Сонун жаңылыгыбыз бар!

КР Билим берүү жана илим министрлиги 18-сентбярда билим берүү жана медиа чөйрөсүндөгү серепчилердин жумушчу тобунда иштелген медиа-маалыматтык сабаттуулуктун элементтери менен КРдин билим берүү системасын өнүктүрүү Концепциясын бекитүү жөнүндө буйрукка кол койду.

Концепция “Санарип Кыргызстан 2019-2023” мамлекеттик программасында чагылдырылган өлкөнүн санарип трансформациясынын алкагындагы билим берүү системасын реформалоо багыттары менен камтылган.

Атап айтканда, электрондук окуу китептеринин жаңы типтеринин формировкасы, заманбап стандартка ылайык окуу-усулдук материалдар, мультимедиялык тексттер жана тапшырмалар камтылган. Муну менен катар көбүнчө мектеп китепканалары менен музейлерин санариптештирүүгө басым жасалып, баарына жеткиликтүүлүгү, жаңы талаптар менен компетенцияларды эске алуу менен тынымсыз квалификациясын жогорулатып туруу каралган.
Концепция билим берүү системасын бүт кайра форматтоого үчүн кабыл алынып, жаш кыргызстандыктардын сапаттуу билим алуусун көздөп, сапарип коомчулуктун талаптарына жооп берет.