“Журналисттик иликтөө фонду” КФ “Сорос-Кыргызстан” Фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “КРдеги журналисттик иликтөөнү өнүктүрүү” долбоорунун алкагында иликтөө долбоорлорун ишке ашыруу боюнча чакан гранттардын кезектеги конкурсунун 3-этабын жарыялайт.

Чакан гранттардын максаты – Коррупциялык укук бузуу жана мыйзамсыздыкка каршы келген көрүнүштөрдү токтотууга жана мындай фактыларды коомучулукка чагылдырууга багытталган иликтөө долбоорлорун колдоо аркылуу КРдагы журналисттик иликтөө тажрыйбасын өнүктүрүү жана популяризациялоо.

Иликтөө долбоорлору журналисттик иликтөөнүн мыйзамдуу ыкмаларын жана инструменттерин колдонуу менен өлкөдөгү конкреттүү жана актуалдуу социалдык, экономикалык жана укуктук көйгөйлөрдүн маңызына ачып берүүгө багытталышы керек.

Иликтөө долбоорлору үчүн приоритеттүү деп саналган темалар:

  • Инфраструктурлык долбоордогу, билим берүү жана саламаттыкты сактоо системасындагы, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар жана тендерлердеги коррупция фактылары;
  • Тоо-кен иштетүү тармагы;
  • Коомдун аялуу топтору үчүн медициналык тейлөөнүн жана дары каражаттарынын жеткиликтүүлүгү;
  • Экология жана айлана чөйрөнү коргоо.

Конкурска катышууга жөнөтүлгөн кайрылуулар тандоо комиссиясы тарабынан төмөнкү критейлер боюнча бааланат:

  1. Журналисттик иликтөөнүн актуалдуулугу, анын негиздүүлүгү жана масштабы;
  2. Журналисттик иликтөөнү жүргүзүү жөндөмү;
  3. Гипотезанын болушу, фактыларды текшерүүдө маалыматтар топтомуна таянуу;
  4. Иликтөө долбоорунун конкреттүү бир абалга оң таасирин тийгизиши;
  5. Долбоордун бюджетинин реалдуулугу жана негизделиши;
  6. Иликтөө долбоору аяктаган соң даярдалган материалды жайылтуу боюнча конкреттүү пландын болушу.

ЧАКАН ГРАНТТАРДЫ ИШКЕ АШЫРУУНУН ЭТАПТАРЫ:

1. Консультациялык жолугушуу: тандалып алынган авторлорду иликтөө долбоорун жүргүзүүнүн шарттары жана процедурасы, отчеттуулук боюнча маалымдоо;

2. Тандалып алынган авторлор авторлор менен келишимге кол коюу жана каржылоону баштоо

Сунуш жактырылган шартта:

а) Юридикалык жактар менен келишим түзүлөт жана ошол келишимдин негизинде иликтөө үчүн төлөм жүргүзүлөт. Бардык салык түрлөрүн жана социалдык төлөмдөрдү грант алуучу төлөйт;

б) Жеке жактар менен кызмат көрсөтүү боюнча келишим түзүлөт. Кирше салыгын жана социалдык төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча милдеттемени грант берүүчү – “Журналисттик иликтөөлөр фонду” КФ өзүнө алат.

“Журналисттик иликтөөлөр фонду” КФ грант алуучулар менен альтернативдик варианттагы келишимдерди түзүүгө укуктуу.

Грант эки тарншта берилет. Биринчи транш бул жалпы гранттын 50% суммасына тете алдын ала төлөм. Калган 50% экинчи тарнш иликтөө толук жана ийгиликтүү аяктап, ал бекитилип жана отчеттор тапшырылган соң төлөнөт.

3. Иликтөө долбоорлоруна менторлук колдоо көрсөтүү

Тандалып алган ар бир долбоорго тажрыйбалуу журналист жана медиа эксперттер арасынан ментор бекитилет. Менторлор грант алуучуларга төмөнкү жардамдарды көрсөтөт:

  • Иликтөө долбоорун ишке ашырууга керектүү болгон консультативдик жана башка колдоо;
  • Иликтөө жүргүзүү маалында жана материалды даярдоодо иштин сапаттуу жүрүшүн маал маалы менен көзөмөлдөп туруу. Ошондой эле грант алуучуга бөлүнгөн каражаттын рационалдуу колдонулушуна көз салуу;
  • Иликтөөнүн планын түзүүгө, иликтөө жүргүзүүнүн методикасын жана болочок медиа продуктун форматын аныктоого, иликтөөнүн гипотезасын курууга жана иликтөөгө керектүү ресурстардын тизмесин түзүүгө көмөктөшүү;
  • Алгачкы маалыматтарды топтоо жана иштеп чыгууга, булактар менен иштөөгө, логистикалык чечимдерди алууга, топтолгон маалыматтарды системалаштырууга, далил базасын курууга жана иликтөөнүн жыйынтыгы менен материал даярдоого көмөктөшүү.

4. Редакциялык фактчекинг

Журналисттик иликтөө жүргүзүүдө маалыматтардагы катачылык жана ага жетиштүү көңүл бурбагандыктын кесепети опурталдуу болот. Журналисттик иликтөөдөгү каталарды таап жана аларды жокко чыгаруу үчүн фактыларды текшере турган фактчекер тартылат

Фактчекер:

  • Жүргүзүлүп жаткан иликтөөдөгү сандарды жана статистикалык маалыматтарды, башка булактардан алынган цитата же пуликацияларды текшерет;
  • долбоорду ишке ашырууда консультативдик колдоо көрсөтөт.

Фактчекингдин жыйынтыгы менен грант алуучуга берилген сунуш жана оңдоп-түзөтүлөр сөзсүз аткарылышы керек.

5. Укуктук экспертиза

Иликтөөнүн жыйынтыгы менен даярдалган материалдарды соттук териштирүүлөрдөн коргоо үчүн даяр материалдар юрист тарабынан юридикалык коопсуздук жана укуктук тобокелдиктер боюнча бааланат. Укуктук экспертизанын жыйынтыгы менен грант алуучуга юридикалык тыянак жөнөтүлөт. Анда көрсөтүлгөн негизги жыйынтык жана сунуштарды грант алуучу сөзсүз эске алышы керек.

6. Иликтөө долбоорун жыйынтыктап баалоо

Иликтөө долбоорлорун ишке ашыруунун жыйынтыгы менен даярдалган ментор тарабынан журналисттик иликтөөнүн стандарттарына жана иликтөө долбоорунун аткаруучусунун алдын ала жарыялаган критерийлерине туура келе турганы бааланат. Баалоонун жыйынтыгы менен ментор материалды толуктап иштеп чыгуу үчүн авторго кайтарышы мүмкүн жана грант алуучу аны аткарууга милдеттүү. Ментор материалды грант берүүчүгө сунуштоонун алдында баалайт жана бекитет, андан соң аны социалдык тармактарда жана медиада жайылтууга көмөктөшөт. Эгер иликтөө максатына жетпей калса анда грант берүүчү гранттын калган 50%ын төлөбөй койгонго акылуу.

7. Отчеттуулук

Грант алуучу иликтөө долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыгы менен Грант берүүчү иштеп чыккан форманын негизинде отчет тапшырат.

8. 2-транштагы каржылоо

9. Даяр материалды жарыялоо жана медиада жайылтуу

 

ЧАКАН ГРАНТТАРДЫН СЫНАГЫНА КАТЫШУУНУН ШАРТТАРЫ:

Ким катыша алат?

Конкурска журналисттер, уюмдар, медиа тармакта иштегендер, фрилансерлер, жарандык активисттер, блоггерлер, студенттер жана иликтөө жүргүзгөн башка адамдар катыша алышат.

Гранттын көлөмү

Кайрылуулар 60 000 сомдон ашпай турган суммада болушу шарт. Бул каражат журналисттик иликтөөгө керектүү чыгашаларга багытталат (гонорар, айлык акы, жол кире, документ чогултуу, жабдыктарды ижарага алуу, материалды которуу ж.б.)

Иликтөө долбоорунун жыйынтыгында сунушталган материалдар кыргыз жана орус тилинде болушу шарт. Кайрылган тарап материалдын кыргыз же орус тилине которулушун долбоордун бюджетинде эске алышы керек.

Грант эки транш менен берилет, ар бири 50%дан. Биринчи транш журналисттик иликтөөнүн башында, экинчиси иликтөө толугу менен ийгиликтүү аяктагандан кийин берилет.

Иликтөө долбоорлорун ишке ашыруу мөөнөтү

Иликтөө долбоорлорунун алкагындагы материалдар 90 күндүн ичинде (сентябрь-ноябрь, 2019-жыл) даярдалышы керек. Бул мөөнөткө фактчекинг, материалдын ментор тарабынан бааланышы, юридикалык экспертиза жана сунуштардын негизинде материалды кайра иштеп чыгуу камтылаарын эске алуу керек. Иликтөө долбоорлору 2019-жылдын 5-декабрына чейин толук аякташы керек.

Конкурска кайрылуулар кыргыз жана орус тилинде кабыл алынат. Соңку материалдар каалаган форматта болушу мүмкүн (электрондук, телерадиоберүүлөр үчүн же басма ММКлар үчүн).

Кайрылуунун формасы

Бюджеттин формасы

Конкурстун мөөнөтү жана байланыш

Өтүнмөлөр grant@jif.kg электрондук дарек боюнча 2019-жылдын 25-августуна чейин кабыл алынат. Бардык суроолор боюнча Фонддун долбоорлор координатору Гүлмира Эсенгелдиевага 0700 777-856 телефону, же g.esengeldieva@gmail.com эл.почтасы аркылуу кайрылсаңыз болот.