2020-жылдын 30-ноябрынан тартып 5-декабрына чейин акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча декаданы өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасында мамлекет кепилдеген юридикалык жадамды өнүктүрүү үчүн БӨУ Улуттук тармагынын мүчөлөрү тарабынан 338 акысыз онлайн жана офлайн консультациялар берилди: телефон, мессенжер, почта менен, кеӊседе жана жерине баруу аркылуу.

Консультация никеден ажырашуу жана карыз, үй бүлөлүк зомбулук жана кыйноолор, КР жарандыгын алуу, кызматтык милдеттерин кыянаттык менен пайдалануу, каза болгон жарандардын мүлктөрүн мурастоо тартиби, турак жай жана миграциялык маселелер, балдарга карата зомбулук, насыя берүү милдеттенмелери, пандемиядан улам келип чыккан эмгек талаш-тартыштары жана башкалар сыяктуу суроолорду камтыды.

Декаданын алкагында 2020-жылдын 1-декабрында «Адам, укук, эркиндик» Коомдук Фонду Молдованын мурдагы юстиция министринин катышуусунда адам укуктары боюнча эл аралык онлайн лекция өткөрдү.

«Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосунда өткөрүлгөн декаданын жана долбоорду ишке ашыруунун алкагында жана Бишкекте жана Ошто адам укуктары жана «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» КР Мыйзамы боюнча жождор аралык онлайн квиз-оюн даярдалды жана өткөрүлдү.