«Аткарылып жаткан программалардын алкагында АИВдин алдын алуу, дарылоо жана кам көрүү жана колдоо шарттарында адам укуктарын коргоо программасын ишке ашыруу» темасында тереӊдетилген бир күндүк тренинг ноябрдын башында КР Акыйкатчысынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана алардын кызматкерлери үчүн өткөрүлдү. 2020-жылдын 2-ноябрында – Ысык-Көлдө Чүй, Нарын жана Ысык-Көл областтарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, 2020-жылдын 6-ноябрында – Бишкек шаарында Акыйкатычы Институнун борбордук аппаратынын кызматкерлерине жана Талас областынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, ошондой эле 2020-жылдын 11-ноябрында – Ош шаарында Ош, Жалал-Абад жана Баткен областынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө өткөрүлдү.

Иш-чара «Сорос-Кыргызстан» Фондунун, ПРООН/ГФ, АИВ боюнча Кеӊештин жана Акыйкатчыга караштуу КНТнын (калктын негизги топтору) кызматташтыгынын алкагында, ошондой эле «Сорос-Кыргызстан» Фондунун техникалык колдоосунда жыл сайын 10-декабрда өткөрүлүүчү Эл аралык адам укуктары күнүнө, 1-декабрда өткөрүлүүчү бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнүнө карата өткөрүлдү.

Тренингдердин жүрүшүндө катышуучулар Кыргыз Республикасында АИВ эпидемиологиялык абалы, АИВ шарттарында адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык жана улуттук документтер, АИВ-инфекциясын алдын алуу маселелери менен таанышышты, ошондой эле өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жакшыртуу боюнча мындан аркы кадамдарды аныктоо үчүн улуттук мыйзамдардагы кемчиликтерди жана боштуктарды талкуулашты.

«Сорос-Кыргызстан» Фондунун техникалык колдоосунда АИВ боюнча Кеӊеш жана Акыйкатчыга караштуу КНТ тарабынан АИВ, кургак учук менен жашаган адамдар жана калктын негизги топтору менен иштөө боюнча методикалык колдонмо иштелип чыкты. Бул колдонмо калктын аярлуу топтору менен өз ара аракеттенүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – Акыйкатчы (Омбудсмен) жана анын кызматкерлери тарабынан АИВ-инфекциясын алдын алууну камсыз кылууга багытталган. Жакынкы мезгилде колдонмо Акыйкатчы тарабынан бекитилет жана Институттун ишинде АИВ-инфекциясы менен жашаган адамдардын жана калктын негизги топторунун укуктарын коргоонун алкагында пайдаланылат.

Адамдын саламаттыгын сактоо жана укуктарын коргоо бардык жарандардын бейпилчилигине көмөктөшүү жана камсыз кылуу үчүн жалпы максатка ээ. Адам укуктарын коргоо жана сактоо АИВ эпидемиясына каршы чараларды көрүүгө айрым жарандарга жана коомчулукка мүмкүндүк берүү үчүн зарыл. АИВ менен ооруп калуу жана анын жайылышы ансыз деле өзүнүн укуктары корголбогондуктан жабыр тарткан жана басмырлоого кабылган калктын тобунун арасында жогорку деӊгээлде кездешет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-2021-жылдары Кыргыз Республикасында АИВ-инфекциясын жеӊүү боюнча программасынын 3.2-пунктуна ылайык өлкөдө адам укуктарын сыйлоо, гендердик тең укуктуулук жана басмырлабоо принциптеринде улуттук мыйзамдардын ченемдерине ылайык АИВ боюнча программалардын аткарылышын камсыздоо зарыл.

АИВ-инфекциясынын жайылышын токтотуу боюнча күчтөрдү бириктирүү максатында өлкөдө АИВ менен жашаган адамдардын жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменге) караштуу калктын негизги топторунун иштери боюнча Кеӊеш (мындан ары – Акыйкатчыга караштуу АИВ жана КНТ боюнча Кеӊеш) түзүлдү, буга Акыйкатчы Институтунун өкүлдөрү да, жарандык коомдун өкүлдөрү да киришти.