Өзгөчө кырдаал корунун алкагында бүгүн, 20-мартта, “Сорос-Кыргызстан” Фонду Республикалык жугуштуу дарттар клиникалык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө өпкөнү жасалма желдетүү (ӨЖЖ) жабдыгын берди.

Коронавирустун өлкө боюнча жайылуусунда жугуштуу дарттар ооруканасына эң чоң көлөмдөгү иш жүктөлөт. Оорукананын башкы врачы Гүлжигит Аалиевдин айтымында, азыркы тапта оорукананын реанимация бөлүмүндө болгону 12 ӨЖЖ жабдыгы бар. Кризистик кырдаал үчүн мындай эсептеги жабдыктар өтө жетишсиз.

Ооруканаларды ушул тапта мындай жабдык менен камсыз кылуу эмне үчүн маанилүү?

Коронавирустун массалык түрдө жайылуусуна кабылган башка өлкөлөрдүн тажрыбайсы көрсөткөндөй, жугуштуу дартка кабылган жарандардын саны геометриалык прогрессия түрүндө күндө көбөйүп турат жана реанимациялык жардамга муктаж болгон адамдардын саны да ылдам өсөт. Ошондуктан азыр, вирус өлкөгө эми жайылып жаткан учурда, медициналык мекемелерге көптөгөн бейтаптарга жардам көрсөтүүгө максималдуу түрдө даяр болууга ыкчам түрдө жардам берүү зарыл. Ар бир ӨЖЖ жабдыгы көптөгөн адамдардын жашоосун сактап калууга мүмкүнчүлүк түзүп берет.

Эмне үчүн Кыргызстанга ӨЖЖ жабдыгын алып келүү кыйынчылык туудурат?

“Сорос-Кыргызстан” Фондунун саламаттык сактоо программасынын директору Айбек Мукамбетов аталган ӨЖЖ жабдыгын сатып алуу жана ооруканага жеткирип берүү менен алек болуп, Кыргызстандын рыногунда бул жабдыктардын жетишсиздигин баса белгилейт: “Сатып алууга мүмкүн болгон бардык аппараттардын дээрлик бардыгы сатылып кетти. Азыр көптөгөн эл аралык жана жеке донорлор жүздөгөн жабдыктарды сатып алууга каражат бөлүп берүүгө даяр экендигин айтып турушат, бирок алар саналган гана өлкөлөрдө жасалып, ошол өлкөлөр азыркы учурда өздөрү ӨЖЖ жабдыктарына муктаж болуп, экспорттон баш тартып турушат. Ошондой эле, Дубайда медициналык жабдыктарды сатуучу ири кампа бар, бирок коронавирустун жайылышынын себебинен, чек арадагы жана коопсуздук чектөөлөрдүн артынан ал жактан Кыргызстанга ӨЖЖ аппараттарын алып келүү бир нече жумадан бир нече айга чейин созулуп кетиши мүмкүн. Оперативдүү, ыкчам аракеттердин аркасы менен биз Кыргызстандагы акыркы аппараттардын бирин сатып алууга үлгүрүп калдык”.  

Жугуштуу дарттар ооруканасынын башкы врачы Гүлжигит Аалиев дагы өлкөдөгү эпидемияга даярдыкта ыкчам аракеттин баалуулугун белгиледи: “Кээде биз бир жабдыкка он кишини туташтырууга мажбур болобуз, ошондуктан ар бир ӨЖЖ аппараты биз үчүн көп адамдын жашоосундай баалуу. Бизге бул жабдыкты алып келип, биринчи реакция жасаганыңар үчүн абдан ыраазыбыз. Коронавирус эпидемиясы өткөндөн кийин дагы бул жабдык адамдардын жашоолорун сактап калууга жардам бере берет.”

Азыркы тапта “Сорос-Кыргызстан” Фонду Республикалык жугуштуу дарттар ооруканасына дагы бир ӨЖЖ жабдыгын сатып берүүнүн үстүндө иш алып барууда. Ошондой эле, Өзгөчө кырдаал корунун эсебинен кошумча медициналык коопсуздук жана бейтаптарды тейлөө каражаттарын сатып берүү даярдыгы жүрүүдө.