«Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен «Майыптардын укуктары жөнүндө Конвенцияны ишке ашыруу үчүн эксперттик чечимдер» коомдук фонду «Дүйнө башка адамдардын көзү менен» көзү азиз жана көрүүсү начар угуучулар үчүн адистештирилген подкаст чыгарылууда.

Эл аралык азиздер күнүнө карата 13-ноябрда YouTube-каналга 150 жазылган подкаст жарыяланган, алардын ар биринде көзү азиздер үчүн көрүүсү боюнча майыптар үчүн толук аудиодескрипциясыз жеткиликсиз болгон ар түрдүү окуялар жана кубулуштар баяндалган.

Подкасттын авторлору көзү көргөндөр үчүн органикалуу жана табигый болгон деталдарды түшүндүрүүгө жана сыпаттоого аракет кылышкан жана ал тургай жалпы фонго аралашып кетет, ошондуктан алардын барынан да жогу көбүрөөк байкалат. Бирок бул деталдар көзү азиздер үчүн жеткиликсиз, айлана-чөйрөнү туура жана толук кабылдоо үчүн бул аябай маанилүү. Мисалы, жаӊылыктар программасынын жөнөкөй көрүүчүсү каармандын кийимине, сюжетке же тартуу жүрүп жаткан аба ырайынын шарттарына көнүл бурбайт, бирок мындай майда-бараттар толук кабылдоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган, көрүүсү бузулган адамдарга абдан кызыктуу.

«МУК ишке ашыруу үчүн эксперттик чечимдер» КФ директору Владимир Ганжела көрүүсү боюнча I топтогу майып болуп саналат, подкаст жөнүндө төмөнкүлөргө токтолду:

«Биздин максат маалыматтык, бирок кургак жана кызыксыз аудиодескрипциялар кандайдыр бир видеороликтер жана сүрөттөр менен бекемделбейт. Биз пайдалуу, кызыктуу, айрым учурда Жаӊы Зеландиянын токойлорунда жашаган каардуу кой жөнүндө баян сыяктуу, же жазышууда эмодзилерди (маанайды билдирген маймылчаларды) туура пайдалануунун жазылбаган эрежелери тууралуу олутсуз нерселерди да баяндоого аракет кылабыз.

Көзү көргөн адамдар күн сайын форумдарда, твиттерде, фейсбукта көргөн азилдерди жана тамашаларды көзү азиз адамдардын канчасы түшүнөт? Көзү азиз жана көрүүсү начар адамдар президенттин, артисттердин, спортчулардын, бардык блогерлердин жана атактуулардын жүздөрүн кандай элестетет? Инстаграмга белгилүү саясатчылар жана жылдыздар эмнелерди жүктөшөт? Муну көзү азиз жана көрүүсү начар адамдар үчүн жашоонун «көрүнбөгөн» тарабын жеткирүүгө аракеттенебиз.

Речтик жеткиликтүүлүк заманбап программаларына ылайык көзү азиз адамдар тексттерди окуп, интернетти жетиштүү эркин пайдаланып, смартфон жана компьютерде иштей алат, бирок көрүүсү бузулган адамдар бир нерсени толук кабылдашы үчүн машина сыпаттап бере албаган дагы жагдайлар бар. Мындай абалда көзү азиз адам эмне кыла алышы мүмкүн? Кимдир бирөөдөн тасманын добушсуз жерлерин, же абдан популярдуу болгон нааразычылык акцияларынын сүрөттөрүн, же жалпы чатка келген тамашалуу картинаны сыпаттап берүүнү суранат. Эгерде жанында сыпаттап бергенге эч ким жок болуп калсачы? Мына ушул үчүн – көрүүсү боюнча майыптыгы бар адамдар маалыматка көбүрөөк мүмкүнчүлүккө жана көбүрөөк жеткиликтүүлүккө ээ болушу үчүн подкаст жаралды».

Подкастта болгону беш рубрика бар. Ар бир рубрика өзүнчө тематикага арналган жана бири-биринен мазмуну жана маалыматты берүүсү менен айырмаланат, бирок андагы жалпы нерсе – көзү азиз жана көрүүсү начар адамга көрүнбөгөн, бирок кызыктуу болгон нерселерди сыпаттоого болгон аракет:

«Интернет боектордо» – кабылдоосу өзгөчө көзү азиз адамдардын жаӊылыктарды жана башка элестүү маалыматтарды ыӊгайлаштыруусу;

«Котормолор» – англис жана башка тилдерде бир кыйла кызыктуу маалыматтарды жана жарыяларды которуу;

«Тифлообзорлор» – көрүүсү бузулган адамдар үчүн көмөкчү технологияларды жана калыбына келтирүү техникалык каражаттарын пайдалануу менен сыпаттоо жана тажрыйба;

«Азилчилер жана башкалар» – азыркы азилдерге, элестүү тамашаларга, поп-маданияттын өзгөчөлүктөрүнө арналган эӊ эле олутсуз рубрика;

«Маектешүү» – майыптуулугу бар адамдар үчүн жакын болгон тема боюнча кызыктуу адамдар менен жандуу жана мазмундуу баарлашуу.

Владимир Ганжела улантат:

«Подкасттын үстүндө иштөө анын зарылдыгын жана талаптуулугун далилдеди. YouTube-да көрүүлөрдүн саны 20 миӊден ашты, биздин каналдын тар жана атайын чөйрөгө арналганын эске алсак, бул ийгиликтүү көрсөткүч болуп саналат, ал эми «Логос» көзү азиздер үчүн эл аралык онлайн-китепканада көчүрүп алуулар 1800 жүктөп алуу белгиси аркылуу ашырылды. Биз бул керектүү жана пайдалуу ишти уланткыбыз келет, ушуга байланыштуу жаӊы подкасттарды чыгаруу үчүн каржылоо булактарын издейбиз».

Подкастка шилтеме:

YouTube каналына

«Логос» онлайн-китепканасынын баракчасына