Аялдарга карата болгон зомбулук салттык коомдо — кадимки эле көрүнүш. Бул тууралуу сөз кылууга болбойт. Өзгөчө үй-бүлөдөгү зомбулук жөнүндө сөз кылууга болбойт. Аялдар көгалаларды жапканга жана сөздү жагымдуураак нукка бурганга үйрөнүшкөн. Балдар – энесинин кыйналгандарына күбө болушат, бирок, үйдөгү чыр-чатакты сыртка чыгарганга болбой турганын билишет.

Коомдук көрсөтмөлөр үйдөгү тиранга чексиз эркиндик берген. Тиран тоотпойт, анткени, «жабыркоочу өзү күнөөлүү». Мындай бири-бири менен чырмалышкан жашоодо жексурга каршы туруу мүмкүн эмес. Куткаруучу табуудан үмүтүн үзгөн, куугунтукталган аял өзүн таштап, өзүн жана балдарын күн сайын майып болуу, зордуктоо жана өлүмгө дуушар болуу коркунучунда жүрө берет.

Кыргызстандын түндүгүндө жайгашкан кичинекей Каракол шаарында гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан тигил же бул деңгээлде ар бир бешинчи аял жабыркайт. Ар бир бешинчи аял – бул беш миӊден ашуун аял! Өз абалын өз алдынча өзгөртө албаган аялдар; коркуп-үрккөн, жоопкерчиликке байланган аялдар; жардамга муктаж аялдар.

“Улукман дарыгер” коомдук фонду  он беш жылдан бери мына ушундай зомбулуктан жапа чеккен аялдар менен иш алып барат. Зомбулуктан запкы чепкендердин жашоо баяндары көпчүлүк убакта бири-бириникине окшош – эрте турмуш куруу, билимдин жоктугу, билбестиктен бойдо болуу, каржы жактан көз карандылык. Бул аялдардын баарынын укуктары сакталбат, бирдей бактысыз аялдар. Бир аз убакыт мурун эле алар кайда барып жардам алуу керектиги, кайда баш калкалоо тууралуу билишкен эмес. Эми бул аялдардын жардамга жана куткарууга деген үмүттөрү пайда болду – аларга коопсуздук кепилдигин бере турган жай табылды.

«Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен «Улукман дарыгер» коому 2016-жылы Караколдун чет жакасында зомбулуктан запкы чеккен аялдар үчүн башпаанек жай ачкан. Бул жайды “Химая” деп аташкан, ал араб тилинен которгондо “коргоо” деген маанини билдирет.

Бул бир кабаттуу, үч бөлмөсү жана кичинекей короосу бар имарат Бегимай үчүн үй-бүлөлүк зомбулуктун тозогунан кутулуудагы жалгыз үмүтү болду. Ал жана анын эки кызы беш жыл бою үй-бүлөлүк зомбулуктун азабын чегишкен. Бегимай, жыйырма беш жаштагы жаш келин, балдар үйүнүн тарбиялануучусу. Анын ата-энеси ал кичине кезинде эле каза болушкан, бир туугандары жок. Жаш кыз бекем жана бактылуу үй-бүлө тууралуу кыялданып келген. 17 жашында, балдар үйүн бүтүрүп чыккан соӊ дароо турмушка чыккан. Тилекке каршы, эки кызы төрөлгөнүнө карабастан жолдошу менен мамилеси келишпей, Бегимай дайыма үй-бүлөлүк зомбулуктан запкы чеккен. Уруш-токмоктон жашынуу үчүн ал үйдөн качып чыгып, бир аз убакыт унаа жуучу жайда жашап, ошол жерде жан сактап келген.

2017-жылы июнда Бегимай аргасыздан Каракол шаарынын мэриясына колдоо издеп кайрылды. Мэриядан аны “Химая” борборуна жиберген. Коргоо жана убактылуу башпаанек жай – сынып калган адамды бутуна тургузуу, физикалык жана моралдык жактан калыбына келтирүү үчүн бир гана зарыл нерсе. Акыркы жыл аралыгында Бегимай кийим бычуу жана тигүү сабактарын окуп жана борбордо ыктыярчы болуп иштеп абдан чоң секирик жасады. Борбордун иштерине аралашып, шелтердин иштериндеги бардык башкаруучулук милдеттерин өзүнө алды. Бегимай социалдык жактан активдүү боло алат жана башка да аялдарга жардам бере алат, эми ал эркектин кордугуна кабылбайт.

«Улукман дарыгер» коомдук фондунун директору Улан Турсунбаевдин айткандары боюнча имаратты сатып алуу фонддун ишиндеги чечүүчү учур болду.  Көп жылдар бою «Улукман дарыгер» зомбулуктан качкан аялдар үчүн баш калкалоочу жайларды күн сайын  издеп турган. Шаардык мэрияга да көп жолу кайрылган. Эми фонд менен мэрия толук камдуу өнөктөш болуп калышты. Караколдогу аялдар үчүн жаӊы мүмкүнчүлүктөр ачылды, эми алар колдоо табуу үчүн кайда кайрыла турганын билишет. Бул өкмөттүк эмес уюм муниципалитет толук чече албаган аялуу топтордун көйгөйлөрүн акысыз жана сапаттуу чечүү боюнча жоопкерчиликти өзүнө алгандыгынын даана мисалы болуп саналат.  Бир жыл аралыгында эле «Химая» ага кайрылган 229 адамга жардам көрсөтө алышты.

2018-жылдын январь айында мамлекеттик социалдык заказдар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, ал социалдык жактан аялуу топтор үчүн көрсөтүлүүчү кызматтарды сатып алуу боюнча мамлекеттик заказдарды муниципалитеттин деңгээлинде жайгаштырууга мүмкүндүк берди. Каракол зомбулуктан жапа чеккен аялдар үчүн шелтерди иштетүү боюнча мындай социалдык заказды жайгаштырган Кыргызстандагы биринчи шаар болуп калды.  Бул келишим коомдук фонд үчүн жакшы колдоо болду, бирок, эӊ негизгиси, ал өкмөттүк эмес уюм менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы мамилелерди өз ара пайдалуу жана кызматташтык деӊгээлдеги мамилелерге өзгөрттү.

Улан жана уюмдун кызматкерлери келечекке ишенимдүү карашат, анткени жеке имараттын болушу шелтерге каржылык жактан туруктуу болууга, кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө жана кеӊейтүүгө, жана өзгөчө, өзүнүн чарбачылыгын жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Алар ушул тапта эле ондогон тоокторду сатып алышты, ошондой эле, уй сатып алууну дагы пландаштырышууда. Жумуртка менен сүт башпаанек жайда жашаган энелердин балдары үчүн эӊ чоӊ колдоо болуп саналат. Ашык сүттөрдү алар сыр жана башка сүт продукцияларын чыгаруу үчүн колдонууну пландаштырышууда. Жеке имараттын болушу турмуштун катаал сыноолоруна кабылган аялдарды кийим тигүүгө окутуу аркылуу социалдык ишкердүүлүктү баштоого мүмкүнчүлүк берди. Уюм сумкаларды, шейшептерди жана башка күнүмдүк нерселерди тигүү боюнча заказдарды алуу менен бир аз киреше таба баштады.

Уландын жана бул борбордун ийгиликтүү үлгүсү Жалал-Абад, Ош, Бишкек жана Кара-Балта шаарларында аялуу топтор  менен иштеген башка өкмөттүк эмес уюмдарга да ушундай эле борборлорду жогоруда аттары аталган шаарларда ачууга шык берди. Бул шаарлардын жетекчиликтери да 2019-жылдан баштап жергиликтүү социалдык заказдын алкагында мындай шелтерлердин иштерине колдоо көрсөтүүнү чечишти.