2020-жылдын декабрында «Сорос-Кыргызстан» Фонду тарабынан жалпы 5 490 600 сом суммасына дары каражаттары, медициналык багыттагы заттар, ЖКК (жеке коргонуу каражаттары) жана медициналык жабдуулар сатып алынган жана КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) берилди. Гуманитардык жардам ЖАМКнын суроо-талабы менен COVID-19 экинчи толкунуна даярдык көрүү максатында сатып алынган. 2020-жылдын 7-декабрында гуманитардык жардамды расмий өткөрүп берүү болуп өттү, ага «Сорос-Кыргызстан» Фондунун аткаруучу директору Шамиль Ибрагимов, «Сорос-Кыргызстан» Фондунун «Коомдук саламаттык сактоо» программасынын директору Айбек Мукамбетов, ошондой эле ЖАМКнын төрагасынын орун басары, А/К подполковниги Жапаров Рахатбек Усенбекович катышышты.

ЖАМК эӊ аз каржыланган мамлекеттик түзүмдүн бири бойдон калууда. Камактагыларды медициналык камсыз кылууга мамлекет тарабынан бөлүнгөн каржылоо жабык мекеменин ичинде пандемиянын таасирин жумшартуу үчүн жетишсиз. ЖАМК мекемелеринде камактагылардын жыш жана жабык имараттарда калышынын, гигиеналык процедураларга жетүүнүн жетишсиздигинин кесепетинен, медициналык жардамды көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрүнөн, COVID-19 тобокелдик топторундагы бейтаптарда денесиндеги өнөкөт оорулардын жогорку деӊгээлинен улам COVID-19 эпидемиясын андан ары жайылышы көз ачып жумганча болуп жана оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

COVID-19 жайылышын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүүнү координациялоо максатында перитенциардык системада ЖАМК, КР Саламаттык сактоо министрлиги (ССМ), КР Акыйкатчысы, «Юристтер адам укуктары үчүн» КФ жана «Сорос-Кыргызстан» Фондунун ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлган, анын алкагында бардык тараптар, анын ичинде КР Өкмөтү Экономика министрлигинин, ЖАМК жана СММ атынан Биргелешкен иш-чаралар планы макулдашылган.

«Сорос-Кыргызстан» Фонду жана ЖАМК бул багытта өзүнүн кызматташтыгын улантууда. Жакынкы мезгилде «Сорос-Кыргызстан» Фонду ЖАМК мекемелери үчүн ЖККлардын жана дары каражаттарынын экинчи партиясын сатып алууну пландоодо.

«Сорос-Кыргызстан» Фонду августта дагы ЖАМКга 67 000 АКШ доллар суммасындагы дары каражаттарын бергендигин эскерте кетебиз.