“Сорос-Кыргызстан” фондунун Билим берүү программасы «Инклюзивдик билим берүү боюнча демилгелерди колдоо» долбоорунун алкагында майыптуулугу бар балдардын жана калктын социалдык жактан аяр топторунун билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу боюнча долбоордук билдирмелерге сынак жарыялайт.

Каржылоонун алкагында калктын аяр топторунун балдарынын жана атайын билим берүү муктаждыктары бар балдардын сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырган долбоорлор колдоого алынат.

Сынактын максаты:

Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнүн өнүгүшүнүн Концепциясын ишке ашыруусуна көмөк көрсөтүү жана төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталган долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу аркылуу балдардын укуктарын коргоо жана майыптуулугу бар балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу чөйрөсүндө иштеген уюмдардын ишмердигин кеңейтүү жана алар менен өнөктөштүк мамилени өркүндөтүү.

Сынактын милдеттери:

  • мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жалпы билим берүүчү мектептерге кошуу;
  • мектепке барбаган балдарды билим берүү системасына кайтаруу;
  • билим берүү саясатынын жана практикасынын деңгээлинде (ченемдик-укуктук, уюштуруучулук, усулдук аспектилер) инклюзивдик мамиленин принциптерин бекемдөө жана институтташтыруу;
  • коомчулуктун инклюзиянын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алуусун, айрыкча ата-энелердин өз учурунда жана квалификациялуу бул категориядагы балдарды колдоо тууралуу маалымат алуусун жогорулатуу;
  • майыптуулугу бар балдардын жана өспүрүмдөрдүн кесипкөйлүк көндүмдөрүн, мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү жана кийин аларды жумушка орноштуруу.

Колдоого алынышы мүмкүн болгон демилгелердин мисалдары:

  • жалпы билим берүүчү мектептердеги атайын билим берүү муктаждыктары бар балдардын жуурулушуусун колдогон долбоорлор;
  • эрте жаштан кийлигишүү жана өнүктүрүү, аларды практикада жайылтуу методикаларын жана куралдарын (инструмент) илгерилетүү боюнча долбоорлор;
  • атайын билим берүү муктаждыктары бар балдар менен иштеген мугалимдерди даярдоо жана алардын билимин өркүндөтүү;
  • атайын билим берүү муктаждыктары бар балдардын аралашып кетүүсүнө жардам бере турган көмөкчү билим берүү технологияларын (дидактикалык материалдар, техникалык каражаттар ж.б.) иштеп чыгуу жана жайылтуу.

СЫНАКТЫН ШАРТТАРЫ

Сынактын катышуучулары:

Сынакка өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдардан (коомдук бирикме, коомдук фонд, коомдук юридикалык уюмдар, мекемелер, коомдук кайрымдуулук фонддору) долбоордук сунуштар кабыл алынат.

Катышуу боюнча чектөөлөр:

  • Мамлекеттик органдар сунушталган билим берүү долбоорунун алкагында потенциалдуу грант алуучуларга өнөктөш боло алышат, бирок грант ала алышпайт;
  • Эл аралык өкмөттүк эмес уюмдар Кыргызстанда жайгашкан жана катталган филиалынын атынан гана билдирме бере алышат;
  • Конкурска жеке адамдар катыша алышпайт.
  • Конкурстук долбоорлорду ишке ашыруу мөөнөтү:

Долбоорду ишке ашыруунун эң узак мөөнөтү – каржылоо бөлүнгөндөн баштап 12 айга чейин.

Грант сынагынын жалпы бюджети: 120 000 АКШ доллары

Бир долбоордун бюджетинин эң чоң суммасы: 20 000 АКШ долларынан ашпаган долбоорлорго артыкчылык берилет. Билдирме берүүчүнүн уюмун же үчүнчү жак чогуу каржылаган долбоордук билдирмелерге да артыкчылык берилет. Административдик чыгымдар суралган бюджеттин 20%ынан ашпашы керек.

Билдирмелерди тандап алуу критерийлери:

Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү Концепциясын ишке ашыруусуна багытталышы жана натыйжа катары майыптуулугу бар балдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнө карата сунушталган кызматтардын кеңейтилиши жана сапаттын жогорулашы, ушул категориядагы кишилердин долбоорго камтылышын кеңейтүү, долбоор алкагында пайда болгон жыйынтыктардын туруктуулугун камсыз кылуу.

Билдирмелер:

  • инклюзивдик билим берүүнү жана өзгөчө муктаждыктары бар балдарды социалдаштыруу практикасын илгерилетүүгө жана жайылтууга олуттуу таасир эте ала турган ийгиликтүү тажрыйбаны чагылдырышы зарыл;
  • берүүчүнүн тандалган чөйрөдө тажрыйбасы бар экендигин көрсөтүүсү кажет;
  • тандалган чөйрөдөгү кырдаалды сапаттуу баалоого жана муктаждыктарды баалоого таянуу менен жазылышы керек;
  • өнөктөштүк долбоору берилип жаткан учурда, долбоорду ишке ашырууга катышып жаткан бардык өнөктөштөрдүн жогорку кызыгуусун көрсөтүү зарыл (бул маалымат өнөктөштөр ортосунда түзүлгөн макулдашууда көрсөтүлүшү кажет; өнөктөштөрдүн биргелешкен жоопкерчилигин тастыктаган кат билдирмеге тиркелиши шарт);
  • билдирме берүүчүнүн долбоорду башкаруу жаатындагы (долбоордук тарых) тажрыйбасын чагылдырышы керек;
  • реалдуу жана майда-баратына чейин жазылган бюджеттин болушу абзел;
  • тиешелүү мониторинг жана баалоо системасын камтышы зарыл;
  • тармактык (профилдик) мамлекеттик органдар жана инклюзивдик билим берүү жаатында иштеген башка уюмдар менен өнөктөштүк байланыштын бар экендигин чагылдырган долбоордук билдирмелерге артыкчылык берилет;
  • атайын муктаждыктары бар балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө көрсөтүлүүчү кызматтарды кеңейтүүнү, аларды ишке ашыруу сапатын арттырууну натыйжа катары көрсөткөн, бул категориядагы балдарды тартууну көбөйткөн жана долбоордун ишинин, үзүрүнүн омоктуулугун камсыз кылган долбоорлорго артыкчылык берилет.

Долбоордук билдирмелерди кабыл алуу жана тандап алуу жол-жоболору:

Долбоордук билдирмелер СКФнын гранттык билдирмелеринин формасына ылайык түзүлүп, кагазга басып чыгарылган жана электрондук түрдө берилиши керек.

БИЛДИРМЕ ФОРМАСЫ жана БЮДЖЕТ (документтин үстүнөн басып жүктөп алыңыз).

Сынакка катышуу үчүн билдирме берүүчүлөр чапталган конвертке «Инклюзивдик билим берүү боюнча демилгелерди колдоо» деп жазып, 720040, Бишкек ш., Логвиненко көч. 55-а дареги боюнча «Сорос-Кыргызстан» фондуна, ошондой эле билдирменин толтурулган электрондук версиясын applications@soros.kg электрондук дарегине, көчүрмөсүн miminova@soros.kg дарегине 20мегабайтты ашпаган көлөмдө жөнөтүүсү зарыл.

Билдирмелер кыргыз жана орус тилдеринде дем алыш жана майрамдардан башка күндөрү 2020-жылдын 26-февралына чейин (бул күн да кошулат) күн сайын 9.00дөн 17.00гө чейин кабыл алынат. Билдирмелерди кабыл алына турган акыркы күнү (26-февраль) билдирмелер 15:00гө чейин кабыл алынат.

Аймактардан долбоордук сунуштарды жазуу түрүндө курьер менен же почта аркылуу көрсөтүлгөн мөөнөттө СКФга келип калгыдай кылып алдын ала жөнөтүү зарыл.

Сынакка катышуу учурунда билдирме берүүчүнүн мамлекеттин алдында салыктарды төлөө боюнча карызы болбошу керек. Документтердин толук эмес пакети, СКФнын форматына ылайык эмес берилген билдирмелер, ошондой эле көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин келген билдирмелер катталбайт жана каралбайт. Алынган билдирмелер рецензияланбайт жана кайтарылбайт.

Байланыш үчүн: Валентин Дейчман, тел.: 0312 66 34 75 (ички кошумча номур 137).