“Сорос-Кыргызстан” Фонду “Искусство жаатындагы стипендия” демилгесинин алкагында искусствону өнүктүрүү жана маданий  ар түрдүүлүктү калыптандырууга багытталган иш-аракетти жүзөгө ашырууга өтүнмөлөрдү кабыл алуусун жарыялайт.

 

Программа тууралуу жалпы маалымат

«Сорос-Кыргызстан» Фондунун искусство жаатындагы стипендиясы эстетикалык, саясий, жана маданий ар түрдүүлүктү калыптандыруу жана жарандардын жеке, саясий, социалдык талаптарына жооп берген коомдук талкууну калыптандыруу максатында жаралып, заманбап көркөм практикалардын өнүгүүсүнө жана маданий мейкиндиктердин бекемделишине багытталган.

Стипендия Кыргызстандын искусство менен алектенген ишмерлеринин жеке жана чыгармачылык өсүшүнө арналат. Аталган демилге индивидуалдык өтүнмөлөрдү колдойт.

Мындан сырткары, стипендиянын максаттары маданий бөлүнүүнү төмөндөтүү, социалдык көйгөйлөрдү актуалдаштыруу жана искусство ишмерлерине өздөрүнүн жарандык позициясын билдирүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү камтыйт.

Чыгармачыл ишмердүүлүктүн багыттары

  • Документалдык/көркөм тасма
  • Фотография, видео
  • Коомдук искусство (Public art)
  • Живопись, графика, скульптура
  • Музыка (классикалык, заманбап, электрондук)
  • Театралдык искусство
  • Шаардык искусство
  • Заманбап искусство
  • Анимация

Чыгармачыл ишмердүүлүктүн багыттары жогоруда келтирилген багыттар менен чектелбейт.

Сынакка ким катыша алат?

Өтүнмө ээлери үчүн критерийлер:

  • Искусство менен алектенген ишмерлер;
  • Кыргыз Республикасынын жарандары;
  • Өтүнмөдө көрсөтүлгөн ишмердүүлүктүн багытында сөзсүз иш тажрыйбасы болууга тийиш.

Биз эмнени күтөбүз

  • Көркөм жаратуулар (музыка, театр, заманбап искусство, кино ж.б.) жана аларды коштогон лекция, презентация, изилдөө, окуя, концерттер түрүндөгүиш-чаралар.
  • Инновациялык ыкмаларды колдонуу, искусстводогу ар кыл багыттарды бириктирүү, тарыхтын жана убакыттын ар кандай тепкичтеринин алкагындагы көркөм демилгелерди жаратуу.
  • Арт-инсталляциялар жана аларды коштоочу иш-чаралар: талкуулар, лекциялар, изилдөөлөр.
  • Искусстводогу жаңы багыттарды сунуштоо.
  • Искусство жаатындагы билим берүү демилгелери.
  • Көркөм публикациялар (альбомдор, каталогдор, журналдар).
  • Жаңы, өзгөчөлөнгөн ыкмалар.

Инфраструктуралык долбоор тууралуу өтүнмөлөр колдоого алынбайт (имараттарды оңдоп-түзөө; театр, музей, арт-галлереялар жана башкалар муктаж болгон ири жабдууларды сатып алуу, аймактык жана эл аралык искусство боюнча иш-чараларга катышуу).

Бюджет

Демилгенин жалпы бюджети – 20 000 АКШ доллары.

Гранттар жеке инсандарга гана өздүк грант түрүндө 12 (он эки) айга чейн берилет.

Өтүнмө үчүн зарыл болгон документтер:

  1. Өздүк грантка толтурулган өтүнмө (шаблон боюнча)
  2. Толтурулган бюджет (шаблон боюнча)
  3. Буга чейнки эмгектердин презентациясы (бар болсо)
  4. ID жана эл аралык пасспорттордун копиясы

Аталган документтерди толук камтыбаган өтүнмөлөр караштырылбайт.

Тандап алуу процесси

Тандап алуу процесси эки этапта өтөт:

  • Талап кылынган документтерди толук камтыган өтүнмөлөрдүн баштапкы тандалышы жана талаптарга жооп берген кандидаттарды интервьюга чакыруу.
  • Экинчи баскычтагы тандоо индивидуалдык интервьюлардын негизинде өткөрүлөт. Алардын жаыйынтыгы боюнча программанын катышуучулары танадалып алынат.

Сынактын мөөнөтү жана байланыш үчүн маалымат

Бардык кызыккан кандидаттар жогоруда айтылган документтерди электрондук түрдө “Искусство жаатындагы стипендия” темасы менен jomart@soros.kg дарегине жөнөтүшү зарыл. Өтүнмөнү кагаз түрүндө Бишкек ш., Логвиненко 55А дарегине жөнөтүү зарыл. Өтүнмөлөр рецензияланбайт жана кайтарылып берилбейт. Электрондук түрдө же кагаз түрүндө тапшырылган бир гана өтүнмө жетиштүү.

Өтүнмөлөр 2020-жылдын 15-апрелинин саат 17.00гө чейин кабыл алынат. Сынакка катышуунун шарттары менен жакшылап таанышып чыгууңузду өтүнөбүз. Суроолор боюнча жана өтүнмөнүн электрондук түрдө кабыл алынгандыгы тууралуу Жоомарт Ачакеевге кайрылсаңыз болот: тел. +996 (312) 66 34 75 (кош. 131).

Өтүнмөнүн үлгүсү бул жерде.