Анна Капушенко жана Савия Хасанова даярдаган «Фемицид. Кыргызстанда аялдарды кимдер жана кантип өлтүрүшөт?» аттуу изилдөөдө аялдарга карата кылмыштар тууралуу маалыматтарды сунуштайбыз. Тагыраак айтканда, кыз-келиндердин киши колдуу болушу жана ага түрткү болгон башка кылмыштардын статистикасы берилет. Ошондой эле, фемициддин критерийлери жана аны аныктоо боюнча эл аралык методикаларга токтолобуз.

Аталган ыкманын негизинде фемицид темасында жалпысынан 54 миңден ашуун жаңылык талдоого алынды. Жыйынтыгында Кыргызстандагы ар бир аныкталган фемицид учурлары боюнча кеңири баяндаган маалымат базасы түзүлдү.

Адатта аял кишинин эркек киши тарабынан киши колдуу болуусу фемицид деп аталат. Мындай кадамга эркектер кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана/же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка көз жумуп койгон учурларда барышат.

Изилдөө «Сорос – Кыргызстан» фондунун «Жаңы ыкма жана платформалар аркылуу коомдук мааниге ээ медиа материалдарды колдоо» конкурсунун алкагында даярдалды.

Изилдөөнү толугу менен бул жерде окуй аласыз.