“Байбол” подкастынын жаратуучусу Айзат Түмөнбаева Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну жана нарындыктардын жашоосун, үй-бүлөлөрүн багуу үчүн кандай иштер менен алек болгондорун жакшы билет.

Тоолуу аймактардын кышы узак жана жайы кыска болгонуна байланыштуу жумуш табуу кыйын болгонуна карабастан, ишкерлер мал чарбасы жана кол өнөрчүлүк менен алек болушат. “Байбол” подкастында Айзат айылдардагы ишкерлердин ийгиликтери, ийгиликке жетүүдөгү тоскоолдуктар жана айыл тургундары кичи бизнес менен кантип алек болуп жаткандары тууралуу баяндап берет.

Айзаттын айтымында, “Байбол” подкастынын чыгарылыштары жалпы кыргыз элине, ишкерлер жана ишкер болууну каалагандарга арналат. Ар кыл кесиптин ээлери болуп, бирок ар башка өнөр менен оокат кылып келген жеке ишкерлердин ийгилиги жөнүндө подкасттын берүүлөрүндө угуңуз.

Айзат Түмөнбаева — “Куланак” жамааттык мультимедиа  борборунун жетекчиси. “Сорос-Кыргызстан” Фонду каржылаган “Подкастты кантип даярдоо керек” аталышындагы тренингден билим алган соң, “Байбол” аттуу подкастты даярдоо үчүн “Сорос-Кыргызстан” фондусунан колдоо алган.

Подкаст жумасына бир ирет даярдалып, чыгат. Подкасттын берүулөрүн бул жерден угуңуз.

Бул шилтеме боюнча өтүп, подкасттын трейлерин уга аласыз.

Байланышуу  маалыматы:

Нарын облусу, Нарын району, Куланак айылы.

+996 550 36 23 62

aiz.tat@gmail.com