Педагогикалык багыттагы студенттердин инклюзивдүү билим берүү жаатындагы базалык көндүмдөрүн түптөө үчүн Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын окутуучулары атайын окуу курсунан өтүштү.

Окуу курсун И. Арабаев университетинин педагогика факультетинин инклюзивдүү билим берүү боюнча ЖОЖдор аралык лабораториясы даярдады.

Окутууга Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, “Манас”, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Баткен, Жалал-Абад жана Ош мамлекеттик университеттеринин окутуучулары катышты.

Эми алар өздөрүнүн окуу жайындагы студенттер үчүн инклюзивдүү билим берүү жаатында курсттарды өтүшөт.

ОшМУда студенттер үчүн “Инклюзивдүү билим берүү” курсу жетиштүү деңгээлде өтүлөт. Биз атайын билим алуу муктаждыгы бар балдарды окутуу үчүн бүтүрүүчүлөрүбүздүн базалык билимин түптөөгө аракет кылып келебиз. Албетте, алган билимибиз студенттер менен иштөөдөгү жаңы иннновациялык педагогикалык технолгияларды ишке ашырууга жардам берет. Заманбап студент инклюзивдүү чөйрөдө иштөөгө даяр болушу керек себеби, ал мектепке практикага келгенде өзгөчө балдар тобуна туш келет. Көбүнчө бир класста таланттуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар болот”,-дейт окутуунун катышуучуларынын бири, ОшМУнун психология бөлүмүнүн башчысы Акчач Жолдошева.

Иш чара  “Сорос-Кыргызстан” фондунун долбоорунун алкагында Борбор Азиядагы Евразия фонду тарабынан уюштурулду.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы