана өлчөнгүс бойдон калаары белгилүү болду.

Изилдөөнүн жетекчиси, врач-психиатр Аида Парпиеванын маалыматтары боюнча 6 жыл ичинде эле прокуратура органдарына кыйноо фактылары боюнча 1 900 жаран кайрылган. Изилдөөгө таянсак, бул өз жашоосунда ар түрдүү кыйноолорго кайрылгандардын 60% гана. «Мамлекет адам укуктарын көӊүл сыртында калтырганда, ал узак мөөнөттүү терс жыйынтыктарга алып келет: мамлекеттик институттарга ишеним азаят жана калктын экономикалык ишмердүүлүгү төмөндөйт, ал эми коомдо чочулоо жогорулайт» — дейт Парпиева.

Изилдөөнүн авторлорунун бири, эксперт экономист, Арсен Иманкулов кыйноолордун кесепети мамлекетке жана жабырлануучуга канча суммада болоорун айтып берди. Анын айтуусу боюнча, кыйноолордун болгону 27 гана учуру талдоого алынган. Жапа чеккен адамдар эксперттерге кандай медициналык, реабилитациялык, убакыт жана каражат жагынан чыгашаларга дуушар болгондорун айтып беришкен. Бардык эсептөөлөр жабырлануучуга мамлекеттик органдар менен байланышуунун бардык этаптарынан өтүшү керек жана адилеттүүлүккө жетүүсү керек деген шарт коюу менен жүргүзүлдү. Эксперттер бардык окуяларды кесепеттердин оордугуна жараша үч топко бөлүшкөн жана чыгымдардын баасын ар бир топ үчүн өзүнчө эсептеп чыгышкан.

Кыйноолордун жабырлануучу жана мамлекет үчүн экономикалык кесепеттеринин орточо өлчөмүн жалпылоо жана билүү максатында долбоордун жумушчу тобу бир кыйноонун орточо баасынан баштап саноо чечимин кабыл алды. Чыгымдардын дээрлик бардык түрлөрүнүн баасы социо-биологиялык кесепеттердин оордугунун өсүшүнө жараша өсө берет. Запкы чегүүчү кайрылган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн саны жана түрлөрү канчалык так аныкталса, анын чыгымдарын калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү да ошончолук көбөйөт. Жабырлануучунун жоготууларынын өлчөмү сом менен: салыштырмалуу жеӊил деӊгээл – адамдар өзүлөрүнүн күнүмдүк жашоосуна жетишээрлик түрдө эрте кайтып келе алышкан жана өзүлөрүнүн кирешелерин калыбына келтире алышкан – 323 миӊ сом; орточо – жабырлануучулар жарым-жартылай жоготууларга дуушар болгон (балким, жашаган жерин алмаштырууга туура келген, толук кандуу жашоого кайрылуу үчүн бир топ узак убакыт талап кылынган) – 1 млн 54 миӊ сом; оордуктун критикалык деӊгээли – кыйноолор орду толгус жоготууларга алып келген: ажырашуу, башка жакка көчүү, иш ордунан ажыроо жана /же майыптыкка алып келген – 4 млн сом.

Мамлекеттин чыгымдарын эсептөө үчүн чыгымдардын нормативдерин же белгилүү бир мамлекеттик ведомстволор көрсөткөн кызматтардын жеке наркын эсептөө колдонулган.  Долбоордун жумушчу тобу «чагылтуу» ыкмасы деп аталган мамлекет көрсөткөн медициналык кызматтарды эсептөө ыкмасын тандап алган. Анда чыгымдар кыйноолордон жабыркаган адам тигил же бул мамлекет каржылаган медициналык мекемеге кайрылгандыгы тууралуу маалыматтын негизинде калыбына келтирилет. Мамлекеттин бир кишиге кетирген каржылык чыгымдары, сом менен: салыштырмалуу жеӊил деӊгээл – 1 млн 300 сом; орточо – 1 млн 400 миӊ сом; критикалык деӊгээл – 2 млн. 600 миӊ сом. Изилдөөнүн жыйынтыктары коомдо чоӊ талкуу жараткан. Кыйноолор темасын ЖМКда жана социалдык тармактарда катуу талкуулоо «милиционерлердин кыйноолорунан улам 2005-жылы майда каза болгон» Турдубек Акматовдун туугандарына моралдык компенсация төлөп берүү жөнүндөгү соттун токтому менен дал келген.  Каза болгон адамдын туугандарына бериле турган компенсациянын суммасы 200 миӊ сомду түзгөн.