«Клооп Медиа» коомдук фонду «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу астында Ош шаарындагы күзгү журналистика мектебине кабыл алууну баштады.

«Клооп Медианын» онлайн журналистика мектеби — практика аркылуу билим алууга шарт түзгөн кайталангыс курстар.

Эмне үчүн «Клооптун» журналистика мектебин тандоо керек?

Биздин мектепте мультимедиалык журналистиканы үйрөнөсүң. Анда текст жазуудан тышкары фотосүрөт тартууну жана видео репортаждарды даярдоону өздөштүрүп, медиа мыйзамдар тууралуу маалымат ала аласың.

Андан тышкары журналисттик иликтөө жүргүзүү боюнча да сабактарды окуйсуң. Биздин гана мектепте окуунун биринчи жумасынан тарта респонденттен интервью алып, өлкөдөгү маанилүү окуяларды жеринен чагылдырасың — ал үчүн биз керектүү ресурстар менен камсыздайбыз.

Сага мобилдик телефондон видео тартып, социалдык тармактарда түз эфир жасоону үйрөтөбүз.

Kloop.kg сайтындагы материалдардын авторлору — биздин мектептин катышуучулары. Алар мектепке келген күндөн тарта жаңылыктарды ири аудитория үчүн жаза алышат.

«Клооп Медианын» Ош шаарындагы күзгү журналистика мектеби 2019-жылдын 16-сентрябрда башталып 16-ноябрда аяктайт. Ага Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын журналистикага кызыккан жашоочулары билдирме жөнөтө алышат. Жаш курагы боюнча чектөө коюлбайт.

Бирок эгерде жашың 18ге толо элек болсо, анда ата-энеңдин же асыроого алган кишинин уруксат кагазын толтуруп, school@kloop.kg электрондук почтасына жибер (форманы бул жерден жүктөп алууга болот).

«Клооп Медиа» аймактан келген катышуучуларды жол кире жана жатакана менен камсыз кылат.

Билдирменин негизинде 12 катышуучу журналистика мектебине тандалып алынат.

Кошумча маалымат алуу үчүн:

Моб. тел:

+996 559 300 336 (WhatsApp);

+996 772 300 336

Электрондук дарек: school@kloop.kg

Дарегибиз: Алиев көчөсү, 161А, Ош шаары, Кыргыз Республикасы

Күзгү журналистика мектебине катышуу үчүн онлайн билдирмени толтуруп жөнөтүү керек. Билдирмелер 2019-жылдын 10-сентябрь саат 18:00гө чейин кабыл алынат.