«Жашыл Бишкек 2.0: шаардыктардын жашыл аймактарга жетүүсүнүн социалдык-экологиялык теӊсиздигин жумшартуу» долбоору «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосунда «Жарандык катышуу» программасынын алкагында «Арча демилгеси» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда. Долбоор Фонд тарабынан мурда жүргүзүлгөн Бишкек шаарынын жашыл айймактарын жарандык изилдөөнүн логикалык уландысы болуп саналат жана Бишкек шаарында жашыл көчөттөрдүн ролу жана мааниси жөнүндө тема боюнча жашоочуларды дагы көбүрөөк камтууга багытталган.

Бул долбоордо негизги көӊүл социалдык-экологиялык теӊсиздик предметине бурулат. Спутник картасын изилдөөдө жана жалпы пайдалануудагы жашыл аймактар боюнча маалыматтарды ачууда шаардын аймагында жашаган 66% шаардыктар жалпы пайдалануудагы аймактарга жетүүгө ээ эмес экендиги белгилүү болду. Бул сандар жер алдындагы өткөөлдүн жеткиликтүүлүгүн эсептөөдөн алынды (500 метрден кем эмес). Ушул аймакта жашаган шаардыктар көчөгө чыкканда коопсуз жана жайлуу коомдук мейкиндикте болуу, ден соолугун чыӊдоо, балдары менен сейилдөө мүмкүнчүлүктөрүнө ээ эмес. Мындай мейкиндиктин жоктугу ошондой эле социалдык обочолонтууга, баарлашуунун, биримдиктин төмөнкү деӊгээлине, анын кесепетинен аталган коомчулукту төмөнкү социалдык капиталга алып келет. Мында шаардык бюджетти бардык шаардыктар түзүшөрүн түшүнүү мааниге ээ, ошондуктан алар өз райондорунда гүлбактарды жана гүлзарларды өстүрүүгө укугуна ээ. Бирок, жашылдандырууга бөлүнгөн шаардык бюджет шаардын борбордук бөлүгүн жасалгалоону уюштурууга, ал эми жаӊы гүлбактарды куруу шаардын түштүк бөлүгүнө жумшалат. Ошондуктан «Арча демигеси» фонду аталган көйгөйдү ар түрдүү социалдык топтордо актуалдаштырууда.

«Арча демилгеси» фонду социалдык тармактарда, ЖМКларда жана муниципалитеттердин арасында бул көйгөй жөнүндө кеӊейтилген маалымат өнөктүгүн жүргүзүүдө. Долбоордун өзгөчөлүгү болуп Фонд ишти экологиялык жагымсыз райондордо жашаган жашоочулар менен жеринде жүргүзгөндүгү саналат. Жаӊы конуштар жана кичи райондор коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуулар уюштурулууда, келечекте жашоочулар үчүн гүлбак жана сейилдөөчү жер болуучу мейкиндиктерди издөө жүргүзүлүүдө, коомчулуктардын артыкчылыктары аныкталууда, жашылдандыруу жана жашыл аймактарды уюуштуруу маселелери боюнча сунуштар берилүүдө.

Долбоордун алкагында алынган маалыматтар элестүү берилди жана ролик жана нускама түрүндө чыгарылды:

социалдык-экологиялык теӊсиздик жөнүндө;

чакан климатты түзүүдө жашыл көчөттөрдү ролу жөнүндө:

бак-дарактарды кыюудан кантип коргоо керек;

«Хочу дерево» колдонмосу жөнүндө;

бак-дарактарды отургузуу боюнча, жашыл аймактарды уюштуруу боюнча, бак-дарактарды кыюудан кадам сайын коргоо боюнча маалымграфика-нускама.

Долбоор боюнча иштөөдө жаӊы конуштардагы социалдык-экологиялык көйгөйлөрдүн көпчүлүгү экологиялык коопсуздук маселесин акыркы орунга алып келерин белгилей кетүү керек. Электр көмөкчү чордондорунун бошоӊдугу, канализациянын, жол инфратүзүмүнүн жоктугу жашыл аймактарды уюштуруу маселелери артыкчылыктуу позицияны таба албайт. Бирок, COVID-19 жайылуу абалы мындай мейкиндиктерди маанилүүлүгүн көрсөттү, анткени жашыл аймактардын аралыкты сактоонун маанилүүлүгү ачык абада коопсуз убакыт өткөрүү үчүн жалгыз коопсуз альтернатива болуп саналат. Мындай жерлердин жоктугу маселелерди ыкчам чечүү үчүн адамдар бири-бирине конокко барууга аргасыз болушкандыгын көрсөттү.

Өлкөдөгү пандемия абалы жана социалдык-саясий абал долбоорду ишке ашырууну татаалдаштырат. Күн тартибинде бир кыйла курч маселелер турат. Бирок, кыйынчылыктарга карабастан, долбоордун командасы соицалдык-экологиялык теӊсиздик көйгөйүн муниципалдык кызматтардын командасы жана БШК депутаттары менен талкуулоого жетишишти. Ошентип Бишкек шаарынын мэриясынын алдында жаӊы конуштарда жаӊы гүлбактарды куруу маселесин талкуулай турган экспреттик экологиялык кеӊеш түзүлөт. Күзүндө аялдар кеӊешин кошуу менен Бакай-Ата жаӊы конушуна бак отургузуу уюштурулган, ага активисттер гана эмес, ар түрдүү курактагы башка жашоочулар дагы катышышкан, 90дон ашык бак тигилген. Ар түрдүү муундун биригиши жашыл аймактын андан аркы жашоосу үчүн зор мааниге ээ. Эӊ башкысы бул аймакты мындан ары сугаруу маселеси чечилген. Ошондой эле, долбордун алкагында башка жаӊы конуштарда жолугушуулар өткөрүлгөн: Ак-Бата, Ак-Босого, Ак-Тилек, Ала-Тоо, Ак-Өргө, Ак-Ордо. Бул жаӊы конуштардын ар биринин өзүнүн тарыхы бар. Мисалга алсак, Ак-Босогодо активисттер өздөрүнүн гүлзарларын жаратуу боюнча план долбоорун даярдашкан жана активисттер менен жолугушуунун жыйынтыгында Фонддун кызматкерлери өткөн жумада Биринчи май районунун жетекчилиги менен шаардык бюджетке киргизүүнү кароо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Аймакты жашылдандыруу боюнча маалымат өнөктүгүн баштоо жана пландоо үчүн Ак-Босогонун активисттери менен кошумча жолугушуу пландалууда.

Социалдык-экологиялык теӊсиздикке көпчүлүктүн көӊүлүн буруу үчүн темага шаардык социалдык тармактардын таасирдүү колдонуучуларын тартуу пландалууда. Бул этапта өз ара аракеттенүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

«Арча демилгеси» фондунун жасалган иштери жөнүндө жаӊылыктары:

Facebook

Instagram

Telegram

Twitter

Хештеги:

#ДереводляЖизни #ӨмүрДарагы

#ЖашылШарыбызгаБирге #ВместеКЗеленомуГороду

#ДеревьядляГорода #ЭкоРавенство

#хочудерево #hochuderevo

#archa #арча #archanews