Бүгүн, 3-декабрда Эл аралык майыптар күнүнө карата «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосунда кыргыз ырчыларынын 15 ырын жандоо тилине которууну уюштурган Акыл Осмоновдун «Бешбармак» долбоорунун натыйжалары менен бөлүшөбүз. Аларды бул бул жерден жерден угууга жана көрүүгө болот.

«Бешбармак» —кесипкөй сурдокотормочулар угуусу боюнча майыптыгы бар адамдар үчүн ырларды жеткиликтүү кылып жандоо тилине которгон YouTube жана Instagram аянтчаларындагы видео серия.

For privacy reasons YouTube needs your permission to be loaded.
I Accept

 

Угуусу бузулган адамдар ырдын тексттерин окуй алышат, бирок текст дайыма эле интонацияны жана композициянын маанайын бере албайт. Көптөгөн өлкөлөрдө буга окшогон долбоорлор бар, бирок кыргызстандык аудитория үчүн жок болчу.

 

For privacy reasons YouTube needs your permission to be loaded.
I Accept

 

«Жандоо тилине которулган ырлардын алгачкы клиптери чыгарылгандан кийин угуусу начар жана угуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын өтүнүчү боюнча репертуарды бир аз өзгөрттүк», – дейт Акыл Осмонов. Кыргызстандын максаттуу аудиториясы биринчи болуп катталышты, биринчи ролик Инстаграмга жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин 3000 катталуучу кошулду, алардын көпчүлүк бөлүгү угуусу боюнча майыптыгы бар адамдар болуп саналат. «Биз коомчулуктан эки талапкер таптык жана контентти чыгаруу жана жеке блогду өнүктүрүү жөнүндө алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз», – деп долбоордун келечеги менен бөлүшөт Акыл Осмонов.

 

For privacy reasons YouTube needs your permission to be loaded.
I Accept

 

Сиз ошондой эле Инстаграм-аккаунтка жана долбоордун YouTube баракчасына катталуу менен долбоорду колдой аласыз.