«Кыргызстандагы шаардык лабораториялар» долбоорунун алкагында төрт пилоттук шаарларда – Таласта, Караколдо, Нарында жана Ошто – социалдык демилгелерди конкурсу болуп өттү, алардын ичинен биз «Жеткиликтүү Талас шаары» демилгесин колдодук. Шаарда 30 объектке майып адамдар жана калктын аз мобилдүү топтору үчүн пандус (майып адамдар үчүн тепкичтеги жол) жана башка шарттардын бар экендигине текшерүү жүргүздүк. Буга кошумча жаш балдар «Персоналды чакыруу» белгиси менен тактайчаны коюшту, коӊгуроо кагылганда имараттын/объекттин кызматкерлери чыгып, имаратка кирүүгө жардам берүүгө милдеттүү.

Демилгелүү топ мониторинг жүргүзүп, анын жүрүшүндө алар жаӊы киргизүү иштей тургандыгын текшерүү үчүн өздөрү коӊгуроо кагып, жардам күтүштү. Чалууга жооп кылышат жана чыгышат. Бир аз убакыттан кийин эки түйүндөн коӊгуроону алып салышты. Шайлоонун алдында буга окшош коӊгуроону шайлоо участокторуна коюшкандыгын, бирок шайлоодон кийин дароо алып салышкандын балдар айтышты. Демилгелүү топ Талас шаарынын бардык жашоочуларынын жашоо шарттарын жакшыртуу максатында маалымат өнөктүгү менен алектенүүнү пландоодо.

«Жеткиликтүү Талас шаары» демилгесинин негизги максаты – майып адамдардын жана кары адамдардын объектке жана кызматтарга жетүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле аларды коомго интеграциялоо жана алардын жашоо шартын жогорулатуу. «Кыргызстандагы шаардык лабораториялар» долбоору «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен «Жарандык катышуу» программасынын алкагында Жаштарды өнүктүрүү институту тарабынан ишке ашырылат. Долбоорлун формалдуу эмес аталышы – «Шааркана».