“Сорос-Кыргызстан” Фонду сизин назарыңызга ачык билим алуу онлайн-ресурстарынын тизмегин сунуштайт. Бул ресурстар ар кандай багыттарды камтыйт: тарых, илим, программалоо, улуттук аспаптарда ойноо, тил үйрөнүү ж.б. Аталган ресурстардын жардамы менен убакытты пайдалуу нукта өткөрүп, өз алдынча онлайн режимде билим ала аласыз.

Тизмедеги бардык Кыргызстандагы билим алуу ресурстар “Сорос-Кыргызстан” Фондунун колдоосу менен иштелип чыгып, санариптештирилип, онлайн жайгаштырылган.

  • Lib.kg: Кыргызстандын эң ири ачык электроднук китепканасы. Бул жерде качык лицензия менен таратылган өптөгөн материалдарды таба аласыз. Материалдарды эркин колдонуу гана эмес, өзгөртүү жана кайрадан иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгу бар. Сайтта окуу китептерин, китепкалардын архивдеринен алынган сейрек кездешүүчү китептерди, диссертацияларды таба аласыз. Материалдардын баарыы электрондук форматта жүктөп алууга болот.
  • Okuma.kg: Кыргыз тилиндеги билим берүү боюнча китептердин эң ири ачык электрондук китепканасы. Бул жерде Кыргызстандагы мектеп сабактары жана жогорку окуу жайлардын сабактары боюнча материалдарды таба аласыз. Долбоорду “Агартуу Академиясы” Коомдук фонду жана ОшМУ биргелешип ишке ашырышкан.
  • Artmuseum.kg: Көркөм чыгармачылык экспонаттарынын эң ири коллекциясы – Г. Айтиев атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт музейинин коллекциясы онлайн режимде жайгаштырылган. Каалаган экспонатты жүктөп алып, билим берүү максатында колдонуу мүмкүн.
  • BilimkeniAcademy: Билимкени Академиясы кыргыз тилинде 12 мектеп сабагы боюнча 800дөн ашуун видео-сабактарды камтыйт. Долбоорду “Step To Success” Коомдук бирикмеси ишке ашырган.
  • Ilimelim.kg: Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын программалары боюнча кыргыз тилинде онлайн видео-лекциялар. Курстардын авторлору –өлкөнүн алдыңкы универститеттеринин окутуучулары жана адистери. Долбоор БААУнун окутуучуларынын командасы тарабынан ишке ашырылган.
  • Ustatshakirt Plus: Темир комуз, жыгач ооз комуз, чоор жана сыбызгы улуттук аспаптарында ойноо техникасы боюнча кыргыз тилинде видео сабактар. Каналды “Устат шакирт плюс” Коомдук фонду ишке ашырат.
  • Tentek Tentek: Кыргызстандын тарыхы боюнча балдар жана бойго жеткендер үчүн 20 видео сабак. Долбоор “Тентек” продакшн-тобу аркылуу ишке ашырылган.
  • GCFLearnFree Foundation: Компьютер технологияларын колдонуу жаатындагы 180ден ашуун темага арналган сабактар. Операциялык системалар, MS Office, Excel, презентацияларды жаратуу, интернет жана Google-кызматтарын колдонуу, e-mail, социалдык медиа, фото жана дизайн жана 3Д-принтерлер тууралуу темаларды камтыйт. Долбоорду “Step To Success” Коомдук бирикмеси ишке ашырган.
  • GCFLearnFree Foundation: 5-6 жана 7-9-класстар үчүн информатика боюнча бардык окуу китептердин жыйнагы. Ошондой эле, балдар үчүн Python программалоо тилин үйрөнүү үчүн кыргыз жана орус тилдеринде китеп жана GCFlearnfree Foundation тарабынан кыргыз тилинде дээрлик бардык компьютердик технологияларды колдонуу боюнча китепти камтыйт.
  • Видео-уроки: Python программалоо тилин үйрөнүү үчүн кыргыз тилинде видео сабактар.“Кыргызстан Информатиктер Ассоциациясы” тарабынан ишке ашырылган.
  • Полный курс: 8-9-10-11-класстардын окуучулары үчүн химия сабагы боюнча толук курс. Долбоор “Феномен” Коомдук фонду тарабынан ишке ашырылган.
  • Afb.bik.org.kg: Мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн ыңгайлуу форматтарга которулган 300гө жакын китеп. Долбоор “Китепкана-маалымат консорциуму” Ассоциациясы тарабынан ишке ашырылган.
  • Manuscript.lib.kg: КРнын Улуттук илимдер академиясынын кол жазма фонддорунун 40 000ден ашуун документтеринин санариптештирилген көчүрмөлөрү. Алардын ичинде Тарых Фонду, “Атайын” фонд (мурун тыюу астында болгон), “Манас” Фонду, “Магнит лентасы” Фонду ж.б. камтылган. Долбоор Улуттук илимдер академиясынын Кол жазма фонду тарабынан ишке ашырылган.
  • Жалал-Абад мамлекеттик университети: Кыргызстандын түштүк аймактарынан чогултулган кошоктордун тексттери колдонулган видеороликтер. Жалал-Абад Мамлекеттик университет тарабынан ишке ашырылган.
  • Auca TV: Кыргыз тили боюнча видео сабактар. Кыргыз тилинин окутуучусу, кыргыз тилин үйрөнүү боюнча окуу китептердин автору Гүлмира Дюшеева, “Jashtar Camp” уюму 2015-жылдын “Мыкты жаштар долбоору” атаган AUCA TV жана кыргыз тилин үйрөнүүгө арналган Tili.kg популярдуу онлайн платформасынан турган команда биргелешип, кыргыз тили боюнча сапаттуу онлайн курсту жаратышты. Аталган курс кыргыз тилинин грамматикасын үйрөнүү жана сөз байлыгын кеңейтүүгө арналган структуралаштырылган видео сабактардан турат.